Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык кеңешинин “Кыргыз Республикасын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун,Савай айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) 2023-жылдын кезектеги 1 сессиясы 2023-жылдын 31-январы № 6 “Кыргыз Республикасын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун,Савай айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө Савай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2023-жылдын 1 сессиясынын күн тартибиндеги: “Кыргыз Республикасын Салык кодекисинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун негизинде Савай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргыз Республикасын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-январындагы № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун, негизинде Савай айыл өкмөтүндө 2023-жылдан колдонууга киргизилсин.
2. Савай айыл аймагындагы имараттар, курулмалар, жана жайлар үчүн зоналык коэффицент (КЗ) Кара-Суу шаары менен четтеш болгон бизнес чөйрөсү үчүн ыңгайлуу шарттар менен ишкердик жүргүзгөндүктөрүн эске алуу менен жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгун көбөйтүү максатында Савай айыл өкмөтүнүн Кең-Сай айылы, Султан-Абад, Кызыл-Шарк, Октябрь, Курбан-Кара айылдарындагы турак жай эмес имараттар жана жайлар үчүн мүлк салык түрүнүн тарифи (КЗ) 1,0 өлчөмгө, ал эми айыл чарба багытындагы эмес жер салык түрүнүн зоналдык жана нарктык коэффиценти (КЗ) 2,0 өлчөмгө бекитилсин.
3. Савай айыл өкмөтүнүн калган Ынтымак айылына, Савай айылына, Кыдырша айылына , Кескен-Жар-айылына турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жай үчүн мүлк салык түрүнүн зоналдык жана нарктык коэффиценти 1,0 (КЗ) өлчөмгө, калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын эсептөөдө 1,6 (КЗ) өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ жана Салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н.Абдумалик уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 18.01.2022 · № 4