# Раззаков шаардык кеңешинин 2024-жылдын 9-февралындагы №5 "Раззаков шаарынын мэринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету" токтому.

- Полное наименование: Раззаков шаардык кеңешинин 2024-жылдын 9-февралындагы №5 "Раззаков шаарынын мэринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 09.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001978>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23764/edition/3288/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Раззаков шаардык кеңешинин 2024-жылдын 9-февралындагы №5 "Раззаков шаарынын мэринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету" токтому. (ред. от 09.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001978

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги ХХХI сессиясы

2024-жылдын 9-февралы № 5

Раззаков шаарынын мэринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету.

Раззаков шаарынын мэринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Раззаков шаарынын мэри Ч.А.Рысовдун 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.

Кетирилген кемчиликтерди четтетүү менен ушул жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен маалымат берүү жагы Раззаков шаарынын мэри Ч.А.Рысовго жүктөлсүн.

Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззков шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага

Б.Б.Айтемиров

Раззаков шаардык Кеңешинин VI

чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын 2024-жылдын 9-февралындагы №5 токтомуна тиркеме

Раззаков шаарынын мэринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу

ОТЧЕТУ

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” № 123-Мыйзамынын 27-беренесинде белгиленген Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн шаар мэриясынын карамагына кирген 25 жериликтүү маанидеги маселелерди чечүү, ошону менен бирге Раззаков шаарынын 2023-жылга карата Өнүгүү программасында бекитилген иш чараларды аткаруу багытында жыл ичинде бир топ жумуштар аткарылды.

Киреше тармагы боюнча:

2023-жылдын январь айында 2022-жыл ичинде аткарылган жумуштардын жана жыйналган салыктардын жыйынтыгы чыгарылып, 2023-жылга карата Раззаков шаарынын мэриясынын кирешелер бөлүмүнүн жылдык иш планы түзүлдү жана жылдык иш-планга ылайык иш аракеттер жүргүзүлдү. Жалпы кирешелердин жыйналуусу боюнча 2023-жыл үчүн 105 485 400 сом план белгиленген, аткарылганы 117 611 500 сом болуп, пайыз менен алганда 111,5% түздү. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 22 020 600 сомго ашыкча жыйналды. Раззаков шаарынын мэриясы боюнча 2023-жыл үчүн жергиликтүү салык боюнча жылдык план 8 331 900 сомдон түзүлгөн болуп, бул көрсөткүч 9 659 800 сомго аткарылды, пайыз менен алганда 115,9% түздү. Жергиликтүү салык боюнча 2022-жылга салыштырмалуу 883 500 сомго ашыкча жыйналды. Киреше салыгы боюнча 2023-жыл үчүн 71 466 000 сом план белгиленип, бул көрсөткүч 74 680 400 сом болуп, пайыз менен алганда 104,5 % түздү. Ал эми киреше салыгы 2022-жылга салыштырмалуу 13 836 500 сомго ашыкча жыйналды. Атайын салыктар боюнча 2023-жылга карата 4 235 800 сом салык жыйналды, бул салыктын түрү боюнча план 7 385 000 сом болуп, ал эми аткарылганы пайыз менен алганда 57,4 % түздү. 2022-жылга салыштырмалуу 7 288 000 сом аз жыйналды. Себеби 2023-жылдын башынан бирдиктүү салык республикалык бюджеттин эсебине түшүп жатат. Жер салыктары тамарка, жер үлүш жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгы үчүн 2023-жыл үчүн 4 190 000 сом план белгиленип, 4 544 500 сомго аткарылды. Пайыз менен алганда 108,5 % түздү. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 107 600 сомго ашыкча жыйналды. Мүлк салыктары боюнча 2023-жыл үчүн 4 141 900 сом план белгиленип, аткарылганы 5 115 500 сомду түздү. Пайыз менен алганда 123,5 % түздү. 2022-жылга салыштырмалуу мүлк салыктары 776 200 сомго ашыкча жыйналган. Ѳткѳн 2023-жыл ичинде салык төлөбөгөн жарандардарга эскертүүлөр берилип, салыктар жыйналды. Лейлек райондук салык кызматы менен биргеликте рейддер уюуштурулду жана алар менен биргеликте иш алып барылгандыктан бул тармакта жакшы көрсөткүчтөр болду. Жер жерлерде ар бир АӨӨБКнин төрагалары менен тыгыз иш алынып барылды жана элдерге кошумча ККМ боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түзүлгөн графиктин негизинде салыктар жыйналды.

Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча:

Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 1-токтому менен бекитилген Раззаков шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы негизги 3 тармак: - социалдык, экономикалык жана экология тармактары боюнча жалпы 26 иш-чараны өзүнө камтыган. Өнүгүү планды 6 айдын жана 9 айдын жыйынтыгы менен кайрадан сессияда каралып, аткарылбай калуучу иш-чаралар пландан чыгарылган жана алардын ордуна приоритеттүү иш-чаралар киргизилип, жалпы иш-чарлардын саны 28 болгон. 2023-жылдын жыйынтыгы менен өнүгүү планда каралган төмөнкү иш-чаралар аткарылды:

1. Раззаков шаарынын борборунан сыртта, бардык шарты менен архитектуралык жана санитардык талаптарга жооп берген мал базар жана мал союучу цех куруу шаардын негизги приоритеттүү маселелеринен болуп эсептелинет. Бул багытта алдын ала божомолдор боюнча жалпы суммасы 42 400 000 сомду түзгөн долбоордун сунушу Лейлек районунун өнүктүрүү фондуна жана Баткен облусунун өзгөчө макамынын негизинде өнүктүрүү үчүн бөлүнүүчү каражатка сунушталган. Обьекттер жайгашуучу жердин багытын которуу боюнча Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 6-токтому менен Раззаков-Баткен автожолунун № 733-контурдагы жайыт жердин эсебиндеги 1,0 га. жер жана 2023-жылдын 27-январындагы № 46- токтому менен кошумча 5,0 га. жер тилкеси, жалпы 6,0 га. жерге муниципалдык мал жана автоунаа базарын куруу үчүн бөлүнгөн. Азыркы учурда трансформация иштери толук бүткөн. Ошону менен бирге, мал базарын куруу боюнча долбоордук-сметалык документтер “ТМАЯ” ЖЧКсы тарабынан даярдалды. ДСД үчүн 550 000 сом бөлүнгөн. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 654 016 сом өздүк салым бөлүнүп, бүгүнкү күндө келишимде каралган курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

2. Энергетика тармагында шаардын Туракул Ата, Лесная, Госспецхоз, Ак-Тилек, Жаштык, Жаш-Тилек участкаларында жана Чимген айылынын Жаңы-Кыштоо участкасына КТПларды орнотуу жана чубалгыларын тартуу иш-чарасы каралып, жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 7 311 723 сом сарпталды. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толук бүткөрүлдү жана Лейлек РЭТ ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди.

