# Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 6 “Кыргыз Республикасын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун,Савай айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 6 “Кыргыз Республикасын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун,Савай айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 31.01.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003386>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24716/edition/5111/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 6 “Кыргыз Республикасын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун,Савай айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому (ред. от 31.01.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003386

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) 2023-жылдын кезектеги 1 сессиясы 2023-жылдын 31-январы № 6 “Кыргыз Республикасын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун,Савай айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө Савай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2023-жылдын 1 сессиясынын күн тартибиндеги: “Кыргыз Республикасын Салык кодекисинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун негизинде Савай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Кыргыз Республикасын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун, негизинде Савай айыл өкмөтүндө 2023-жылдан колдонууга киргизилсин.

2. Савай айыл аймагындагы имараттар, курулмалар, жана жайлар үчүн зоналык коэффицент (КЗ) Кара-Суу шаары менен четтеш болгон бизнес чөйрөсү үчүн ыңгайлуу шарттар менен ишкердик жүргүзгөндүктөрүн эске алуу менен жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгун көбөйтүү максатында Савай айыл өкмөтүнүн Кең-Сай айылы, Султан-Абад, Кызыл-Шарк, Октябрь, Курбан-Кара айылдарындагы турак жай эмес имараттар жана жайлар үчүн мүлк салык түрүнүн тарифи (КЗ) 1,0 өлчөмгө, ал эми айыл чарба багытындагы эмес жер салык түрүнүн зоналдык жана нарктык коэффиценти (КЗ) 2,0 өлчөмгө бекитилсин.

3. Савай айыл өкмөтүнүн калган Ынтымак айылына, Савай айылына, Кыдырша айылына , Кескен-Жар-айылына турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жай үчүн мүлк салык түрүнүн зоналдык жана нарктык коэффиценти 1,0 (КЗ) өлчөмгө, калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын эсептөөдө 1,6 (КЗ) өлчөмүндө бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ жана Салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н.Абдумалик уулу
