# Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-январынын №3 "“Кеңеш айыл аймагынын жер ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-январынын №3 "“Кеңеш айыл аймагынын жер ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 30.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002418>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24057/edition/3784/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-январынын №3 "“Кеңеш айыл аймагынын жер ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 30.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002418

---

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын

2024-жылдын 30-январынын №3

“Кеңеш айыл аймагынын жер ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кеңеш айыл өкмөтүнүн 30.01.2024-жылдагы № 01-17/102 сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү күчөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 жарлыгына, “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 жана “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 жарлыктарына ылайык Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

Кеңеш айыл аймагынын жер ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын колдонуу эрежелери жактырылсын.

Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жер адисине милдеттендирилсин

Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.

Төрага

Ш.М. Канполотов
