Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өрүктү айылдык аймагынын Өрүктү айылдык кеңешинин «Кең-Кол айылындагы тарыхый күмбөздүн баалуулугу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуш берүү жөнүндө» токтому
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы 2023-жылдын 1-декабры № 5 Кең-Кол айылындагы тарыхый күмбөздүн баалуулугу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуш берүү жөнүндө Өрүктү айылдык аймагынын Кең-Кол айылындагы Кокон хандыгынын жоюлуу мезгилине туш келген жана хандыктын тарыхына байланыштуу болгон тарыхый күмбөздүн баалуулугу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуш берүү боюнча Өрүктү айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагынын Кең-Кол айылындагы Кокон хандыгынын жоюлуу мезгилине туш келген жана хандыктын тарыхына байланыштуу тарыхый күмбөздүн баалуулугу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылуулар жөнөтүлсүн.
2. Аталган тарыхый күмбөздүн баалуулугу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуш берүүдөгү иш кагаздары менен иш алып баруу Н. Абдраимовго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы
К. С. Усенбаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.