Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2023-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчётун угуу жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 3 Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2023-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчётун угуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 27 жана 45-беренелерине, Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын биргелешкен кортундуларына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2023-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчёту канааттандыраарлык деп табылсын. (отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Курбанбеков Т тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2023-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом, буйрук, тескемелеринин, аны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтом, буйруктарын турмушка ашыруу максатында бир катар уюштуруучулук практикалык иштер аткарылды. Баткен шаарынын мэриясына 2023-жыл ичинде 2808 кат, 1059 арыз даттануулар келип түшкөн. Анын ичинен: -Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары -16, -Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары -24, -Кыргыз Республикасынын Президентинин токтом, тескемелери-13, -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйрук, тескемелери -161, -КРП Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйрук чечимдери -117, протоколдору- 86, -Жогорку органдар менен кат алмашуу-1310, -Мекеме-ишканалар менен кат алмашуу -1081 ди түздү. Ал эми жалпы келип түшкөн 981 арыз, даттануунун ичинен: -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан -12, -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен -1, -Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан 71 кайрылуу келип түшкөн. -Кароонун жыйынтыгы менен канааттандырылганы-410, -Түшүндүрмө берилгени-382, -Жарым-жартылай чечилгени-152, баш тартылганы-32 кайрылуу болгон. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы кадр саясаты жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык кадрладын ички резерви түзүлдү, муниципалдык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү иштери жолго коюлду. Учурда Баткен шаарынын мэриясынын ички резервинде 8 талапкер турат. Ал эми аттестациядан 2023-жыл ичинде 6 муниципалдык кызматчы өткөрүлсө, 2024-жылга 6 муниципалдык кызматчыны аттестациядан өткөрүү пландаштырылган. Ошондой эле ротациялоо жолу менен 2022-жылы 2, 2023-жылы 1 кызматчылар башка кызмат орундарына которулду. Муниципалдык кызматкерлердин квалификациялык денгээлин жогорулатуу, карьералык пландоону жүзөгө ашыруу максатында Баткен шаарынын мэриясынын 10 кызматчысы ар кандай денгээлдеги окуулардан өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №2-т сандуу тескемесин аткарууга алуу боюнча санариптештирүүнүн алкагында Баткен шаарынын мэриясы тарабынан сапаттуу муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке ашыруу боюнча аймактык башкармалыктардын башчылары менен натыйжалуу иш аракеттер жүргүзүлдү. Шаарда 7408 кожолук болсо анын ичинен “Санарип аймак” электрондук тутумуна 5735 же 86,17% кожолук каттоого киргизилди. Ал эми калктын саны 33490 болсо, тутумга кирген калктын саны 29112 ни, же 87% дык көрсөткүчтү түздү. Баткен шаарынын мэринин шаардын тургундары менен 6 жолу жолугушуулары өткөрүлүп, 77 суроо келип түшкөн, алардын ордунда чечилгени 54, калган 23 суроо иш чаралардын планына киргизилип, аткарууга алынган. Жыл ичинде бекитилген планга ылайык 4 жолу коллегиялык жыйын өткөрүлгөн. Ал эми тармактар боюнча аткарылган иштердин абалы төмөнкүдөй: - - - - - - I.Өнөр жай, курулуш жана айыл чарба тармагы Аталган тармак боюнча төмөнкү укукутук-ченемдик актылар негиз болуп саналат: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл - бир продукт” Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө №29 Жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” №291 токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө” №484 токтому; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» №24 жарлыгын ишке ашыруу жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн мартындагы №91-б буйругу; Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 2021-жылдын 19 1-мартындагы “2022-2024-жылдарга консолидацияланган бюджеттин максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө” №96-т тескемеси; Баткен шаарында 2023-жылдын жыйынтыгында негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы төмөнкүдөй жыйынтыкталды. - Өнөр жай көрсөткүчү – 1 163061,1 миң сомго, физикалык көлөмү 117,8%га аткарылган - Ал эми электр энергиясыз – 177 863,9 миң сомго, физикалык көлөмү гаишке ашырылган. 