3. Эски түнкү жарыктарды калыбына келтирүү боюнча керектелүүчү материалдарын саны такталды жана мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлүп, жалпы суммасы 888 000 сомдук материалдар подрядчы уюм тарабынан алынып келинди. “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлдү.

4. Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы №5-токтомуна ылайык Республикалык бюджеттин дем берүүчү гранттар беренесинин эсебинен каржылоого 2 долбоор сунушталган. Алар:

-“Чимген айылынын Т.Жакып жана Р.Темирбаев көчөлөрүнө асфальт төшөө” долбоору, жалпы суммасы 10 220 268 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 645 329 сом жана республикалык бюджеттен 2 574 939 сом акча каражаты каралган. -“Барчын” балдар бакчасынын жылытуу системасын жана канализациясын капиталдык оңдоо” долбоору, жалпы суммасы 3 484 337 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 753 749 сом жана республикалык бюджеттен 2 730 588 сом акча каражаты каралган. Эки долбоор боюнча курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

5. Шаардын ар бир участкасында жана шаарга караштуу айылдардын көчөлөрүнө шагыл төшөө иштери муниципалдык унаалардын жардамы менен аткарылууда. Анын үчүн күйүүчү майларды сатып алуулар аркылуу 449 517 сом акча каражаты ажыратылган. Бүгүнкү күнгө чейин Самат, Чимген, Тайлан, Ак-Булак, Голбо айылдарында жана шаардын Бозогүл, Жаңы-Конуш-2, Б.Юлдашев, Восточная көчөлөрүнө шагыл төшөө иштери бүткөрүлдү.

6. Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын жакшыртуу жана аларга шарт түзүү максатында шаар боюнча 7 жерге жаңы аялдамалар курулду. Шаардын бюджетинен каржыланган СССРдин 60 жылдыгы, А.Азизов, Ж.Өсөров, Манас-Ата, Додосьян көчөлөрүнө, Самат жана Тайлан айылдарында курулган аялдамалардын жалпы суммасы 1 300 061 сомду түздү. Ошону менен бирге Кошмуратов көчөсүндөгү аялдамалар толугу менен оңдолуп, 183 167 сом жумшалды. Аялдамаларды куруу жана оңдоо үчүн бардыгы болуп 1 483 228 сом жумшалды

7. Э.Эгембердиев көчөсүндө жана Голбо айылында Раззаков-Ай-Көл автоунаа жолунун боюна тротуарларды куруу иш-чарасы боюнча 1 579 030 сомдук иштер аткарылып, жалпы узундугу 850 метрден ашуун тротуарлар жасалды.

8. Ак-Булак айылындагы таза суунун баш тарабына 2022-жылы тургузулган хлорлоочу имараттын калган жумуштары бүткөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен 589 695 сом акча каражаты жумшалды. Ошону менен бирге шаардын аймагындагы 3 скважинага 396 000 сомго 3 даана жогорку кубаттулуктагы насостор алынып берилди.

9. Чек арадагы айыл статусуна ээ болгон Ак-Босого айылындагы административдик имараттардын айланасы тосулуп, жергиликтүү бюджеттен 251 508 сом жумшалды.

10. Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун Кара-Таш айылындагы эстелигинин айланасында оңдоп-түзөө, кээ бир материалдарын жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттен 409 663 сом акча каражаты жумшалды.

11. Ички жолдорду жамоо иштери аткарылып, 443 чарчы метр жол оңдолду. Анын үчүн жергиликтүү бюджеттен 967 422 сом жумшалды. Андан сырткары 755 000 сомго жол чийимдери чийилип, 80 даана жол белгилерин орнотуу иштери аткарылды.

12. Шаар мэриясынын административдик аймагына заманбап даараткана курулуп, материалдары үчүн 218 339 сом жумшалды.

13. Самат - Ак-Босого, Чимген - Беш-Бала таза суу линияларын куруу жана Чимген - Самат таза суу линиясын оңдоо боюнча 535 000 сомго сатып алуулар өткөрүлүп, ДСД жасалды.

14. Жашоочуларды турак жай менен камсыздоо боюнча шаар боюнча 810,94 га. ашык жер тилкесинин багытын которуу иш-чараларынын алкагында шаардын бюджетинин эсебинен 4 110 000 сом каражаты бөлүнүп, топографиялык сүрөткө тартуу иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда башкы пландар жасалууда.

15. Шаардын №1-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына жана Голбо айылына балдар ойноочу аянттарды куруу иш-чарасы боюнча сатып алуулар өткөрүлүп, курулуш иштери жүрүп жатат. Анын үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 241 407 сом каражат ажыратылды.

16. Самат атындагы эс алуу багына 449 858 сомго жеңил типтеги күзөткана жана кампа курулду. Ошону менен бирге шаардын аймагындагы эстеликтер 129 960 сомго “реставрациядан” өткөрүлдү.

17. Шаардын аймагында тазалык маселелерин жөнгө салуу максатында шаардын борбордук көчөлөрүнө 10 даана атайын инсталляциялар, ошону менен бирге гүл өстүрүчү вазондор орнотулду. Ал эми таштандыларды сорттоо тажрыйбасын жолго коюу, ошону менен бирге айлана-чөйрөнү пластиктин бардык түрү жана полиэтилен пакеттердин калдыктарынан тазалоо максатында шаардын аймагында жалпы 30 даана ачык түрдөгү (сетчатый) бөтөлкө көрүнүшүндөгү таштанды таштоочу үкөктөр орнотулду. Бул иш-чараларга жергиликтүү бюджеттен 534 000 сом жумшалды.

18. Чимген айылында сай аркылуу мектепке өтүүчү жерге жана “Исфана-2” сайга жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди. Эки көпүрөнүн курулушуна 2 869 034 сом акча каражаты ажыратылган. Ал эми долбоордук-сметалык документтер үчүн 170 000 сом төлөнүп берилген.

Андан сырткары 340 000 сом акча каражаты бөлүнүп, шаардын Корук, Пионер көчөлөрүндө жана Тайлан, Ак-Булак айылдарында жалпы 4 даана жөө адамдар өтүүчү көпүрө куруу үчүн долбоордук сметалык документтер жасалууда. Курулуш иштери 2024-жылга пландалууда.

19. Жаңы-Конуш участкасына сел кетүүчү каналга көпүрө (трубчатый переезд) курулуп, 292 340 сомдук курулуш материалдары шаар мэриясынын эсебинен алынып берилди. Ал эми куруу иштери демөөрчүлөр тарабынан аткарылды.

20. Самат айылындагы клуб 79 165 сомго жеңил оңдоп түздөөдөн өткөрүлдү жана элдин салымы менен машыгуу залы уюштурулду.

21. Шаардын аймагына 15 жерге таштанды топтолуучу жайларды куруу үчүн 2 851 152 сом ажыратылып, бүгүнкү күндө курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге 15 жерге ар бирине 4 даанадан, жалпы 60 даана таштанды үкөктөрүн орнотуу жагы каралган.

