Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин «ЖПБ/ЖКнын ички тартип эрежелерин, купканы иштетүүнүн бааларын жана 2023- жылга иш-планын бекитүү жөнүндө» токтому
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №16 сессиясы 2023-жылдын 7-августу №01-3/ 4 ЖПБ/ЖКнын ички тартип эрежелерин, купканы иштетүүнүн бааларын жана 2023- жылга иш-планын бекитүү жөнүндө Көк-Сай айыл аймактык Жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кочербаевдин маалыматын угуп, талкуулап Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. ЖПБ/ЖКнин 2023-жылга карата түзүлгөн иш-планы(1-тиркеме),ички тартип эрежелери (2-тиркеме) бекитилсин.
2. Купканы иштетүү жана баалары (3-тиркеме) иштелип чыккан калькуляцияга ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү келишими бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кочербаевге милдеттендирилсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чомотоевге тапшырылсын.
Төрага
Т. Салыбеков.
Тиркеме 1
БЕКИТИЛДИ Талас областынын Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймактык кенешинин 2023-жылдын 7-августундагы 01-3/4 токтому менен кезектүү 16-сессиясында бекитилди. Көк-Сай айылдык акмактык кенешинин төрагасы Салыбеков Талгат Качкынбаевич __________________________________
Көк-Сай А/А ЖПБ ЖК 2023-жылга иш планы
№
Аткарылуучу иштер
Кимдер аткарат
Мөөнөтү
1
Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү
Жайыт комитетинин төрагасы
май, июнь
2
2023-жылга карата Көк-Сай айыл аймагынын ЖК мүчөлөрү менен бирдикте малдын башын санап тактоо
Жайыт комитетинин мүчөлөрү жана ЖК
май, июнь
3
Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү
Жайыт комитети
май, июнь
4
Жайыттарды пайдалануучулардын тизмесин тактоо
Жайыт комитети
май
5
Жайыт пайдалануучуларга жайыт мыйзамдарын түшүндүрүү
Жайыт комитетинин мүчөлөрү жана ЖК
май, июнь
6
Көк-Сай айыл аймагына тиешелүү жайыттарды Кара-Буура районунун жаратылыш паркы менен бирдикте чек араларды тактоо
Айыл өкмөт, жайыт комитети
май, июнь
7
Жайытка баруучу маршруттарды, жолдорду оңдоо
Жайыт комитети
2023- жыл ичинде
8
Жайыт билеттерин берүү
Жайыт комитети
май, июнь
9
Убагында ветеринардык дарылоолорду өткөрүү
Вет адис
жыл бою
10
Малдарды жайлоого көчүрүү
Кок-Сай айыл аймагынын жайыт комитети
май, июнь
11
Жайыт акыларды жыйноо
Жайыт комитети
2023-жыл ичинде
12
Жайыттарга малдардын жайланышын жана жайыттардын туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү
Айыл өкмөт, жайыт комитети.
июнь, июль
13
Жайыттарды туура эмес пайдалангандарга өз убагында актыларды түзүп, тиешелүү чараларды көрүү.
Айыл өкмөт, жайыт комитети.
июнь, июль, август
14
Жайыттардын инфраструктурасын (капташтарды) оңдоо Кожо-Булак, Ашуу-Жол, Койлон.
Жайыт комитети
июнь, июль, август
15
Жайыттардын инфраструктурасын Күрүч-Көл көпүрөсүн оңдоо
Жайыт комитети (АЧТ) менен
жыл ичи
16
Майда жандыктарды ылаңдуу, ылаңдуу эместигине (купка) дары сууга чөмүлтүү
Жайыт комитет Вет адис
август, сентябрь
17
«Беккари» чуңкурун (яма) куруу
Айыл өкмөт, жайыт комитети, Вет адис
жыл ичи
18
2023-жыл жыйынтыгын чыгаруу
Жайыт комитетинин төрагасы
жыл аягында
ЖПБ жайыт комитетинин төрагасы
Кочербаев Ж.
Тиркеме2
БЕКИТИЛДИ Талас областынын Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймактык кенешинин 2023-жылдын 7-августундагы 01-3/4 токтому менен кезектүү 16-сессиясында бекитилди. Көк-Сай айылдык акмактык кенешинин төрагасы Салыбеков Талгат Качкынбаевич __________________________________
ЖПБ/ЖКнын ички тартип эрежелери
Мал жаюу эрежелери
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1. Мал жаюунун алдында Жайыт комитетинен жайыт билетин алууга.
2. Жергиликтүү ветеринардан бардык эмдөөлөр жана вакцинациялар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкат алууга.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда макулдашылган жана жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин гана Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайытка жаюуга (мал жаюу планы жана графиги бул пландын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат).
