Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чаткал айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө.» токтому
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
2024-жыл 22-январы №7
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 17.01.2024-жылдагы №01-23/176 сандуу катынын талаптарын аткаруу боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн сунушун карап талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХV- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 16.01.2024-жылдагы №13-б буйругу менен бекитилген административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун жол картасынын жана кадамдык планынын тиешелүү пунктары аткарууга алынсын жана аткарылган жумуштар боюнча маалымат жума сайын райондук мамлекеттик администрациясына тапшырып туруу жагы милдеттендирилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңшинин төрагасынын орун басары У. Сейталиевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы:
К.С.Оморов.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.