2023-жыл, январь-декабрь (миң сом) Көрсөткүчтөр 2022-жыл (миң сом) 2023-жыл (миң сом) Отчеттук айына карата % Өнөр жай 994 663,7 1 163 061,1 Отчеттук мезгилге карата % 184,8 Электр энергиясыз 117,8 156 024,4 177 863,9 151,5 105,5 105,5 % Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда кичи жана калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча жалпы 94 (ПДН) ишканалар бар. Алар, № Ишканалар 2022 ж. 1 Электр тармактар ишканасы; (Баткен РЭТ) 2023 ж. 1 2 Муниципалдык ишканалар (Таза суу, Тазалык, Автобаза, Капиталдык 3 1 5 курулуш, дирекциясы) 3 Мол-Түшүм кооперативи Базарлар 1 4 “Алтын-Бак” ЖЧК сы 1 1 1 5 “ДАНЕКО” ЖЧК сы 1 1 6 Калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча (ПДН) 74 85 Бардыгы 81 94 Калктын жеке ишкердүүлүгү ПДН ишканалар 1 Пескоблок, лего кирпич, еврозабор чыгаруучу цехтер 11 14 2 Кийим тигүү цехтери 6 8 3 Желим эшик-терезе жасоочу цехтер 9 12 4 Мебель жасоочу цехтер 6 7 5 Навайканалар 26 27 6 Жыгач эшик-терезе жасоочу цехтер 7 7 7 Кондитердик цехтер 4 4 8 Пилорамалар 3 3 9 Мал союучу жайлар 2 2 10 “Ак-Сай Кент” тоок фермасы 1 Бардыгы 74 85 КӨРСӨТКҮЧТӨР Тейлөө рыногу - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 3 088 161,3 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 115,4%га жеткен. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 587 468,2 миң сомго көп аткарылып, 123,5 %ды түзгөн. Чекене соода жүгүртүү - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 2 293 479,4 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 112,5%ды түзгөн. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 505 554,4 миң сомго көп аткарылып,116,3 %га жеткен. Кызмат көрсөтүү - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 794 681,9 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 108,2%ды түзгөн. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 150 468,7 миң сомго көп аткарылган. Айыл чарбасы -2023-жылдын жыйынтыгына карата 1 149 254,4 миңсомго аткарылып, өсүү темпи 100,6%ды түзгөн. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 6 805,1 миң сомго көп аткарылган. Капиталдык курулуш - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 271 117,0 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 103,4 %ды түзгөн. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 8 790,0 миң сомго көп аткарылган. Жаңы жумуш орундарды түзүү боюнча - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 336 адамга жумуш оруну түзүлүп, өсүү темпи 103,4%ды түзгөн. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 110,9%га аткарылган. Катталган жумушсуздардын саны - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 1352 жумушсуз жаран, официалдуу 881 жумушсуздар катталган. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 62 жумушсуз жарандар жумуш менен камсыз болгон. Тактап айтканда 2022-жылы 1414 жумушсуз же официалдуу 959 жумушсуз адам катталган. Орточо эмгек акы: 2023-жылдын жыйынтыгына карата орточо эмгек акы 35 370,0 сомго жеткен, өсүү темпи 134,3% түзгөн. Ал эми 2022-жылдын ушул мезгилинде орточо эмгек акы 26 331 сомду, же 146,2 % га жеткен. Таблица түрүндө Көрсөткүчтөрдүн аталышы 2022-жыл (миң сом) 2023-жыл (миң сом) Салыштырмалуу (%) менен Отчеттук айга Отчеттук мезгилге Өнөр жай 994 663,7 1 163 061,1 184,8 117,8 Тейлөө рыногу 2500693 3 088 161,3 123,5 115,4 Чекене соода жүгүртүү 1 821 576,4 2 293 479,4 125,9 112,5 1142449,3 Кызмат көрсөтүү 644 213,2 794 681,9 123,4 108,2 Айыл чарба Капиталдык курулуш 1149254,4 262 327,2 271 117,5 Орточо эмгек акы 103,3 26 331,4 35 370,2 Салык топтоо (факт) 134,3 180 324,6 256 175,0 Жумуш орундарын түзүү 142,1 478 336 Жумушсуздардын саны 1414 1352 А.и. официалдуу катталганы 959 881 Шаардык мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаардык башкармалыгы: Баткен шаарында 2023-жылдын жыйынтыгына карата мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 256 175,0 миң сомго аткарылып, 103,3%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 8229,4 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 142,1%ды түзүп, 75 850,4 миң сомго көп аткарылган. Анын ичинен: - Республикалык бюджет111 899,5 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 100,0%га, же планга салыштырмалуу 9,1 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 207,6%ды түзүп, 58 000,8 миң сомго көп аткарылган. - жергиликтүү бюджет144 275,5 миң сомго аткарылып, планга салыштырмалуу өсүү темпи 106%га, же болбосо 8 220,3 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 17 894,5 миң сомго көп аткарылып, 114,1%ды түздү. Таблица менен көрсөткөндө 2022-жыл, январь-декабрь (миң сом) 2023-жыл, январь-декабрь (миң сом) Өсүү темпи План Факт Айыр-ма (+-) Өсү ү тем пи Айы рма План Факт (%) (%) (+-) Пла н өсүү тем пи (%) Факт өсүү темп и (%) План айыр ма (+-) Факт Айырма (+-) Жалпы мамлекеттик салык топтоо 172844,5 180324,6 104,3 7480,1 247945,6 256175,0 103, 3 8229, 4 143, 5 142,1 75101 ,1 75850,4 Республиканский бюджет 58876,9 53898,7 91,5 -4978,2 111890,4 111899,5 100, 0 9,1 190, 0 207,6 53013 ,5 58000,8 Местный бюджет 113967,6 126426,0 110,9 12458,4 136055,2 144275,5 106, 0 8220, 3 119, 4 Баткен шаарынын аймагында жалпы 825 соода түйүндөрү болсо, 114,1 22087 ,6 17849,5 2023-жыл ичинде 471 соода түйүндөрү ККМ аппаратын колдонууга өткөн. 2022-жылга салыштырмалуу ККМ аппаратын колдонуучулардын саны 347ге көбөйгөн. Учурда көзөмөл кассалык аппаратын колдонуу боюнча Баткен шаардык салык кызматынын жана Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык соода-түйүндөргө жана тейлөө тармактарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ижара акыларды топтоодо аткарып жаткан иштери боюнча Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти: Баткен шаарында 2023-жылдын жыйынтыгына карата Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба, калктуу конуштардагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерин ижарага берүүдө жана муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион аркылуу менчикке сатууда төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды. Жалпы ижара төлөмдөрү боюнча Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментининин карамагындагы жалпы 469,0 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана 43735 м2 калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө бекитилген планы 4040,0 миң сом болсо, 2023-жылдын жыйынтыгы менен 5935,0 миң сомго аткарылып 155,6% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 1895,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 155,6%га, же болбосо 2123,0 миң сомго көп аткарылган. Алсак, Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди ижарага берүү боюнча 2023-жылга бекитилген планы 1320,0 миң сом болсо, бүгүнкү күндө 1335,0 миң сомго аткарылып 122,2% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 15,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 122,2%га, же болбосо 243,0 миң сомго көп аткарылган. Калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерин ижарага берүү боюнча 2023-жылга бекитилген планы 2720,0 миң сом болсо, бүгүнкү күндө 4600,0 миң сомго аткарылып 169,1%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 1880,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 169,1% га же болбосо 1 880,0 миң сомго көп аткарылган. 2022-жыл, январь-декабрь (миң сом) 2023-жыл, январь-декабрь (миң сом) Өсүү темпи (% ) менен Айырма (+/-) миң сом Пла н Фа кт Атк ары лды (%) Ай ыр ма (+/-) Пл ан Фак т Атк ары лды (%) Ай ыр ма (+/-) П ла н Фа кт Пл ан Фа кт Жалпы суммасы 3627 ,3 38 12, 0 105, 1 18 5,0 40 40, 0 5935 ,0 146, 9 18 95, 0 11 1,3 155 ,6 41 2,7 21 23, 0 Кайра бөлүштүрүү фондунун 1127 ,3 10 92, 0 96,9 35, 3 13 20, 0 1335 ,0 101, 1 15, 0 11 7,0 122 ,2 19 2,7 24 3 Калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерин 2500 ,0 27 20, 0 108, 8 22 0,0 27 20, 0 4600 ,0 169, 1 18 80 10 8,8 169 ,1 22 0,0 18 80, 0 Баткен шаарында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жалпы аянты 469,0 га түзөт. Анын ичинен сугат айдоо жерлер 268,0 га, көп жылдык бактар 124,0 га, ал эми кайрак жерлер 77,0 га. Ижарага берилбей калган 99,2 га жерлер боюнча алсак; № Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери Жалпы жер аянты (га) Ижарага берилгени Ижарага берилбей калганы Эскертүү 1 Сугат айдоо 268,0 214,0 54,0 2 Көп жылдык бак 124,0 121,79 2,21 3 Кайрак 77,0 34,0 43,0 Бардыгы 469,0 369,8 99,2 Сугат айдоо багытындагы 54,0 га жер аянты Аэропорт участкасында жайгашкан. Бул жер аянттары сугат айдоо багытында турганы менен