Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 40-сессиясынын «Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндө жайгашкан “Моло” жана “Бекболот төр” участкасындагы жайыт жеринен, суунун нугунан алтын тоо кенин казып алууга ЖЧК “Кыргыз Ойл” компаниясына макулдук берүү жөнүндө» токтому
АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 40-сессиясынын
2024-жылдын 13-февралы № 47 Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндө жайгашкан “Моло” жана “Бекболот төр” участкасындагы жайыт жеринен, суунун нугунан алтын тоо кенин казып алууга ЖЧК “Кыргыз Ойл” компаниясына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер казынасы жөнүндө 2014-жылдын 24-майындагы №77, 2017-жылдын 28-февралындагы №36, 2017-жылдын 19-апрелиндеги №62 мыйзамдарынын редакциясына ылайык 9-беренеде көрсөтүлгөн жергиликтүү мамлекеттик админстрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын негиз кылып Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :
1. “Кыргыз Ойл” ЖЧК компаниясына алтын тоо кендерин казууга Сырт өрөөнүндөгү Моло участкасынан 257 га, Бекболот төр участкасынан 99 га жер тилкесин 3 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. “Кыргыз Ойл” ЖЧКсы менен Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн. Келишимде сессияда сунуш кылынган талаптар каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айыл чарбасы, жер жана жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлк укуктарды каттоо, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага
Алымжан уулу Исламбек
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.