22. Токтогул атындагы орто мектебине кошумча класстарды куруу жана Беш-Бала башталгыч мектебине ашкана куруу боюнча ДСД жасоого 455 000 сом, Самат атындагы эс алуу багынын аймагына оюн-зоок аянтын куруу жана Ж.Өсөров көчөсүнө тротуар куруу иш-чаралары боюнча ДСД жасатууга 433 000 сом бөлүндү.

23. “Коопсуз шаар” программасынын алкагында жана РИИБнун сунушун эске алып, шаардын аймагына 3 жерге видео байкоо системасы орнотулууда. Анын үчүн 275 030 сом бөлүнүп берилди.

24. Борбордук аянтка орнотулган Кыргыз Республикасынын желегинин асты жагына таман таш басылып, бул жумушту аткаруу үчүн 83 900 сом каражат жумшалды.

25. Чимген айылынын Бозогүл участкасындагы 40 кожолукка жана кызматттык үйлөргө таза суу жеткирүү үчүн жалпы 869 900 сом жумшалып, курулуш иштери “Исфана- Таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды.

26. Шаар мэриясынын административдик имаратын оңдоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлдү. Оңдоо иштеринин жалпы сумасы 3 345 022 сомду түзөт.

27. Чөлгөн булагын селден коргоо максатында Райондук өнүктүрүү фондунун кошо каржылоосунун негизинде сел кетүүчү канал курулуп, жалпы суммасы 955 699 сомду түздү. Анын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 457 200 сом бөлүнүп берилген.

28. Жыл ичинде аткарылган курулуш жана оңдоо жумуштарына сметалык документтерин даярдоо, аларды техникалык жактан көзөмөлдөө, муниципалдык менчиктеги жерлерди баалоо, археологиялык изилдөө жана башка ушул сыяктуу кызматтарга 1 136 300 сом төлөнүп берилди.

Самат жана Ак-Босого айылдарынын башкы пландарын жасатуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 891 481 сом бөлүнүп берилди. Андан сырткары Жер ресурстары кызматынын Сүлүктү-Лейлек филиалы жана Лейлек районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыктары тарабынан документтерди даярдоо, корутундуларды алуу ж.б кызматтары үчүн жыл ичинде эки ишканага 2 573 261 сом акча каражаты төлөнүп берилген. Бардыгы болуп шаар мэриясынын өнүгүү планын жана андан башка иш-чараларды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 53 024 229 сом каражат жумшалды.

Баткен облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен аткарылган жумуштар боюнча:

Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 500 000 000 сом акча каражатынын эсебинен каржылануучу “Раззаков шаарына муниципалдык мал базар жана унаа базар куруу” долбоору боюнча негизги курулуш иштерине (навестерди куруу жана астына асфальт төшөө, административдик жана чарбалык имараттарды куруу, таза суу түтүктөрүн тартуу, жарыктандыруу, базарга кирүү жана чыгуу жолдорун жасоо үчүн) 2023-жылдын 16-ноябрында жарыяланган мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен "ИЛЕК Строй групп" ЖЧК 14 009 040 сомдук жана жеке ишкер Джулматов Ы.Н. 1 546 735 сомдук курулуш иштерине жеңүүчү болуп аныкталды. Бул сатып алууларда каралган курулуш иштеринин жалпы суммасы 15 555 775 сомду түзүүдө. 2023-жылга республикалык бюджеттин эсебинен 15 000 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилгендиктен, калган 555 775 сом акча каражаты 2024-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып берилет. Азыркы учурда жеңүүчү тараптар менен келишимдерди түзүү процесси жүрүүдө. Өз ара макулдашууларга ылайык жумуштарды аткаруу графиги түзүлүп, келишимде каралган курулуш иштерин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 1-2 этабын бүткөрүү жагы пландалууда.

Лейлек районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен аткарылган жумуштар боюнча:

Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан Лейлек районун өнүктүрүү фондуна сунушталган “Раззаков шаарына муниципалдык мал базар жана унаа базар куруу” долбоору боюнча долбоордук сметалык документтери даярдалып, 1-этаптагы курулуш иштерине (жерди тегиздеп пландаштыруу, тосмо куруу, аба чубалгыларын тартуу, скважина казуу үчүн) 2023-жылдын 29-сентябрында мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлгөн. Мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгында 10 432 732 сомго "ИЛЕК Строй групп" ЖЧК менен курулуш иштерине келишим түзүлдү. Бул каражаттын ичинен 6 778 716 сому Лейлек районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен жана 3 654 016 сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жагы каралган. Бүгүнкү күндө келишимде каралган курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Лейлек районун өнүктүрүү фондуна сунушталган “Чөлгөн таза суу булагын селден коргоо үчүн темир-бетон канал куруу” долбоору боюнча 2023-жылдын 17-июлунда “Барал” ЖЧКсы менен жалпы суммасы 955 699 сомду түзгөн эки тараптуу келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата жумуштар толук аткарылды жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен долбоорго өздүк салым 457 200 сом акча каражаты “подрядчы” уюмга которулуп берилди. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким К.Б.Осмонбековдун тапшырмасына ылайык Самат Садыков атындагы эс алуу багынын аймагына оюн-зоок аянтын курууга Лейлек районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 000 000 сом, Раззаков шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 000 000 сом, ошондой эле “Кыялымда Кыргызстан” жаштар форумунун алкагында өткөрүлгөн “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жыйынтыгы менен Раззаков шаарынын мэриясына ыйгарылган 2 000 000 сом болуп, жалпы 6 000 000 сом акча каражаты бөлүнүп, мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында жалпы суммасы 5 856 070 сомго “АкТамБилдинг” ЖЧКсы менен 2023-жылдын 28-декабрында №66 эки тараптуу келишим түзүлгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын 1-июнуна толугу менен бүткөрүү жагы пландалууда.

Ачылган ишканалар жана түзүлгөн жумуш орду боюнча:

2023-жылдын ичинде шаардын аймагында 17 жеке кичи жана ири ишканалар ачылып, 58 жаран жумуш орду менен камсыз болгон. Алсак: “Асман” мейманканасы, “Айданек” жеке балдар бакчасы, “Айжан” дарыканасы, “Монор” дүкөнү, “Гранд-люкс” кийим-кече сатуучу дүкөн, З.Исманкулованын тигүү цехи, “Ас-Салам” азык-түлүк дүкөнү, 2 автожуугуч, “Тандыр” чайканасы ж.б.

