Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Ой айылдык кеңешинин “Суу Энерджи” ЖЧКна Көк-Ой айылынын түндүк тарабындагы “Семетей” подстанциядан тартып айылдын күн батыш тарабына чейин жалпысынан 182,4 га жерди Күндүн Нуру менен жабдылуучу электростанция курууга жердин багытын өзгөртүү (трансформация) кылууга уруксат берүү жөнүндө» токтому
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 21-октябры № 29
“Суу Энерджи” ЖЧКна Көк-Ой айылынын түндүк тарабындагы “Семетей” подстанциядан тартып айылдын күн батыш тарабына чейин жалпысынан 182,4 га жерди Күндүн Нуру менен жабдылуучу электростанция курууга жердин багытын өзгөртүү (трансформация) кылууга уруксат берүү жөнүндө
“Суу Энерджи” Жоопкерчилиги чектелген коомунун 2023-жылдын 11-октябрындагы чыгыш №27 катынын негизинде Көк-Ой айыл аймагына 200га жерге 120 МВт чыналуудагы Күндүн Нуру менен жабдылуучу электр станциясын курууга жердин багытын өзгөртүүгө (трансформация) кылууга макулдук берүүнү сураган кайрылуусун Көк-Ой айылдык кенешинин 9-чакырылышынын депутаттарынын 29 отурумунда карап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстар кызматынын “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын 2023-жылдын 17-ноябрындагы чыгыш №01-9/289 кортундусуна ылайык, Талас районуна караштуу Көк-Ой айыл аймагынын №597-1,3 га, №12-3,3 га, №13-2,2 га, №918-3,1 га, №919-5,4 га, №920-0,6га, №940-7,4га, №11-3,0 га, №941-3,4га, №939-8,5 га, №938-5,3га, №937-0,8 га, №921-9,2 га, №923-20,5 га, №917-0,2га, №599-0,3га, №922-0,1га, №924-1,5га, №934-1,3га, №925-0,8 га, №931-0,1 га, №932-1,3га, №956-0,5га, №929-3,5га, №948-2,3га, №949-5,7га, №972-2,6га, №950-0,8га, №978-1,4га, №951-0,8га, №952_0,4га, №974-5,8га, №975-33,6га, №982-0,8га, №981-0,1га, №984-0,2га, №985-2,2га, №1003-5,1га, №1005-4,8га, №1000-1,3га, №1001-2,3га, №998-1,6га, №999-7,3 га чөйрө сызыктарынан жалпысы 182,4 га жол алдындагы, кургак сай, жайыт жерлерге курулуш курууга трансформация кылууга уруксат берүү жагы каралды. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Указын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы №429 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 50,74-беренелерин,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарын жетекчилике алып, Көк-Ой айылдык кенеши
токтом кылат:
1. Көк-Ой айылдын тундук тарабындагы “Семетей” подстанциядан тартып айылдын кун батыш тарабына чейин “Чон-Арык” каналы менен “Бордо” каналынын ортосундагы №597-1,3 га, №12-3,3 га, №13-2,2 га, №918-3,1 га, №919-5,4 га, №920-0,6га, №940-7,4га, №11-3,0 га, №941-3,4га, №939-8,5 га, №938-5,3га, №937-0,8 га, №921-9,2 га, №923-20,5 га, №917-0,2га, №599-0,3га, №922-0,1га, №924-1,5га, №934-1,3га, №925-0,8 га, №931-0,1 га, №932-1,3га, №956-0,5га, №929-3,5га, №948-2,3га, №949-5,7га, №972-2,6га, №950-0,8га, №978-1,4га, №951-0,8га, №952_0,4га, №974-5,8га, №975-33,6га, №982-0,8га, №981-0,1га, №984-0,2га, №985-2,2га, №1003-5,1га, №1005-4,8га, №1000-1,3га, №1001-2,3га, №998-1,6га, №999-7,3 га чөйрө сызыктарынан жалпысы 182,4 га жол алдындагы, кургак сай, жайыт жерлери курулуш курууга трансформация кылууга “Суу Энерджи” Жоопкерчилиги чектелген коомуна уруксат берилсин.
Трансформация кылуу үчүн тийиштүү документтерди топтоо жагы жер адис С.Керимкуловго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Көк-Ой айылдык кенешинин төрагасы К.Джусупбековго калтырам.
Көк-Ой айылдык кенешинин төрагасы
К.Джусупбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 28 августа 2023 года № 429 "О развитии возобновляемых источников энергии"Постановление · 28.08.2023 · № 429
- Указ Президента Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года УП № 62 "О вопросах передачи земель, предназначенных для использования возобновляемых источников энергии"Указ · 23.03.2023 · № 62