# Кегети айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-январындагы № 15 "Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кегети айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-январындагы № 15 "Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 11.01.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.01.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003077>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24490/edition/4656/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.01.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кегети айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-январындагы № 15 "Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому (ред. от 11.01.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003077

---

КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кегети айылдык кенештин XXVII чакырылган кезектеги XXXXVIII отуруму

2021-жылдын 11-январындагы № 15

Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Кегети айылдык кенештин төрагасы А.С.Абдрахманов Советское айылынын тургундарынан түшкөн кайрылуу менен тааныштырды. Ал кайрылууда Кегети асыл тукум совхозунда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген агроном Алдажанов Жыргал атанын ысымын Восточная көчөсүнө берүүнү суранышкан. Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 мыйзамынын 7-беренесине ылайык депутаттар угуп, талкуулап Кегети айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Советское айылындагы Восточная көчөсүнө “Жыргал” атанын ысымы ыйгарылсын.

2. Советское айылындагы Восточная көчөсү “Жыргал” көчөсү болуп аталгандыгына байланыштуу КРӨ караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынан, Чүй РЭСинен тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жана турак жайларды каттоо убагында үйдүн катар номерлери өзгөргөн учурда такталарды жаӊыртып алмаштыруу, көчөнүн тазалыгын, жарыктарын жана таш төгүп иретке келтирүү жагы балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

3. Көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Кегети айылдык Кенешинин

төрагасы

А.Абдрахманов
