# Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдын 20-февралындагы. №1 "Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдын 20-февралындагы. №1 "Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 20.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002577>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24154/edition/3956/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдын 20-февралындагы. №1 "Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому (ред. от 20.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002577

---

Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

ТОКТОМ

Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 20-февралындагы №1

Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө”, 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө”, 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыктарын жетекчиликке алуу менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы бириккен Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө №1 протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп Алмабеков Айбек Исабекович шайлансын.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

Уюштуруу сессиясынын төрайымы К.У.Байтолоева

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы бириккен Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

№1 ПРОТОКОЛ

2024-жылдын 20-февралы Теплоключенка айылы

Төрагалык кылуучу: Байтолоева К.Н. Сессиянын катчысы: Амантурова Ж.А.

Катышкандар:

Теплоключенка, Кереге Таш жана Энилчек бириккен Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жалпы депутаттарынын саны - 52, анын ичинен катышкандары – 40 депутат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаныгн алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобого ылайык, төрагалык кылуучу Байтолоева Күлүмкан Урсопоевна бириккен Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды. Бириккен Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүүкеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 3 талапкер – Ак-Суу районундагы Теплоключенка, Кереге Таш жана Энилчек айыл аймагын түзгѳн айылдык кеңештердин тѳрагалары ат салышкан.

Алмабеков Айбек Исабекович – Теплоключенка айылдык кеңештин тѳрагасы; Талантбеков Кайрат Талантбекович – Кереге Таш айылдык кеңештин тѳрагасы; Исмаилова Айнура Усуповна – Энилчек айылдык кеңештин тѳрайымы.

Депутаттардын арасынан эсептөө комиссиясы түзүлдү. Алардын курамына Теплоключенка айылдык кеңешинен депутат А.Рысмендеева, Кереге-Таш айылдык кеңешинен депутат А.Джумабаев, Эңилчек айылдык кеңешинен Ж.Турусбеков киргизилди. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды:

1. Бириккен Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын жалпы саны -52 (элүү эки) түзөт.

2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны – 40 (кырк)

3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны (алфавиттик тартипте):

1. Алмабеков Айбек Исабекович - 21 (жыйырма бир ) добуш.

2. Талантбеков Кайрат Талантбекович- 19 (он тогуз) добуш.

3. Исмаилова Айнура Усуповна - 0 (\_\_\_\_\_\_) добуш.

Ак-Суу районундагы Теплоключенка, Кереге Таш жана Энилчек бириккен Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын кѳпчүлүк добушун алган талапкер Алмабеков Айбек Исабекович бириккен Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылды.

Төрагалык кылуучу Байтолоева К.Н. Сессиянын катчысы Амантурова Ж.А.
