# Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 28-чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 2 "Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 28-чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 2 "Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 22.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003347>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24693/edition/5078/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 28-чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 2 "Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003347

---

Жети-Огуз районунун Жети-Огуз айылдык кенеши ТОКТОМ

Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 28-чакырылышынын уюштуруу сессиясы 2024-жылдын 22-февралындагы № 2

Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып жергиликтүү кенеш токтом кылат :

1. “Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде үч айылдык кенештеринин (Жети-Өгүз, Ырдык, Липенка) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси каттоодон өткөрүлсүн.

2. жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.

жергиликтүү толук фирмалык аталышы:

¾ Мамлекеттик тилде: “Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси; ¾ Расмий тилде: Учреждение “Местный кенеш ДЖети-Огузского айыльного аймака”;

Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:

¾ Мамлекеттик тилде: “ Жети-Өгүз жергиликтүү кеңеши” м-и; ¾ Расмий тилде: У-е “ Джети-Огузский Местный кенеш ”;

2.2. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы, Ш.Мамырбаев көчөсү, үй №11.

3.Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин жобосу жаңы редакциясы бекитилсин.

4.Жети-Өгүз,Липенка,Ырдык айыл өкмөттөрүнүн өткөрүп берүү актылары бекитилсин.

5. “Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысы Э.Ишембаевага милдеттендирилсин.

Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.

Төрага Б.Ургаипов
