# Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 5-мартындагы №2 "“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 5-мартындагы №2 "“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 05.03.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.03.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002961>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24391/edition/4518/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.03.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 5-мартындагы №2 "“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө" токтому (ред. от 05.03.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002961

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын

2024-жыл 5-марты №2

“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” ЖОБОну жетекчиликке алып Достук айыл өкмөтүнө караштуу № 108 кесиптик окуу жайына ат берүү жөнүндө Достук айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 33-сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап токтом кылат:

1.“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак-дарактар эгилген жерге Мамасадыков Дүйшалынын ысымы ыйгарылсын.

2.Мындан ары Мамасадыков Дүйшалы атындагы көп жылдык бак деп аталсын.

3. Бул токтом Достук айыл өкмөтүнүн Dostukao.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет..

Айылдык кеңештин төрагасы

Н.Мадалиев
