Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Оргочор айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Оргочор айыл округунун 2023-жылга карата бюджетин 2024-2025 жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Оргочор айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы 2023-жылдын 18-январы № 54 Оргочор айыл округунун 2023-жылга карата бюджетин 2024-2025 жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө 2023-жылга Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттин бекитүү, 2024-2025 жылдарга долбоорун жана 2022-жылдагы бюжеттин аткарылышы жөнүндө Оргочор айыл Кенешинин кезектеги сессиясы айыл кеңештин бюджет-финансы жана экономика боюнча туруктуу коммиссиясынын т\рагасы С.Асаналиевдин билдирүүсүн, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Казиеванын кошумча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Оргочор айыл кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы бекитилсин.
2. 2023 - жылга карата Оргочор айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 33 486,3 миң сом көлөмүндө жана чыгымдар боюнча 33 486,3 миң сом көлөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2024-2025 жылдарга долбоор №2 тиркемеге ылайык бекитилсин
4. Салыктардын контингенти жана чегерүүлөрдүн көлөмү № 3 тиркемеге ылайык каралсын жана кирешелер биринчи кезекте эмгек акыга, соцфондго чегерүүгө, коммуналдык чыгымдарга жана жеңилдиктерди төлөөгө жумшалсын. Айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүүчү булак болгон салыктарды өз убагында жыйнап бюджетке түшүрүү жагы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адис Усубакунов Т. милдеттендирилсин.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Жергиликтүү бюджеттен мекемелерге каржылануучу эмгек акы, соц.фондусунун чектелген көлөм № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бала бакчалардын атайын каражатына ата-энелерден келип түшүүчүү акча каражаты 1 602,0 миң сом балдардын тамак аш чыгымдарына бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖОБЭММАнын 2016-жылдын 12- октябрдагы буйругунун негизинде айылдык кеңештин төрагасына бир жолку компенцация 10 сессияга 6500 сом, соц фондко 1121,25 чегерилип төлөнсүн.
9. Жаштар иштер боюнча адистин эмгек акысы адистин денгээлинде 1(бир)-штаттык бирдиги 7040 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин. Ар кандай иш чараларга, баардык спорт оюндарына – 450,0 миң сом транспорттук чыгымдарына 50,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
10. Өзгөчө кырдаалдарга- 600,0 миң сом акча каражаты, ушул акча каражаттын ичинен күйүүчү май алууга бекитилсин. Каралган акча каражаты пайдаланбай калса башка беренелерге жумшалсын.
11. Жергиликтүү бюджетке 2023-жылы мергенчилерден келип түшкөн акча каражаты жана жайыт акыларынын 70% пайызы жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.
12. 2023-жылга Оргочор айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануучу иш чаралар:
13.1 Оргочор айылындагы ГПЗ карызын төлөөгө жана баланска алууга 5000,0 миң сом бөлүнсүн.
13.2. Оргочор айылына жана Боз-Бешик айылдарынын курулуш иштерине ПСД, жайыл китеп алууга 353,0 миң сом, мүчөлүк акы төлөөгө Союз МСУга ар бир жаран үчүн 2 сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин жана башка кагаз иштерин жасатууга баардыгы 1500,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
13.4. “ЖАЛ” жаны конушуна салынынуучу ишканага өздүк салым 30% 1500,0 миң сом.
12.5. Оргочор айыл аймагы боюнча ЖКХ бөлүмүнө жасалуучу иштерине 3000,0 миң акча каражаты бекитилсин
12.6. Стим Грант өздүк салымга Оргочор айылынын маданият үйүн капиталдык ремонтон өткөрүүгө 500,0 миң сом,
12.7. М.Тынаев билим берүү орто мектебине курулуш иштерине жана жабдыктарды сатып алууга 486,0 миң сом акча
12.8. Керемет бала бакчасына жаны жабдыктарды алууга 150,0 миң сом.
12.9. . Боз-Бешик айылынын мектебинин короосуна навес жасатууга 650,0 миң сом.
12.7. Боз-Бешик айылынын бала бакчасына курулуш материалдарын сатып алууга 214,0 миң сом каралсын.
12.10. Жыл ичинде аймак боюнча майрамдар жана балдарды колдоого, СОЦ жаржамдарга 610,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
13. Кызматтык автоунаага АИ-92 күйүүчү май алууга ай сайын 300 литр жана автотетиктерди сатып алууга 80 миң сом, Кургак-Айрык айылындагы балдарды мектепке ташууга 100 миң сом, айыл өкмөтүнүн карамагындагы участкалык милиция кызматкерлеринин кызматтык автоунааларына, өзүнүн жеке автоунааларын кызмат учурунда пайдаланган айыл өкмөтүнүн жер адисине, салык инспекторлоруна кызматтык функционалдык милдеттерин өз денгээлде аткарууга көмөк көрсөтүү максатында, ВУС кызматкерине, 3 айылдын айыл башчыларына айыл ичиндеги ички жумуштарга, ишенбиликке күйүүчү майга баардыгы 200,0 миң сом бөлүнүп берилсин. 2023- жылга күйүүчү май сатып алуу чыгымдарын 2023-жылга каралган жергиликтүү бюжетинин чыгымдар бөлүгүнүн 70629 ЖКХ бөлүмү аркылуу жүргүзүү жагы айыл өкмотүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
14. 2023-жылдын бюджетинен мүмкүнчүлүгү чектелген өтө муктаж жарандарга отун, көмүрдөн жардам берүүгө 100,0 миң сом жана СОЦ жардамдарга 200,0 миң акча каражаты бөлүнүп берилсин.
15. Кургак-Айрык айылындагы жыл ичинде жасалуучу иштерине 300,0 миң сом бөлүнүп берилсин,
16. Оргочор айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу бөлүмүнө жыл ичинде айылдын инфраструктурасын ондоо иштерине 130,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
17. Оргочор айыл аймагы боюнча 7040 сом өлчөмүндө убактылуу келишимдин негизинде 3 (үч) штаттык бирдик жана ай сайын соц фонд чегерүүлөрү дагы эске алынсын 2023-жылдын 1-январынан баштап бекитилип берилсин.
18. 2022- жылдын карыздары 2023 – жылдын бюджетине каралган чыгымдардын эсебинен төлөө жүргүзсүн жана биринчи кезекте эмгек акы, соц.фонд, тамак-аш, коммуналдык чыгымдарга каралсын.
19. Айыл өкмөтунун башчысынын резервдик фонду 318,0 миң сом өлчөмү бекитилсин.
20. Жергиликтүү бюджет 2023-жылдын 1-январь айына накталай жүгүртүүлүчү акча каражаты 150,0 миң сом өлчөмүндө жүргүзүлсүн.
21. 2023–жыл ичинде түзүлгөн кырдаалга жараша акча каражатын статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына
жүктөлсүн. Бекитилген бюджеттин бөлүнгөн тизмеси толугу менен тиркелсин.
22. Каралган жергиликтүү бюджетти бекитип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
23. Бул токтомдун массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы жана юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Мокешовага тапшырылсын.
24. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөсү экономикалык реформа жана бюджет боюнча айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссиясына жана Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
25. Токтом 2023-жылдын 18-январынан тартып күчүнө кирсин.
Оргочор айылдык кеңешинин төрагасы:
У.Дыйканбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 536 "О передаче объектов в муниципальную собственность"Постановление · 10.10.2023 · № 536