Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Алга айылдык кенешинин «Аксакалдар санжырасын куруу үчүн нарктуулук боюнча комерчиский жерден 0,10 га жер берүү жөнүндө» токтому
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-февралы №110
Аксакалдар санжырасын куруу үчүн нарктуулук боюнча комерчиский жерден 0,10 га жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 157 улуттук нарк жөнүндөгү жарлыгына негиз Аксакалдар санжырасын куруу үчүн нарктуулук боюнча Пүлгөн –Бүргөндү авто жолунун боюндагы комерчиский жерден 0,10 га жер аянтын берүү маселесин угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 157 улуттук нарк жөнүндөгү жарлыгына негиз Аксакалдар санжырасын куруу үчүн Пүлгөн –Бүргөндү авто жолунун боюнан 0,10 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталсын.
Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү архитектура-курулуш, транспорт жана экологи, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрайым
Р.Арынова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 20 мая 2022 года УП № 157 "О национальной традиции"Указ · 20.05.2022 · № 157