# Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылынын 1-февралындагы №5 "“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун” негизинде Каргалык айыл өкмөтүндөгү арендада турган жерлерди тактап жана мөөнөтү бүткөн жерлер боюнча маалымат берүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылынын 1-февралындагы №5 "“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун” негизинде Каргалык айыл өкмөтүндөгү арендада турган жерлерди тактап жана мөөнөтү бүткөн жерлер боюнча маалымат берүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 01.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003094>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24503/edition/4688/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылынын 1-февралындагы №5 "“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун” негизинде Каргалык айыл өкмөтүндөгү арендада турган жерлерди тактап жана мөөнөтү бүткөн жерлер боюнча маалымат берүү жөнүндө” токтому (ред. от 01.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003094

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын

2024-жыл 1-февралы №5

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун” негизинде Каргалык айыл өкмөтүндөгү арендада турган жерлерди тактап жана мөөнөтү бүткөн жерлер боюнча маалымат берүү жөнүндө” Каргалык айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча баш адиси У.Матиевдин жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун негизинде иш жүргүзүп жаткандыгы боюнча маалыматын жана Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун” негизинде Каргалык айыл өкмөтүндөгү арендада турган жерлер жана мөөнөтү бүткөн жерлер боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча башкы адиси У.Матиевдин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.

2. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик фондго тиешелүү 1107 гектар жери бар экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндөгү” 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомуна ылайык Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун 50 пайыз жери райондук департаменттин башкаруусуна берилгендиги белгиленсин.

4. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомуна ылайык бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосунун” 3 - бөлүмүнүн 21 жана 23-пункттары эске алынбай, жер комиссиясына өзгөртүү, толуктоолорду киргизбей, жер комиссиясын түзбөй келгендиги жана ижарага жер берүүдө жер комиссиясы жок берилип келгендиги белгиленсин.

5. Жогорудагы 4-пунктта айтылган кемчиликтерди жоюу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жарбашовго жүктөлсүн.

6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жарбашовго милдеттендирилсин.

8. Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын

Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы:

Т.И. Токтоболотов
