# Лейлек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 14/03 "Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Лейлек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 14/03 "Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14/03
- Дата принятия: 27.09.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.09.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003257>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24611/edition/4987/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.09.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Лейлек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 14/03 "Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.09.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003257

---

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 27-сентябры № 14/03 Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1-т токтомуна ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз салынган турак-жайларды мыйзамдаштырууда тизмеге кирбей калган турак-жайларды кошумча тизмеге киргизүү тууралуу Лейлек айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетекчөөчү адисинин милдетин аткаруучу Бектемиров Мусурманкулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин ХІV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1-т токтомуна ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз салынган турак-жайларды мыйзамдаштыруу максатында тизмеге кирбей калган турак-жайлар №1 тиркемедеги тизмеге ылайык мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзамсыз салынганы такталган турак-жайлардын ар бирине 0,10 га дан жер бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, коммуналдык, курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т. Т. Мукарамов.
