Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык кеңешинин «Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) 2023-жылдын кезектеги 1 сессиясы 2023-жылдын 31-январы № 1
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы 2023-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча бидирүүсүн талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын депутаттарынын 2023-жылын кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 41748,6 миң сом, анын ичинен 5040,0 миң сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде бюджети бекитилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнө жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 44, анын ичинен айыл башчылар 8, ВУС инспектору 4, тейлөө кызматкерлери 4, башкы адис 10, жетектөөчү адис-6 жана адис-4. Маданият кызматкерлери 6 штат анын ичинен 3 маданият кызматкери, тейлөө кызматкери 3 штат. Савай айылдык кенешинин кызматкерлери 2 штат бирдиги өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8 - июлундагы № 266 сандуу мыйзамы менен штаттык расписание негизинде бекитилсин. Кызматчыларга Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун негизинде акы төлөнүп берилсин
4. Савай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2023-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, өз беренелери жана тармактары боюнча бөлүштүрүлүшүн жана корголгон беренелерди биринчилерден болуп каржылоо жагы белгиленсин. (эмгек акы, соц фонд, льгота, тамак аш, электр энергия, комуналдык кызматтар).
5. Бала бакча тармагына ата-энелер тарабынан түшүүчү каражаттын тартыштыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттен ар бир бала үчүн биркүнүнө 16 сомдон акча каражаты каралсын.
6. Айыл аймагындагы мекеме ишканалар, атайын эсеп каражаттарына түшкөн акчаны аймактык казына бөлүмү аркылуу жүргүзүлсүн, өз алдынча кассадан чыгымдалышына жол берилбесин.
7. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондуна 500,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
8. Савай айыл өкмөтүнүн 2024- жылга 46427,0 миң сом, 2025-жылга 48108,7 миң сом өлчөмүндө түзүлгөн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин.
9. Жайыт комитетинин бир жылдык бюджети 160,0 миң сом эсебинде бекитилсин анын чыгашасынын 106,6 миң сому жэ 3/2 бөлүгү келишимдин негизинде чыгымдалсын.
10. Башкаруу аппаратынын эмгек акысына 70111 бөлүмүнү 2111 беренесинен 13276,8 миң сом, 2121 беренесинен соц фондго 1635,9 миң сом, 2211 беренесинен сапар чыгымдарына 60,0 миң сом, 2212 беренесинен байланыш кызматына 74,0 миң сом, кызматтык авто унасына күйүүчү май жана тетиктерин алмаштырууга 2214 беренесинен 313,9 миң сом, башка кызмат көрсөтүүлөргө 2215 беренесинен 418,1 миң сом, оңдоп түзөө иштерине 2221 беренесинен 300,0 миң сом, чарбалык буюмдарды алууга 2222 беренесинен 250,0 миң сом, көмүр сатып алууга 2224 беренесинен 50,0 миң сом, компьютер сатып алууга 3112 беренесинен 500,0 миң сом .
11. Айылдык кеңеш 70111 бөлүмүнөн 2111 беренесинен 936,7 миң сом, 2121 беренесинен соц фондго 117,2 миң сом.
12. Айыл чарба 70421 бөлүмүнөн 2215 беренесинен жер астынан суу чыккан жерлерге КДС (дренаж) казууга, суу арыктарын каздырууга, таштандыларды тазалап алууга 540,0 миң сом, Ынтымак айылынын арыктарын каздырууга 300,0 миң сом, оңдоп түзөө иштерине 2221 беренесинен 200,0 миң сом.
13. Турак жай 70629 бөлүмүнөн Савай айыл өкмөтүнө караштуу имараттарды дезинфекциялоого 2215 беренесинен 120,0 миң сом, архитектура АПУ, ИПУ иштерине 480,0 миң сом, мыйзамсыз курулуштарды трансформациялоого документтерге 408,9 миң сом, проект жасатууга айылдарга 500,0 миң сом, жолбун иттерди атууга 210,0 миң сом, технадзор, сметчик, оценщик акыларына, 500,0 миң сом, социалдык маданий иш чараларды уюштурууга ( мал каттоого 210,0 жана баннерлерди жасоого 200,0 миң сом) жалпы 410,0 миң сом, Таширов ГСВ оңдоо иштери 57,8 миң сом, Савай “Тазалык” ишканасынын субсидии болуп берүү 400,0 миң сом, 3111 беренесинен Савай айыл өкмөтүндүгү чек ара Заставасынын жолдорун жана спорт залын оңдоого 300,0 миң сом, Савай айылына тратуар курууга 600,0 миң сом, Кескен-Жар айылына Газ түтүктөрүн тартууга 600,0 миң сом, Курбан-Кара айылына электр чубалгыларын тартууга (столба 16 даана зым) 875,0 сом, 3 даана столба сатып алуу электро маамычаларын оңдоо 125,0 миң сом.
14. Савай айыл өкмөтүнүн 70821 бөлүмүнө эмгек акы үчүн 2111 беренесинен 480.0 миң сом, 2121 беренесинен соц фондго 82,8 миң сом, 3112 беренесинен 45,0 миң сом.
15. Савай айыл өкмөтүнүн 70823 бөлүмүнө эмгек акы үчүн 2111 беренесинен 442,2 миң сом, 2121 беренесинен соц фондго 76,2 миң сом, сапар чыгымдарына 2211 беренесинен 20.0 миң сом, 2215 бөлүмүнөн тил майрамын өткөрүүгө 10,0 миң сом, 5-март ак калпак күнүнө 10,0 миң сом, 3112 беренесинен компьютердик жабдууларды сатып алууга 55,0 миң сом.