Донорлордун эсебинен тартылган инвестиция боюнча:

БУУ ДАТП уюмунун колдоосу менен 2023-жылы ишке ашырылган долбоорлор: -“Исфана-2” сайга 45 метрге 90 даана габион торчолорун орнотуу үчүн 185 850 сом бөлүнүп, габион торчолору орнотулду; -Ак-Босого айылында 420 метрге диаметри 100 мм. болгон полиэтилен сугат суу трубаларын орнотууга 146 025 сом бөлүнүп, жумуштар аягына чыгарылды. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү калктын салымы (150 000 с.), шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинен (300 000 с.) кошумча акча каражаттары бөлүнүп, жалпы суммасы 596 025 сомду түздү; “Төө Жайлоо” СПАсынын “Лейлек -70” жана Р-1 каналдарынын 210 метрин реконструкциялоо, 8 жерге труба орнотууга “Кэмп Ала-Тоо” фондунан 351 496 сом, БУУ ДАТП уюмунан 199 125 сом бөлүнүп, жалпы 550 621 сомдук жумуш аткарылды. Раззаков шаарынын Жаштык, Эгембердиев жана Ж.Исаев көчөлөрүнө жаңы типтүү аялдама жана И.Раззаков, Касым-Ата көчөлөрүнө жеңил типтеги таштанды таштоочу жайлары шаардын жеке ишкерлери тарабынан 600 000 сомдук курулуштар бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Дем берүүчү грант боюнча:

2023-жылы дем берүүчү гранттар беренесинин эсебинен каржылоого 2 долбоор сунушталган. Алар: -“Чимген айылынын Т.Жакып жана Р.Темирбаев көчөлөрүнө асфальт төшөө” долбоору, жалпы суммасы 10 220 268 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 645 329 сом жана республикалык бюджеттен 2 574 939 сом акча каражаты каралган. Асфальттоо иштери бүткөрүлгөн. -“Барчын” балдар бакчасынын жылытуу системасын жана канализациясын капиталдык оңдоо” долбоору, жалпы суммасы 3 484 337 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 753 749 сом жана республикалык бюджеттен 2 730 588 сом акча каражаты каралган. Долбоор толугу менен ишке ашырылган.

Айыл чарба тармагы боюнча:

Раззаков шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га., анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты - 164 га., кайрак айдоо жер аянты - 772 га., чөп чабынды жер аянты - 155 га., бак-дарактар - 85 га. Жалпысынан 222 га. кайрак, чөп чабынды жерлер экономикалык жактан пайдасыздыгы, алыстыгы, таштактуулугу боюнча ижарага берилген жок. 2023-жылга карата айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берилген жерлердин ижара акысы жылдык планда 1 634 000 сомго бекилген болсо, аткарылышы 1 639 400 сомго аткарылып, пайыз менен алганда 101% түзгөн. 2022-жылга салыштырмалуу 97 600 сомго ашыкча жыйналган. 4087 га. жазгы кылкандуу дан эгиндери эгилди, анын ичинен: 1020 га. сугат, 3067 га. кайракты түзөт. Мында 2339 га. буудай, 1748 га. арпа. Дандык жүгөрү 188 га., картошка 137 га., жашылча (капуста, бадыраң, помидор, сабиз, чеснок, жана башка жашылчалар) 140 га., май өсүмдүктөр 65 га., Эски көп жылдык чөп (беде, эспарцет)- 1718 га., жаңы эгилген беде 291 га., аңызга калган жер 204 га., питомник 25 га. Бардык пайдаланган жер 6855 га., пайдаланбаган жер 144 га. Бардык айдоо жер - 6999 га. Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан 2023-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдоо гектарына 3000 сомго, дан сепкич менен себүү 1400-1500 сомго белгиленген. Комбайн менен оруп жыйноо (80-90% кайрак айдоо жерлер) 3000 сомго, чөп оруу 1300-1500 сомго, чөп жыйнагыч 1200-1300 сомго, чөп таңгактоо 15-20 сомго (күйүүчү майдын баасынын өзгөрүшүнө карап) белгиленген, аткарылышы көзөмөлгө алынган. Раззаков шаары боюнча 116 даана айыл чарба техникалары бар, анын ичинен: комбайндар 12 даана (8 комбайн жаны типтеги, 4 комбайн эски типтеги), трактор 52 даана, дан сепкич (сеялка) 8 даана, трактор “косилкасы” 15 даана, кичитрактор 9 даана, чөп таңгактагыч 20 даана. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомун аткарууга алып, Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына Раззаков шаарынын аймагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун бардык жерлеринин 50% өткөрүлүп берилген, тактап айтканда сугат айдоо жерден 82 га., кайрак айдоо жерден 458 га., чөп-чабынды жеринен 116 га., бак-дарактан 42 га. 2023-жылга карата 41390 ц. буудай, 23240 ц. арпа, 10720 ц. жүгөрү, 190 ц. дан буурчагы, 18560 ц. картошка, 25532 ц. жашылча, 7250 ц. мөмө-жемиш жыйналды. Эт 24990 ц., сүт 54840 ц., жүн 541 ц. түздү, 728 000 даана жумуртка алынды. 2024-жылдын түшүмү үчүн 815 га. жер аянтына буудай жана арпа себилди.

Ветеринардык тармак боюнча: Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагынан жыл ичинде кутурма ылаңынын алдын алуу максатында 730 баш жолбун иттер жок кылынды. Ветеринардык сервистердин кызматкерлери тарабынан Ящур ылаңына каршы 9852 баш, Бруцеллезго каршы 5300 баш, “Штамп 19” каршы 332 баш, ал эми 26 800 баш майда мүйүздүү жандыктар Оспа ылаңына каршы эмделди. Кутурма оорусунун алдын алуу максатында жана Гельминтоздорго каршы 523 баш иттер эмдөөдөн өткөрүлдү. 1400 даана үй канаттуулары Чума оорусуна каршы эмделди. СИОЖ программасы аркылуу жыл ичинде малдардын жана жеке ветеринарлардын бардык кыймыл-аракеттери көзөмөлгө алынган.

Социалдык тармак боюнча:

