Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кеңеш айылдык кеңешинин «“Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылындагы Коргон-Жар шаар чалдыбары жөнүндө” токтому
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын
2024-жылдын 30-январынын №5
“Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылындагы Коргон-Жар шаар чалдыбары жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 27.01.2024-жылдагы № 01-17/97 сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын тарихый-маданий мурас объектерин эсепке алуу, коргоо, рестоврациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтомунуна ылайык республикалык маанидеги эстеликтердин тизмесине киргизилген Коткор айылындагы Коргон-Жар шаар чалдыбарынын жер аянтын тарыхый-маданий багытында Базар-Коргон райондук маданият бөлүмүнүн балансасына мөөнөтсүз убакытка ажыратуу максатынды Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылында жайгашкан Коргон-Жар шаар чалдыбары Базар-Коргон райондук маданият бөлүмүнүн балансасына мөөнөтсүз убакытка ажыратуу (бөлүп берүү) жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жер адисине милдеттендирилсин
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.
Төрага
Ш.М. Канполотов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.