Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кегети айылдык кеңешинин «Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө» токтому
КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кегети айылдык кенештин XXVII чакырылган кезектеги XXXXVIII отуруму
2021-жылдын 11-январындагы № 15
Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кегети айылдык кенештин төрагасы А.С.Абдрахманов Советское айылынын тургундарынан түшкөн кайрылуу менен тааныштырды. Ал кайрылууда Кегети асыл тукум совхозунда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген агроном Алдажанов Жыргал атанын ысымын Восточная көчөсүнө берүүнү суранышкан. Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 мыйзамынын 7-беренесине ылайык депутаттар угуп, талкуулап Кегети айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советское айылындагы Восточная көчөсүнө “Жыргал” атанын ысымы ыйгарылсын.
2. Советское айылындагы Восточная көчөсү “Жыргал” көчөсү болуп аталгандыгына байланыштуу КРӨ караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынан, Чүй РЭСинен тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жана турак жайларды каттоо убагында үйдүн катар номерлери өзгөргөн учурда такталарды жаӊыртып алмаштыруу, көчөнүн тазалыгын, жарыктарын жана таш төгүп иретке келтирүү жагы балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Кегети айылдык Кенешинин
төрагасы
А.Абдрахманов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67