Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сакалды айылдык кеӊешинин «Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2023-жылдын 21-сентябры № 5
Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын ”Бюджеттик кодексинин” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-бөлүмүнүн 71-беренесине,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6- декабрындагы ПЖ № 547 “Айыл чарба ишин жүргүзүзгөн субьекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде айыл чарба жерлерине компенсация катарында республикалык бюджеттен келген 1747600(бир миллион жети жүз кырк жети мин алты жуз) сом акча каражатынын ичинен төмөнкүдөй каражат сарпталсын:
-Ноокен райондук соту тарабынан берилген 2023-жылдын 6-февралындагы № ГД-1021/22 Д7 сандуу аткаруу документинин негизинде, карызкор Таймонку Суу пайдалануучулар ассоциациясынан өндүрүп алуучу Кыргыз Республикасынын финансы –кредиттик фондунун пайдасына 900,0 (тогуз жүз миң) сом карызды которуу үчүн;
2.Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөдү киргизүү айыл өкмөттүн бөлүм башчысы А.Турганбаевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөттүн башчысы А.Осмоновго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Тѳрага
А.Нишанбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.