# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылынын 2-февралындагы №18-5 “Жер тилкелерин ижарага берүү ” жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылынын 2-февралындагы №18-5 “Жер тилкелерин ижарага берүү ” жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18-5
- Дата принятия: 02.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002084>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23821/edition/3422/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылынын 2-февралындагы №18-5 “Жер тилкелерин ижарага берүү ” жөнүндө" токтому (ред. от 02.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002084

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын

2024-жылдын 2-февралы №18-5

“Жер тилкелерин ижарага берүү ” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүңдө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы №244 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө Жобосуна ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-6/81 31-январь 2024-жылдагы кайрылуу катынын негизинде айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында кирпич чыгаруучу заводдордун, таш майдалоочу заводдордун жана асфальт-бетон чыгаруучу заводдордун иш аракетине байланыштуу топурак карьерлеринен топурак казып алуу 1 га жер аянтынан ижара акысы 1 жылына 170 000 (Бир жүз жетимиш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Мыйзам чегинде аянттарын тактоо, ижарага берүү жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

3. Токтомду ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

Т. Джороев
