Лейлек айылдык кеңешинин «Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 27-сентябры № 14/03 Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1-т токтомуна ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз салынган турак-жайларды мыйзамдаштырууда тизмеге кирбей калган турак-жайларды кошумча тизмеге киргизүү тууралуу Лейлек айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетекчөөчү адисинин милдетин аткаруучу Бектемиров Мусурманкулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин ХІV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1-т токтомуна ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз салынган турак-жайларды мыйзамдаштыруу максатында тизмеге кирбей калган турак-жайлар №1 тиркемедеги тизмеге ылайык мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамсыз салынганы такталган турак-жайлардын ар бирине 0,10 га дан жер бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, коммуналдык, курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т. Т. Мукарамов.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.