Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы «Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө» токтому.
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө.
Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 Жарлыгындагы жер участоктор калкка турак жай куруу үчүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү тапшырмасын аткаруу максатында Жети-Өгүз айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынынXXV –кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкеси ипотекалык үй куруу үчүн“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп,салынган турак жайлар айыл өкмөтүнө караштуу алты айылга Курорт Жети-Өгүз, Жети-Өгүз,Ак-Кочкор,Желе-Дөбө,Чырак,Кабак айылынын тургундарына жеңилдетүү шарты менен берилсин.Жер тилкесине 3 (үч)жылдын ичинде курулуш иштери башталбаса жер тилкеси кайра айыл өкмөтүнө алынсын.
2. Жогорудагы жер тилкесин берүүдө тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Ургаипов Б
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.