# Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдагы 20-февралындагы. №2 “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдагы 20-февралындагы. №2 “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 20.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002579>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24155/edition/3957/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдагы 20-февралындагы. №2 “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 20.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002579

---

Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

ТОКТОМ

Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 20-февралындагы №2

«Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө”, 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыктарын , Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:

1.Теплоключенка, Кереге-Таш, Энилчек айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси болуп түзүлсүн.

2. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси;

- расмий тилде: Учреждение “Местный кенеш айылного аймака Кыдыр Аке”

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Кыдыр Аке жергиликтүү кеңеши” м-и

- расмий тилде: У-е “Местный кенеш Кыдыр Аке ”

3. Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин иши жөнүндө Жобосу бекитилсин.

4. Өткөрүп берүү актысы бекитилсин.

5. Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү №154 аныкталсын.

6. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

7. Жергиликтүү кеңеш юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан мамлекеттик каттоодон өтсүн.

8. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Төрага А.И.Алмабеков

Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №2 токтому менен бекитилди

Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин иши жөнүндө Жобо

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул жобо пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ишин регламенттейт.

1.1.“Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси– тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

1.2.Жергиликтүү кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Граждандык кодексине, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

1.3 Жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.

1.4. Жергиликтүү кеңештин толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси;

- расмий тилде: Учреждение “Местный кенеш айылного аймака Кыдыр Аке”

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Кыдыр Аке жергиликтүү кеңеши” м-и

- расмий тилде: У-е “Местный кенеш Кыдыр Аке”

1.5. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү №154.

1.6. Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.

1.7. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, бланктарга ээ болууга укуктуу.

## 2-глава. Жергиликтүү кеңештин жана депутаттардын статусу

4. Айыл аймактарын бириктирүүдө бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын кеңеши бириккен айыл аймагын түзгөн жергиликтүү кеңештин укук улантуучусу болуп калат.

5. Айыл аймагына административдик-аймактык бирдик болуп саналбаган айрым калктуу конуштарды кошууда жергиликтүү кеңештин статусу өзгөрбөйт, жергиликтүү кеңештин төрагасы кайра шайланбайт.

8. Жергиликтүү кеңештин депутаттары мурда тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айылдык аймак бириккен айыл аймагынын курамында өз ишин улантат. Мында алардын ыйгарым укуктары алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга же мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин сакталат.

9. Жергиликтүү кеңеш юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

## 3-глава. Жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттери

10. “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинде жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттерине пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү менен байланышкан төмөнкү маселелер кирет:

1) жергиликтүү кеңештин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү (өзгөртүүлөрдү киргизүү);

2) жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү/кайра уюштуруу жана алардын ишин уюштуруу;

3) жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруунун (кварталдык башчылар) коомдоштуктардын (жамааттардын) ишин уюштуруу;

4) жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдарын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар уюму ж.б.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо.

## 4-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясы

11. Жергиликтүү кеңештин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

Жергиликтүү кеңештин сессиялары кварталына бир жолудан кем эмес ачык өткөрүлөт. Жаңы түзүлгөн айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоодон тышкары жыйналышты чакыруунун, өткөрүүнүн жана чечим кабыл алуунун, анын ичинде жыйналышты ачуу үчүн кворумдун жана пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде чечим кабыл алуунун тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

13. Бириккен айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы бириккен айыл аймагынын курамына кирген айыл аймактарынын кеңештеринин төрагалары тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) менен макулдашуу боюнча же акимдин сунушунун негизинде чакырылат.

14. Жергиликтүү кеңештин уюштуруу сессиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болот.

15. Жергиликтүү кеңештин сессиясын депутаттардын улуусу ачат жана жергиликтүү кеңештин төрагасы шайланганга чейин ага төрагалык кылат.

Жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине жергиликтүү кеңештин төрагасын, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо маселелери жана жергиликтүү кеңештин ишинин башка уюштуруу маселелери киргизилиши мүмкүн.

16. Бириккен айыл аймагынын кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы күчүнө киргенге чейин шайланган, бириккен айыл аймагын түзгөн жергиликтүү кеңештин төрагаларынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.

17. Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо бир тур менен өткөрүлөт.

Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет. Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей сандагы добуштарды алса, жергиликтүү кеңештин төрагасы чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат. Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей сандагы добуштарды алса, жергиликтүү кеңештин төрагасы чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.

18. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин төрагасынын бир орун басары, ал эми калкынын саны 20 001 адамдан көп болсо – эки орун басары болот.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.

19. Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелет.

Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелет. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей сандагы добуштарды алса, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат. Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелет. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей сандагы добуштарды алса, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.

## 5-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасы

20. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 5-6-бөлүктөрүнө ылайык калкынын саны 20 001 адамдан кем эмес жергиликтүү кеңештин төрагасы акы төлөө негизинде иштейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

Калкынын саны 20 001 адамдан аз жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок жергиликтүү кеңештин сессиясы иштеген мезгилде калкынын саны 20 001 адамдан ашык жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген бир күндүк эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.

21. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:

1) жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат;

2) сессияларда төрагалык кылат;

3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коёт;

4) депутаттардын шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;

5) мыйзамдарда белгиленген тартипте калкынын саны 6001ден ашкан жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

6) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында өз ара аракеттенет;

7) жергиликтүү кеңеш тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.

## 6-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары

22. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда анын милдетин аткарат.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасынын милдетин аткарууда калкынын саны 20 001 адамдан ашык жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген бир күндүк эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.

23. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.

## 7-глава. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы

24. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калкынын саны 6 000 адамга чейинки жергиликтүү кеңештин ишин айыл өкмөтүнүн; калкынын саны 6 001ден ашкан айыл аймагында – жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.

25. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы:

1) жергиликтүү кеңештин жана жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын сессияларынын материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;

2) жергиликтүү кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планынын долбоорун иштеп чыгат, бекитилгенден кийин алардын аткарылышын контролдойт;

3) депутаттарга жергиликтүү кеңештин жыйналыштарын чакыруу жөнүндө кабарлайт;

4) жергиликтүү кеңештин сессияларынын, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылат;

5) туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын документтерин кошкондо, жергиликтүү кеңештин документтерин сактоону, системалаштырууну жана талаптагыдай абалын камсыз кылууну уюштурат;

6) убактылуу депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтөт;

7) жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт, жарандардан келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар менен ишти уюштурат;

8) жергиликтүү кеңештин кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо боюнча иш жүргүзөт;

9) жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

## 8-глава. Корутунду жобо

26. Бириккен айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пилоттук режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактарын бириктирүүнүн натыйжасында кыскартылган жергиликтүү кеңештердин жооптуу катчыларын ишке орноштуруу боюнча толук чараларды көрөт.

Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.И.Алмабеков