16. 70825 бөлүмүнөн ар түрдүү маданий иш чараларга 505,0 миң сом. 2215 беренесинен 23-февраль күнүнө 20,0 миң сом, 8-март аялдар эл аралык майрамына 60.0 миң сом, Нооруз майрамына 50,0 миң сом, 31-август Эгемендик күнүнө 50,0 миң сом, айыл чарба күнүнө карата 25,0 миң сом, айыл аймактарда ар түрдүү спорт иш чараларга футбол, волейболго 50,0 миң сом, ар кандай спорттук иш чара жана конкурстар үчүн 100,0 миң сом, жаңы жыл майрамын өткөрүүгө 50,0 миң сом, зордук зомбулук иш чарасын өткөрүүгө 100,0 миң сом.
17. Савай айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү 70911 беренесинен 2218 бөлүмүнө 1680,0 миң сом, 2222 беренесинен чарбалык буюмдарды сатып алууга 240,0 миң сом ( “Арзуу” балдар бакчасына 5000 миң сом айына хоз товар алууга, “Ай-Бала” балдар бакчасына 5000 миң сом айына хоз товар алууга “Батма-Эне” балдар бакчасына 5000 миң сом айына хоз товар алууга, “Балаты” балдар бакчасына 5000 миң сом айына хоз товар алууга), 2224 беренесинен таш көмүр сатып алууга 240,0 миң сом (“Арзуу” б.б 12 т БК*5000 сомдон, “Ай-Бала” б.б 12 т БК*5000 сомдон, “Батма-Эне” б.б 12 т БК*5000 сомдон,Балаты 12 т БК*5000 сомдон), интернет акысын төлөө үчүн 2212 беренесинен 72,0 миң сом, 3112- беренесинен 1600,0 миң сом (Савай айыл өкөмтүндөгү бала-бакчаларга интерактивный доска, гилем, палас жана шейшеп матрастарын алмаштырууга).
18. Савай айыл өкмөтүнүн орто билим берүү 70921 бөлүмүнөн 2215 бөлүмүнө 257,5 миң сом, ( 80,0 миң сом ар түрдүү иш сапарларга, 80 ,0 миң сом олимпиада өткөрүүгө, 25-май акыркы коңгуроого 60,0 миң сом, 37,5 миң сом смета түзүүгө, Савай айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин ажатканасын тазалоо үчүн 15*2500=37,5 миң сом. мектептердин имаратын учурдагы оңдоо, краскалоо иштерин жүргүзүү 350,0 миң сом, 2222 беренесинен учурдагы чарбалык буюмдарды 7 мектепке сатып алууга 350,0 миң сом, таш көмүр сатып алууга 2224 беренесинен 2282,5 миң сом, 225,0 миң сом Ж.Турусбеков орто мектебине 90 т БСШ 2500 сомдон, 500,0 миң сом С.Бахапова орто мектебине 100 т БК 5000 сомдон, 225,0 миң сом, Кыдырша орто мектебине 90 т БСШ 2500 сомдон. 300,0 миң сом С.Аристанбеков орто мектебине 60 т БК 5000 сомдон. 500,0 миң сом Пионердин 50 жылдыгы орто мектебине 100 т БК 5000 сомдон, 532,5 миң сом Кен-Сай орто мектебине 106,5 т БК 5000 сомдон, башка курулуштарды сатып алуу жана куруу 3111-бөлүмүнөн 1000,0 миң сом ( 500,0 миң сом Кыдырша мектебине ашкана куруу, 500,0 миң сом С.Аристанбеков мектебинин ашкана курууга), 3112 беренесинен 50,0 миңсом Ж.Турусбеков орто мектебине суу алууга.
19. Социалдык коргоо тармагына 71092 разделинен 2721 бөлүмүнөн 1695,0 миң сом (Баткен когаланында каза болгон Э.Ураимовго материалдык жардам 100,0 сом, 15-февраль Ооган жоокерлер күнүнө 44,0 миң сом, 26-Апрель Чернобль апаатына эскерүү күнүнө 25,0 миң , 9-май Уулу Ата мекендик согуштун Жеңиш күнүнө 20,0 миң, 21- Май Энелер күнүнө 60,0 миң сом, 1-июнь балдар күнүнө 50,0 миң сом, 1-октябрь карыялар күнүнө 100,0 миң сом, 1-декабрь СПИД ке каршы курошуу күнүнүн иш чарасына 10,0 миң, 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө 100,0 миң, Баткен согушунун ардагерлернине 20,0 миң, 1-топтогу 50 ДМЧА га 1000 сомдон даары дармегине 50,0 миң сом, 2-3 топтогу 300ДМЧА га 700 сомдон даары дармегине 210,0 миң, 1-топтогу майыптарга жана ДЦП балдарга комүр алууга 85 адамга 3000 сомдон 255,0 миң сом, аз камсыз үй-бүлөөлөргө жардамга 350,0 миң сом, тоголок жана жарым жетим балдарга жана жаны жылга мат жардамга 50,0 миң сом, тоголок жетим балдарга счетуна 12 балага 5000 миң сомдон 60,0 миң сом, ВИЧ менен ооруган 53 адамга 2000 миң сомдон 106,0 миң сом, кургак учук менен ооруган 85 адамга 1000 сомдон 85,0 миң сом.
20. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
21. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н.Абдумалик уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.