# Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65 "Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65 "Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 65
- Дата принятия: 09.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003394>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24723/edition/5119/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65 "Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө" токтому. (ред. от 09.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003394

---

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65

Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө.

Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 Жарлыгындагы жер участоктор калкка турак жай куруу үчүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү тапшырмасын аткаруу максатында Жети-Өгүз айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынынXXV –кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкеси ипотекалык үй куруу үчүн“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп,салынган турак жайлар айыл өкмөтүнө караштуу алты айылга Курорт Жети-Өгүз, Жети-Өгүз,Ак-Кочкор,Желе-Дөбө,Чырак,Кабак айылынын тургундарына жеңилдетүү шарты менен берилсин.Жер тилкесине 3 (үч)жылдын ичинде курулуш иштери башталбаса жер тилкеси кайра айыл өкмөтүнө алынсын.

2. Жогорудагы жер тилкесин берүүдө тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага Ургаипов Б
