# Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 9 "Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 9 "Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 31.01.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003412>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24738/edition/5133/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 9 "Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 31.01.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003412

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) 2023-жылдын кезектеги 1 сессиясы 2023-жылдын 31-январы № 9 Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602,2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 202 –жылдын 4-сентябрындагы №471 министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494, 2023-жылдын 21-январындагы № 26-токтомдорунун редакциясына ылайык комиссиянын курамында өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айыл өкмөтүнүнүн айыл чарба жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомунун редакциясынын ылайык ижарага берилсин

2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтүндө жер комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин.

Сулайманов Дауд -Савай айылдык кеңешинин депутатты комиссиянын төрагасы Каратаева Назира -Савай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы комиссиянын катчысы Комиссия мүчөлөрү:

1. Кыргызбаев Мурат -Савай айыл өкмөтүнүн башчысы

2. Токсонбаев Жапар - Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси

3. Дадажанов Музаффар - Савай айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай коммуналдык маселелер боюнча адиси.

4. Абдашим уулу К аныбек - Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси

5. Женмуратов Алмазбек -Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси.

6. Кадирали уулу Бекзат -Савай айылдык кеңешинин депутаты

7. Караходжаев Заирбек -Савай айылдык кеңешинин депутаты

8. Жусуев Мамасадык -Савай айылынын айыл башчысы

9. Ибайдуллаев Асатилла -Кыдырша айылынын айыл башчысы

10. Орунов Акжол - Ынтымак айылынын айыл башчысы

11.Кара-Суу райондук агрардык өнүгүү департаментинин өкүлү (макулдугу менен)

3. Тузүлгөн комиссия КР Өкмөтүнүн «КБФ нун жерлерин ижарага беруу тартиби» мыйзамындагы жер кодексинин нормативдик актылары типтүү жоболорунун негизинде иш алып барсын

4. Савай айыл өкмөтүнө караштуу мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн аукционист милдеттин аткаруу жагы жер адиси М.Дадажановго жүктөлсүн.

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н.Абдумалик уулу