Жыл ичинде Раззаков шаарынын аймагында турмуштук оор кырдаалда жашаган 73 үй-бүлөгө кайрылган арыздарын канааттандыруу максатында 402 635 сом акчалай жардам көрсөтүлдү: - Онкологиялык ооруу менен ооруган 30 жаранга 216 528 сом, кургак учук менен ооруган 5 жаранга 35 250 сом, турмуш-шарты өтө оор 32 үй-бүлөлөргө 132 857 сом жана КОС жана КОГ менен оруган 6 жаранга 18 000сом өздүк эсебине которулуп берилди. Ооган согушунун 20 ардагерлерине 40 000 сом, ЧАЭСтердин 5 катышуучусуна 25000 акчалай жардам берилди. Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата 14 тылдын ардагерине 101 598 сом акчалай жана белектер уюштурулду. Энелер күнүнө карата 149 890 сом, 1-июнь-Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата 59 600 сом, “Алтын-Бешик” эс алуу лагерине 11 баланын эс алып келүүсү үчүн 77 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. “Социалдык адилетүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө” карата турмуш-шарты өтө оор жана майыптыгы бар 53 үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 161 000 сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Раззаков шаарында жана шаарга караштуу айылдарда жашаган социалдык коргоого муктаж болгон жарандарга 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине көмүр менен камсыздоо үчүн 605 277 сомдук (61 тонна 705 кг) көмүр 200 жаранга таркатылды: 60 жакыр үй бүлөлөргө, 53 майыптыгы бар жарандарга, 11 тылдын ардагерлерине, 4 соцжетим балдары бар үй-бүлөлөргө, 22 жарым жетим балдары бар үй-бүлөлөргө, 1 тоголок жетим баласы бар үй-бүлөгө, 4 “Исфана-Таза суу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине, ар бирине 301 кг.дан б.а 7 каптан, ал эми 18 “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине, 27 Жалгыз бой карыяларга, ар бирине 215 кг.дан б.а 7 каптан көмүр берилди. Жалпы 200 үй-бүлөгө көмүр таркатылып берилди. 1-октябрь - Карылар күнүнө карата 235 000 сом жумшалды, а.и. 125 карыяга 1000 сомдон, Сүлүктү карылар үйүнө 5000 сом, сый-тамак уюштурууга 105 000 сом. 3-декабрь - Эл аралык Майыптар күнүнө карата 148 майытыгы бар жарандарга 148 000 сом, “Кулунчак” калыптандыруу борборунда тарбияланып жаткан 30 балага 30 000 сомго белек жана 31 800 сом өздүк эсептик счетуна которулуп берилди. КОС жана КОГ мүчөлөрүнө ысык тамак уюштуруу үчүн 5 000 сом акча каражаты эсептик счетуна которулуп берилди. Раззаков шаарынын аймагындагы мектеп окуучуларына жагымдуу жаңы жылдык маанай тартуулоо менен “Балаты 2024” мэрдин балатысы уюштурулуп 48000 сом акча каражаты жумшалды. Раззаков шаарынын мэриясынын социалдык коргоо статьсынын эсебинен жыл ичинде 2 119 800 сом жумшалган.

“Санарип Аймак” программасынын аткарылышы боюнча:

“Санарип Аймак” мамлекеттик тутумуна Раззаков шаары жана шаарга караштуу айылдар боюнча кожолуктун саны 6094 болсо, анын ичинен 5397 кожолук катталып, аткарылышы пайыз менен алганда 88,5% түзгөн, ошондой эле жыл ичинде калктын саны 32694 болсо, анын ичинен 26152 жаран катталып, аткарылышы 80.0% түздү. Жарандарды каттоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Коммуналдык, суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча:

2023-жылдын ичинде Раззаков шаарына караштуу Раззаков-1, 2, 3, 4, 5/6, Голбо, Тайлан, Ак-Булак, Чимген, Беш-Бала, Кара-Таш, Самат жана Ак-Босого айылдарындагы кооптуу 13 участкалары боюнча карта, схемалары, чиймелери чийилип, сүрөттөрү алынды жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана облустук, райондук бөлүмдөрүнө каттар жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын кырсыктын алдын алуу иш-планынын негизинде Раззаков шаарына караштуу Ак-Булак, Нооданек, Чынар участкаларынын кооптуу жерлерине габион торчолорун орнотуу иштери жергиликтүү эл менен биргеликте жүргүзүлдү, орнотулган 300 даана габион торчого 168,0 тоннадан ашуун таш ташылды. “Исфана-1”, “Исфана-2” сайларынын 650 метрден ашуун сай ичи жеке ишкерлердин колдоосу менен механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Самат айылынын Беш-Бала участкасындагы мурда (СССРдин убагында) калган зыяндуу заттар чыгарылып, таштанды таштоочу жерге жеткирилди жана талапка ылайык жок кылынды. Голбо айылынын Куру-Голбо участкасындагы шагылга толгон сай ичинин 350 метр аралыгы Раззаков шаарынын мэриясынын атайын техникалары менен тазаланды, ошондой эле Раззаков -1/2 айылынын “Исфана-2” сайынын 200 метр аралыгы тазаланды. Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан атайын сел кырсыгынын алдын алуу максатында кооптуу участкаларындагы сайлардын жээктерин тазаланып, 2000 ден ашуун тал-теректердин көчөттөрү АӨӨБКинин төрагалары менен биргеликте отургузулду. 2023-жылдын май, июнь айларында болгон табигый кырсыктан (селден) жабыр тарткан шаардын, айылдардын ички, тышкы 20 км жолдору, арыктардын баштары тазаланды.

Иш кагаздары боюнча

Раззаков шаарынын мэриясында иш кагаздарын жүгүртүү толук бойдон “Инфодокс” ЭКА тутуму аркылуу жүргүзүлөт. -2023-жыл ичинде жогорку органдардан жана башка ар түрдүү мекеме-ишканалардан жалпы 1833 каттар, нормативдик укуктук актылар кириштелип, аткарууга алынган, а.и. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынан 272 каттар, токтомдор, буйруктар, чечимдер ж.б. катталган. Жыл ичинде шаар мэриясы тарабынан 2663 каттар чыгышталган. Раззаков шаарынын мэриясында жалпы 848 жарандардын арыздары, кайрылуулары катталган жана жооптору арыз ээлерине жеткирилген. Тагыраак:

№

Иш кагаздарынын ж.б. аталышы

2022-

ж.

2023-

ж.

+/-

1

Кабыл алынган токтомдор

137

117

-20

2

Чыгарылган буйруктар

289

316

+27

3

Кадрлар боюнча өздүк буйруктар

103

87

-16

4

Иш сапарына жөнөтүү боюнча буйруктар

57

52

-5

5

Жарандарга берилген маалымдамалар

15080

610

-14470

6

Көзү өткөн жарандарга берилген маалымдама ф-50

352

174

-178

7

Убактылуу каттоого алынган жарандар

242

120

-122

8

Өткөрүлгөн конкурстар

2

5

+3

9

Өткөрүлгөн аппараттык чогулуштар

47

71

+24

10

Раззаков шаарынын мэринин жана орун басарынын кабыл алуусунда болгон жарандардын саны

594

557

-37

Арыз жана каттар боюнча:

№

Иш кагаздарынын аталышы

2022-ж.

2023-

ж.

+/-

1

Жогорку органдардан, мекеме, ишканалардан келген иш кагаздарынын (токтом, буйрук, кат ж. б.) саны

1390

1833

+443

2

Жарандардан келген арыздардын саны

1123

848

-275

3

Тийиштүү жогорку органдарга, мекеме-ишканаларга, жарандарга жөнөтүлгөн чыгыш иш кагаздардын саны

2576

2663

+87

Аскердик каттоо боюнча:

2007-жылы төрөлгөн уландарды аскердик эсепке алгачкы каттоо боюнча алардын өздүк иш-кагаздары, делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2023-жылдын 28-февралына чейин 2007-жылы туулган 243 улан жана ар түрдүү себептер менен каттоодон өтпөй калган 2006-жылы туулган 4 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. 2023-жылдын 9-14-март күндөрү Лейлек районунун аймагында резервдик түзүлмөлөрдүн, мобилизациялык машыгуу учурунда Раззаков шаарынын мэриясынын кабар берүү участогу белгиленген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарды. Аскердик жыйынга катышкан аскерге милдеттүүлөрдү кабарлоо, алардын аскер комиссариаты тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөткө, жайга өз учурунда келишин, кайра кетиши камсыз кылынды. Жыйын өтүүчү жайга жеткирип, кайра алып келүү үчүн транспорт күйүүчү майы менен камсыз кылынды. 2023-жылдын март-май айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу үчүн 674 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 38 чакырылуучу аскердик кызматка, 65 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакыруу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 15 улан, альтернативдик кызматка үй-бүлөлүк шарты боюнча 5 улан, диний ынанымдарын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга каалоосун билдиргенине байланыштуу 43 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд толук аткарылды. 2023-жылдын 1-6- июнь күндөрү мэриянын кабарлоо участогунун өздүк курамы КМ Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын башчысынын планы боюнча өткөрүлгөн тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Резервдик түзүлмөлөрдү практикалык жыйноо боюнча берилген көрсөтмө так аткарылып, аскерге милдеттүүлөр өз убагында кабарланды. 2023-жылдын сентябрь-ноябрь айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу үчүн 644 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 29 чакырылуучу аскердик кызматка, 68 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакыруу үчүн алдын ала тандалып алынды. Чакыруу комиссиясынын чечими менен 21 чакырылуучу кыска мөөнөттүү аскердик кызматка, 54 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылды. 2023-жылдын 21 - 23-ноябрь күндөрү Лейлек районунун аймагында өткөрүлгөн резервдик түзүлмөлөрдүн мобилизациялык машыгуу окуу жыйыны учурунда Раззаков шаарынын мэриясынын кабар берүү участогу белгиленген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарды. 2023-жылдын 1-5-декабрь күндөрү шаар мэриясынын кабарлоо участогунун өздүк курамы КМ Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын башчысынын планы боюнча өткөрүлгөн тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Резервдик түзүлмөлөрдү сандык тактоо боюнча берилген көрсөтмө так аткарылып, аскерге милдеттүүлөр жөнүндө маалымат берилди. 2008-жылы төрөлгөн уландардын тизмелери такталды. Уландардын өздүк иш-кагаздары, делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2023-жылдын 18-декабрына чейин 2008-жылы туулган 252 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке каттоого келбей калган атуулдарды аныктоо иштери АӨӨБКинин төрагалары жана ИИБнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлүүдө. 2023-жыл ичинде шаардын аймагындагы альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдөн республикалык бюджеттин эсебине төлөмдөрдү өткөрүү 100% толук аткарылды.

Юридика тармагы боюнча:

2023-жыл ичинде 12 административдик соттук отурумдар болуп, көпчүлүк соттук чечимдер Раззаков шаарынын мэриясынын кызыкчылыгына чечилген. Жыл ичинде 76 кат, Раззаков шаарынын жашоочуларыдан ар түрдүү маселелер боюнча 108 арыз, Лейлек райондук прокуратурасынан 5 сунушу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 5 Жарлыгы катталып, Раззаков шаарынын мэриясынын буйруктары менен аткарууга алынган. Раззаков шаарынын мэриясына караштуу участкаларындагы кен байлыктар чыккан жер тилкелерин көзөмөлдөө жана лицензия алган жарандарга мыйзам чегинде пайдаланууга жана ижарага берүү жагына юридикалык баа берилүүдө. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жана үй-бүлөлүк пикир келишпестик мааниде жарандардан келип түшкөн арыздар Раззаков шаарынын Аксакалдар сотунда каралып, зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иш чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин № 109-Жарлыгынын негизинде Ж. Өсөров, Эгембердиев, Т. Жакып көчөлөрүндө өзүм билемдик менен жер участокторун кенейтип, алган жарандардын тосмо дубалдарын буздуруу жана автоунаа жолдорун кенейтүү иштери аткарылган. Азыркы учурда Раззаков шаарынын СССР 60 жылдык көчөлөрүндө жалпы пайдалануучу жер тилкелерине өзүм билемдик менен ар кандай курулуштарды куруп алган жарандарга имараттарды бузуп алуу боюнча эскертүүлөр берилген, алгачкы жолу мыйзамсыз курулуштар буздурулду, кыш мезгили келип калгандыктан бул иштер жаз айларында улантырылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291-токтомун аткарууга алып Раззаков шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуп калган турак жайлардын жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү боюнча иш аракеттер аткарылып, Раззаков шаарынын аймагында мыйзамсыз курулган 7 жарандардын турак үйлөрү боюнча тийиштүү мекеме-ишканалардан корутундулары алынып, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн райондук комиссияга сунушталып, комиссиянын чечимине ылайык мамлекеттик актылары даярдалып, жарандага тапшырылды. Бул багытта иштер улантылууда.

Муниципалдык менчик департаменти боюнча:

Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде азыркы учурда штат боюнча 25 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 1 департаменттин башчысы, 3 башкы адис, 2 жетектөөчү адис, 1 адис, 1-оператор катчы, 5 АӨӨБКнын төрагалары, 2 айдоочу, 1 комендант, 8 кароолчу, 1 техникалык кызматкер эмгектенишет. 2023-жыл ичинде “Инфодокс” ЭКА тутуму аркылуу 1427 даана арыз-каттар катталган: анын ичинен жогорку органдардан жана мекеме ишканалардан келген 371 каттар, токтом, буйруктар жана жеке жарандардан 569, турак-жай куруу үчүн 202, жерди ижаралоо үчүн 86, ар түрдүү маселелер менен 285 арыз каттарга өз убагында жооп берилип аткарууга алынган. Муниципалдык менчик департаментинин 2023-жылга бекилген жалпы киреше планы 1 500 000 сом бекилген болсо, аткарылышы 1 599 900 сомду түзүп, пайыз менен алганда 106% аткарылган. Анын ичинен атайын транспорт каражаттарынын планы 500 000 сом болсо, аткарылышы 506 900 сомду түзүп, калктуу конуштагы жерлердин ижара планы 1 000 000 сом болсо, аткарылышы 1 093 100 сомду түздү. 2022-жылга салыштырмалуу 226 900 сом ашыкча жыйналган. Андан сырткары дебитордук карыздардын эсебинен 942 000 сом өндүрүлгөн. Раззаков шаарынын ички көчөлөрүндө РИИБ ЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте тактоо иштери жүргүзүлүп, кээ бир жол белгилери алынып, тактап айтканда 80 даана жол белги орнотулду. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” №54-мыйзамынын, Лейлек районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 20-майындагы №11/688-22 сунушунун негизинде, шаардын аймагындагы “Көрнөк-жарнактардын мамлекеттик жана расмий тилде жазылуусу боюнча” мыйзамга дал келбеген көрнөк-жарнактар, соода түйүндөрүнүн аталыштары жазуулары алынып, ирээтке келтирилүүдө жана шаардын Лейлек жана Исфана Эл базарынын алдыны ирээтсиз сатуучуларды базар ичине киргизүү боюнча иш жүргүзүлүп, бардык сатуучулар базардын ичине жайгаштырылууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзү билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар” жөнүндөгү ПЖ № 109-Жарлыгын турмушка ашыруу максатында шаар мэриясынын 2022-жылдын 14-сентябрындагы “Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарынын аймагынан жолдун кызыл сызыгына мыйзамсыз курулган имараттарды жеринен кароо үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндөгү” № 129-буйругу чыгарылып, комиссиянын курамы бекитилген. Комиссия тарабынан жолдун боюндагы жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган жарандар аныкталып, Ж.Өсөров жана Э.Эгембердиев көчөлөрүндө кызыл сызыкка мыйзамсыз курулган 33 жарандардын курулуштарды бузулду, ошону менен бирге бул иштер көзөмөлгө алынды. Ушул Жарылыкка ылайык Раззаков шаарынын СССРдин 60 жылдыгы көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн аймагындагы мыйзамсыз курулмалар Раззаков шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматкерлеринин, Лейлек райондук Ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлеринин ж.б. катышуусунда буздуруу иштери жүргүзүлдү жана андан ары жүргүзүлүшү көзөмөлгө алынды. Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти 2023-жыл ичинде аткарылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга, сатылып алынуучу товарларга жалпы 121 мамлекеттик сатып алуулар өткөргөн. Анын ичинен 66 мамлекеттик сатып алууга эки тараптуу келишим түзүлгөн, алардын 59 мамлекеттик сатып алуулардын эки тараптуу келишимдерге ылайык курулуш иштери, кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар толугу менен бүткөрүлүп, акча каражаттары которулуп берилген. Ошондой эле 7 курулуш объектилеринде бүгүнкү күндө аба-ырайынын өзгөрүшүнө жана курулуш нормаларын сактоо менен эки тараптуу макулдашууга ылайык иштер улантылып жатат. 55 мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик сатып алуунун мыйзамына ылайык кайра жарыяланган.

“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча:

Раззаков шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү, түнкү жарыктарды жана келишим түзгөн мекеме-ишканаларды жеке кожолуктарды тейлөө менен тазалыкты камсыздайт. 2023-жылга 5850 абонент (1598 жеке кожолук) менен келишим түзүлгөн, андан сырткары 27 мекеме уюмдар жана 171 коммерциялык түйүндөр менен келишимдер түзүлгөн. Белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып, күнүнө 3-4 рейс, ишембилик болгон учурларында 6-7 рейс таштандылар алынып чыгарылууда. Келишимден баш тарткан мекеме, уюмдар жана коммерциялык түйүндөрдөн 89 адамды, жеке кожолуктардан 80 адамды түзөт. 2023-жылга карата киреше планы 3 839 900 сом бекилген болсо, аткарылыш 3 933 582 сомду түзүп, анын ичинен мекеме ишканалардан 2 037 377 сом, жеке коммерциялык ишканалардан 572 248 сом, кожолуктардан 1 323 956 сом атайын эсепке түшкөн. Пайыз менен алганда 102,2% аткарылган. Аткарылышы 2022-жылга салыштырмалуу 1 643 100 сом ашыкча жыйналган. 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жолдорго себилүүчү инерттик материалдар сатылып алынып, 2023-жылдын январь, февраль айларында 31 тонна шлак, 2,3 тонна туз себилип ушул эле жылдын 12-13-декабрь күндөрү күн суук болуп, жолдор тоңуп тайгалак болгондуктан 13,3 тонна шлак, 1,9 тонна туз борбордук жана ички көчөлөргө себилди. Ал эми жыл ичинде 2591 рейс же 7 773 т. таштанды, 276 рейс же 828 т. суюк таштанды чыгарылган, 639 рейс же 4 153 т. суу себилип, көрктөндүрүү боюнча гүлдөргө жана ийне жалбырактуу бак дарактарга суу коюлган. Шаардагы эс алуу бактарынан 30 рейс таштанды чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-тескемесине ылайык “Жашыл мурас” улуттук компаниясынын ийгиликтүү өткөрүү жана Раззаков шаарынын аймагын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүүнүн 3 айлыгынын алкагында Раззаков-Аэропорт жолундагы “Талант-Ордо” эс алуу багына 465 даана можевельник, Ж.Исаев, Кошмуратов, И.Раззаков көчөлөрүнө жалпысы болуп 51 даана Тянь-Шань арчалары, “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын багына 30 даана алма, ал эми Раззаков шаарынын борбордук аянтына, көчөлөрүнө жалпысы болуп 5000 даана гүл көчөттөрү отургузулду. Раззаков шаарынын көчөлөрүндөгү жана айылдардын түнкү жарыктарынын түндөсү күйүп туруусун жана күйбөй калган түнкү жарыктарды оң абалда туруусу камсыздалды. Өз учурунда иштебей калаган электр чырактары, чубалгылар, электр автоматтары ж.б жабдыктар алмаштырылды. 2023-жылдын 26-май күнү “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында "Раззаков шаарынын таштандыга болгон социалдык жүрүм-турум нормаларын өзгөртүү" стратегиясын ишке ашыруу максатында уюштурулган Раззаков шаарындагы "Исфана" орто мектебинин жана Чимген айылындагы Т.Жапаров атындагы орто мектебинин окуучуларынын арасында "Таштандыга мүмкүнчүлүк бер" деген темада конкурс “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасында өткөрүлдү. Ошону менен бирге 2023-жылдын 20-сентябрь күнү USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору боюнча “Коомчулукка муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу” деген коомдук кенешмеси болуп өттү. “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун колдоосу менен “Лейлек-Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине атайын кийимдер (униформа) жана “Талант-Ордо” эс алуу багына 497 метр чубалгы, 11 электр мамылары жана бир кичи суу скважинасын куруп, пйдаланууга берилди. Андан сырткары Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасынын элчилиги тарабынан жогорудагы эс алуу багына 1 000 даана ийне жалбырактуу жана көп жылдык декаративдүү көчөттөрү алынып берилди. Жаңы жылга карата 2023-жылдын 13-19-декабрь күндөрү шаардын борбордук аянтына Балатыны жана жаңы жылдык жасалголоолорду ишкананын жумушчулары тарабынан орнотулуп, элге жаңы жылдык маанай тартууланды.

“Төө жайлоо” СПАсы боюнча:

“Төө Жайлоо” СПАсынын 2023-жылга карата бекилген планы 704 480 сомду түзгөн. Аткарылышы 388 000 сом түзүп, пайыз менен алганда 55% аткарылды. Себеби Лейлек райондук суу чарба башкармалыгы менен 2023-жылга карата 2 516 000 м3 сугат суу үчүн келишим түзүлгөн болсо, үстүбүздөгү жыл кургак жана күн ысык болгондуктан, сугат суунун көлөмү азайып суу тартыштыгынан улам 1 386 000 м3 суу жеткирилип, сугат суунун 2023-жылга карата суммасы 388 000 сомду түзөт. Ишкана шаардын аймагындагы 1616 га. сугат жерди суу менен камсыз кылат. Вегетация өнөктүгүнө даярдык көрүүдө каналды жана лотокторду оңдоого 67 000 сом сарпталды. Насыя кайтарымына жылдын жыйынтыгы менен которулат. Лейлек районунун сотунун эсебине 110 000 сом которулду. 2023-жылга карата эмгек акыга 96 000 сом, киреше салыгына 9000 сом, социалдык фондуна 26 000 сом, башка ар түрдүү чыгымдарга 87 000 сом сарпталган. Жаз айларында келген сел сугат суу каналын жана лотоктордун кээ бир жерлерин жараксыз абалга келтиргендиктен, ошону менен бирге эскирип, бузулган бөлүктөрүн оңдоп-түзөө, бетондоо иштери СПАнын жумушчулары тарабынан жүргүзүлдү.

Раззаков Жайыт комитети боюнча:

Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан Раззаков Жайыт комитетине 15 651 га. жайыт аянты өткөрүлүп берилген, анын ичинен жазгы-күзгү 2907 га., жайкы 7100 га., кышкы 5644 га. түзөт. Раззаков жайыт участкасында жайгашкан 48 короо жай такталып, келишимдери каралып чыгылды жана малчыларга жайытты пайдалануу боюнча иш пландары, мал жайытка чыгуу графиктери тааныштырылып маалымат жеткирилди. Жайыт комитетине түшкөн арыз каттар өз убагында тийиштүү жерлерге жөнөтүлүп, кабыл алынган иш пландар өз убагында аткарылууда. Ала-Тамыр, Чеш-Дөбө, Кызыл-Кыштоо жайыт участкасындагы 9 км. жайыт жолдору авто грейдер менен тегизделип, күйүүчү майга 6000 сом каражат коротулду. Таш-Кыя, Серпая жайыт участкаларындагы сел алып кеткен мал өтүүчү өтмөк жолдор авто грейдердин жардамы менен толтурулуп, 15 км. аралыгы тегизделип, жалпы кеткен акча каражаты 10 000 сомду түздү. Кызыл-Кыштоо, Тегерек жайытына баруучу жолдор техниканын жардамы менен тегизделип, сел алып кеткен жерлер калыбына келтирилип,12 000 сом акча каражаты коротулду. Шор-Булак жайыт участкасындагы каптаждалып, труба коюлган булактар тазаланды, суу топтолуучу резервуар жана суу түтүктөрү тазаланып, калыбына келтирилип, мал жандыктар суу ичүүчү ноолор бетондолду. Сметалык баасы 13 000 сомду түздү. Каптархана жайыт участкасындагы булактар тазаланып, 70 метр жерге суу түтүктөрү орнотулду. Сметалык баасы 5500 сомду түздү. Раззаков шаарынын аймагындагы саранча баскан жайыт жерлер жана эгин талаалары химиялык жол менен дарыланды. “Альфа Телеком”, “Нур Телеком” байланыш компаниялары менен келишим түзүлүп, 12 айга базалык станциялардан 150 000 сом түшүрүлдү. Автогрейдер тарабынан иштер жол баракчасы менен белгиленип, аткарган иштери акттын негизинде муниципиалдык менчик департаменти тарабынан жайыт комитетинин эсебине 300 000 сом которулуп берилди. Раззаков жайыт комитетинин пайдалануусундагы айыл чарба техникасы элге кызмат көрсөтүп, жайыт комитетинин бюджетине 120 000 сом өткөрүлдү. Жалпы жайыт төлөмдөрү боюнча 2023-жылга карата план 1 959 000 сом бекитилген болсо, аткарылшы 1 960 100 сом болуп, пайыз менен алганда 100% аткарылды. Анын ичинен атайын транспорт каражаттарынын планы 500 000 сом болсо, аткарылышы 500 000 сомду түзүп, жайыт акы жана ижаралардын планы 1 459 000 сом болсо, аткарылышы 1 460 600 сомду түздү. 2022-жылга салыштырмалуу 385 800 сом ашыкча жыйналган.

“Исфана -Таза суу” муниципалдык ишканасы боюнча:

“Исфана -Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бекилген киреше планы 5 888 600 сом болсо, аткарылышы 5 913 000 сомго аткарылып, пайыз менен алганда 100,4% аткарылды. 2022-жылга салыштырмалуу 649 600 сом ашыкча жыйналган. Раззаков шаарынын аймагындагы 620 кожолук короосунда суу түтүгү бар абонент, 560 кожолук көчөдөгү суу түтүгүнөн суу пайдалануучу абонент, 51 коммерциялык точкалар жана 41 мекеме-уюмдар менен келишимдер түзүлгөн. Жыл ичинде Тегирменти суунун башындагы суу алуучу түтүгү, Раззаков шаарынын Додосьян, Жаштык, Колхоз, Жаны Конуш, И.Раззаков, А.Азизов, Р. Муминов, Т. Молдо, М.Жалилов көчөлөрүндөгү, Бозогүл, Пулон участкаларындагы, Амир Темур мектебинин ж.б. бир топ участкалардагы суу түтүктөрүнө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Раззаков шаарынын Восточная, СССРдын 60-жылдыгы көчөлөрүнө “Ас-САФА” коомдук бирикмеси тарабынан кичи-скважиналар казылып, элге ичүүчү суу чыгарылып берилди. “Раззаков шаарынын таза суу системасын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө курулуш иштери боюнча Европа Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы жана “Гидрофил Гмбх” компаниясы менен биргеликте мамлекттик сатып алуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында “Каналет” ЖЧКсы менен эки тараптуу келишим түзүлүп, субподрядчы “Инженерная Зашита” ЖЧКсы менен курулуш иштери Тегирменти, Ай-Көл, Голбо участкаларында жүргүзүлүүдө. Раззаков шаарынын Пулон участкасында жана Чимген айылынын Т.Жакып көчөсүндө таза суу түтүктөрүн ондоо иштери жүргүзүлдү. Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан тийиштүү материалдары алынып берилип “Исфана-Таза суу” муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан Бозогүл участкасында 40 кожолука жана кызматтык үйлөргө жалпы узундугу 1,2 км аралыка суу түтүктөрү орнотулуп, ишкананын эсебинен суу эсептегичтери коюлуп пайдаланууга берилди.

Мэр Ч.А. Рысов
