# Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 40-сессиясынын 2024-жылдын 13-февралы № 47 "Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндө жайгашкан “Моло” жана “Бекболот төр” участкасындагы жайыт жеринен, суунун нугунан алтын тоо кенин казып алууга ЖЧК “Кыргыз Ойл” компаниясына макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 40-сессиясынын 2024-жылдын 13-февралы № 47 "Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндө жайгашкан “Моло” жана “Бекболот төр” участкасындагы жайыт жеринен, суунун нугунан алтын тоо кенин казып алууга ЖЧК “Кыргыз Ойл” компаниясына макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 47
- Дата принятия: 13.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002162>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23882/edition/3507/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 40-сессиясынын 2024-жылдын 13-февралы № 47 "Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндө жайгашкан “Моло” жана “Бекболот төр” участкасындагы жайыт жеринен, суунун нугунан алтын тоо кенин казып алууга ЖЧК “Кыргыз Ойл” компаниясына макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 13.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002162

---

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 40-сессиясынын

2024-жылдын 13-февралы № 47 Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндө жайгашкан “Моло” жана “Бекболот төр” участкасындагы жайыт жеринен, суунун нугунан алтын тоо кенин казып алууга ЖЧК “Кыргыз Ойл” компаниясына макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер казынасы жөнүндө 2014-жылдын 24-майындагы №77, 2017-жылдын 28-февралындагы №36, 2017-жылдын 19-апрелиндеги №62 мыйзамдарынын редакциясына ылайык 9-беренеде көрсөтүлгөн жергиликтүү мамлекеттик админстрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын негиз кылып Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :

1. “Кыргыз Ойл” ЖЧК компаниясына алтын тоо кендерин казууга Сырт өрөөнүндөгү Моло участкасынан 257 га, Бекболот төр участкасынан 99 га жер тилкесин 3 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

2. “Кыргыз Ойл” ЖЧКсы менен Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн. Келишимде сессияда сунуш кылынган талаптар каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айыл чарбасы, жер жана жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлк укуктарды каттоо, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

Төрага

Алымжан уулу Исламбек