4. Жайыт мезгили 1- апрелде башталат.
5. Айдоо аянттарына жакын жерде жайгашкан бардык жайыт пайдалануучулар 20-апрелден баштап жазгы жайыттарга которулуусу талап кылынат.
6. Жайыт пайдалануучуларды жазгы (орто) жайыттарга которуу 1-майдан 10-майга чейин жүргүзүлүшү шарт.
7. Жайыт пайдалануучуларды жайкы жайыттарга которуу 25-майдан 30-майга чейин жүргүзүлүшү керек.
8. Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык, айыл ичинде 1 жумушчу ат, саан уйлар, 3-5 койду калтырууга уруксат берилет, калган мал жайкы жайыттарга чыгарылышы керек.
9. А/А, ЖКнын адистери, жеке малчы/чабандар менен биргеликте 20-апрелден баштап саан малды жаюу уюштурулат.
10. Ортоңку күзгү жайыттарга 1-сентябрдан баштап кайтып келсе болот, ал эми мал жайылуучу участокторго (айдоо жерлер) түшүм жыйналгандан кийин, 1-октябрдан баштап көчсө болот.
11. Күзгү жайыт мезгили 15-ноябрда аяктайт, климаттын шарттарына жараша 30- ноябрга чейин узартылышы мүмкүн.
12. Башка учурларда бардык жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлөт, жана жайыт пайдалануу акысы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык төлөнөт.
МАЛ ЖАЮУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009 – жылдын 19 – июнундагы номер 386 токтому менен бекитилген “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонун, ЖПБ ЖК мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилген өлчөмдөгү жайыт пайдалануу акысын төлөөдөн баш тартылган учурда, жайыт комитети карызды жана айыпты жана жайыт пайдалануучунун укуксуз иш-аракетинин натыйжасында келип чыккан башка чыгымдарды өндүрүп алуу үчүн келишимдерди сотко берүүгө укугу бар.
2. Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө мөөнөтү өтүп кеткен учурда жайыт билетинде көрсөтүлгөн төлөмдүн жалпы көлөмүнөн ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,5% өлчөмүндөгү туум алынат.
3. Эгерде айылда 1 аттан, саан уйлардан, 3-5 койдон ашык мал калтырылса, төмөнкү чаралар колдонулат: Жалпы чогулуштун чечими жана аксакалдар сотунун чечими боюнча малдын ар бир башына 500 сом өлчөмүндө айып салынат.
- Эгерде мал, айдоо аянттарына жайылып кетсе, алгачкы жолу оозеки эскертүү берилет, андан кийин:
- Бодо мал жана жылкыга (мал башына) биринчи жолу - 250 сом, экинчи жолу - 500 сом өлчөмүндө айып салынат.
- Майда малга (мал башына) биринчи жолу 50 сом, экинчи жолу 100 сом өлчөмүндө айып салынат, эгерде үчүнчү ирет кайталанган учурда, келтирилген зыян эсептелип, иш аксакалдар сотуна жөнөтүлөт.
4. Жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга, бодо малдын жана жылкынын ар бир башына – 250 сом, майда малдын ар бир башына – 50 сом өлчөмүндө айып салынат жана бир сутканын ичинде кайра кайтып баруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирме берилет.
5. Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
ЖПБ жайыт комитетинин төрагасы
Кочербаев Ж.
Тиркеме 3
БЕКИТИЛДИ Талас областынын Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймактык кенешинин 2023-жылдын 7-августундагы 01-3/4 токтому менен кезектүү 16-сессиясында бекитилди. Көк-Сай айылдык акмактык кенешинин төрагасы Салыбеков Талгат Качкынбаевич __________________________________
Калькуляция орточо 1 литр дарыга даярдалган 2400 литр суу кошулмасына 706 баш койго чыгарылган эсеби.
№
Мазмуну
Олчоо бирдиги
Саны
Баасы сом
Сумма
Орточо бир баш койго акы сом
1
Неоцидол 60%
литр
1
1500
1500
2,12
2
Сууну 18-20 градуска чейин жылытуу үчүн көмүр отуну.
кг
160
8
1280
1,81
3
Эмгек акысы.
адам
3
1000
3000
4,24
4
Унаа чыгымы жана ар кандай чыгымдар. (орточо)
сом
-
700
700
0,99
5
Аренда акы.
сом
-
2000
2000
2,83
Баары
7800
11,99
6
Жүнү кыркылбаган койго.
сом
1
2
-
13,99
Жогорудагы коэффиценттер союз учурундагы справочниктерден жана практикалык фактыларга таянып чыгарылды.
Даярдаган Көк-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы
Ж. Кочербаев.
Бухгалтери
Д. Кобоева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу