Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жыл үчүн ичүүчү таза сууга төлөм акыларын бекитүү жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 8
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жыл үчүн ичүүчү таза сууга төлөм акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 31-беренесинин 2;8-беренелерине жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-январындагы кортундусу, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-январындагы №01-13/148 катына ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын таза суу төлөм акылары мурдагы жылга салыштырмалуу 20% көтөрүүгө макулдук берилсин.
2.Баткен шаарында 2024-жыл үчүн ичүүчү таза сууга төлөм акылары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Таза сууга төлөм акылары өзгөргөндүгү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнө маалымдалсын.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123