Акназаров айылдык аймактык кеңешинин «Акназаров айыл аймагындагы Кара-Койун участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 25-январы № 6
Акназаров айыл аймагындагы Кара-Койун участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 “Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартиби тууралуу” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 22-беренесинин 2.1-пунктун жетекчиликке алып Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 25-январындагы кезексиз 18-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагындагы Кара-Койун участкасындагы үңкүрдү таштак жайыт багытындагы жерден 1 (бир) гектар жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштурууга макулдук берилсин.
2. Чакан коруктун юридикалык документтерин даярдап бүтүрүп ишке ашыруу жагы демилгечи топтун төрагасы К.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Асылбековдорго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго тапшырылсын.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
К.Жорготаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.