көп жылдан бери сугат суунун жоктугунан ижарага берилбей келет. Көп жылдык бактар багытындагы 2,21 га жер аянты Параң участкасындагы жолдун боюндагы көп жылдык мөмөсүз бактар болуп саналат. Учурда аталган жер аянтын ижарага алып иштетүүгө кызыктар тараптар жок. Ошондой эле Чет-Булак кварталынын Күнгөй участкасында жайгашкан кайрак багытындагы 43,0 га жер аянтын сугат суунун жоктугунан ижарага алууга кызыктар тараптар жоктугунан берилбей келет. “Баткен автобаза” муниципалдык ишканасы Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги “Баткен автобаза” муниципалдык ишканасы: калкты тейлөөдөгү киреше табуучу кызматтары боюнча токтолуп өтсөк, шаар аймагындагы суюк таштандыларды ташып чыгаруу, эксковатордук жер казуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын аткарат. “Баткен-автобаза” муниципалдык ишканасынын2023-жылга карата бекиткен планы 1536,5 миң сом болсо, жылдын жыйынтыгында аткарган фактысы 1485,9 миң сомго, же 96,7%га аткарылган. Өткөн жылдын учурдагы отчеттук мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 1073,4 миң сомго, же 361%га көп аткарган. Баткен муниципалдык “Автобаза” ишканасына алынган 6 автобустун №103, №104 маршруттук каттамдары ачылып, 2023-жылдын март айынан тарта ишке киргизилген. Натыйжада жүргүнчүлөрдү ташуудан да автобазанын кирешеси өскөн. Мындан тышкары Аэропорт участкасы менен Энесай конушу багытына кошумча дагы жаңы №105 маршуттук каттам ачылууда. Бүгүнкү күндө муниципалдык автобазанын базасында жалпы 28 техника бар. Алардын ичинен 6 автобус маршруттук каттамга чыгып, шаар тургундарын тейлейт. Ишканада 2 административдик кызматкер, 1 медицина кызматкери, 1 слесарь, 1 автомеханик, 1 чарба башчысы, 22 айдоочу болуп, жалпы 28 кызматкер эмгектенет. Таблица менен көрсөткөндө 2022-жыл, январь-декабрь (миң сом) 2023-жыл, январь-декабрь (миң сом) Пл ан Атка Фа кт рылд ы Ай ыр ма Атка Пла н Фа кт Өсүү темпи % менен Айырма (+/-) (миң сом) (%) (+/-) рылд ы (%) Айы рма (+/-) п ла н Факт фак т Пл ан Жалпы суммасы 412,5 1025,4 40,2 92,35 1536,5 1485,9 96,7 -50,6 149,8 Суюк тантандыларды ташып чыгаруу 361,0 511,1 1073,40 525,4 212,5 40,4 -312,9 148,8 417,7 317,0 +268,9 28,3 Эксковатордук жер казуу кызматтары 196,6 -376,6 205,2 500,0 200,0 40,0 -300 902,0 260,4 28,9 -642,0 180,4 Жүргүнчүлөрдү тейлөө 130,2 402,0 60,4 0 1000,0 753,8 74,0 -246,2 1000,0 753,8 Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза суу” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы Таза суу жана булганыч суулардан түшүүчү төлөмдөрүн жыйноо боюнча бекитилген жылдык планы 13140,0 миң сом болсо, 2023-жылдын жыйынтыгына карата 13526,1 миң сомго аткарылып 103,3%ды түзгөн, же болбосо 2022-жылдын фактыга салыштырмалуу 1085,1 миң сомго көп аткарылган. Баткен “Таза суу” муниципалдык ишканасында расмий катталган абонеттердин саны 4026 адамды түзүп, мурдагы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 78 абонентке көбөйгөн. № Аталышы Абоненттердин саны (адам) Төлөмдөрдүн аткарылышы (миң сом) 202 2 жы л 202 3 жы л өсүү тем пи (%) айы рма (-/+) 2022 жыл 2023 жыл (факт ) өсүү тем пи (%) Айы р-ма (-/+) 1 Кожолук 3500 367 0 104,9 170 5104 6674, 1 123,6 856,9 2 Бюджеттик ишканалар 67 67 100,0 0,0 3279,8 3017, 7 92 -262 3 Коммерц. Ишканалар 94 99 105,3 5 1026,7 1026, 8 114,6 102,3 4 Техникалы к шарттарды берүү 287 190 66,2 -97 336,1 708,9 106,3 22,3 5 Ар түрдүү кирешелер 2119,2 2098, 6 99,02 20,6 Бардыгы 3948 4026 102,0 78 12441,0 13526,1 108,7 1085,1 Баткен “Таза суу” муниципалдык ишканасынын акыркы 5 жылдык таза сууга болгон жыйымдарынын көрсөткүчүнө анализ жүргүзгөнүбүздө төмөнкүдөй болуп чыкты. Алсак: 2019-жылы – 8 638,1 миң сом, же 107,6% га; 2020-жылы – 8 650,9 миң сом, же 88,1% га; 2021-жылы – 5 197,3 миң сом, же 72,0% га; 2022-жылы – 10 350,4 миң сом, же 78,1% га; 2023-жылы – 13 526,1 миң сом, же 102,9%га аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 1 085,1 миң сомго көп топтолгон. “Баткен Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы таштандыларды ташуу төлөмдөрүн жыйноо үчүн 2023-жылга карата бекиткен планы 3 990,0 миң сомду түзөт. Жыл жыйынтыгына карата төлөмдөрдү жыйноонун анык аткарылышынын суммасы 5 688,8 миң сомду түзүп, же болбосо 142,5%га аткарылды. Тактап айтканда “Баткен Тазалык” ишканасы планга койгон суммадан 1 698,8 миң сомго көп аткарган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу төлөмдөрдүн жыйналышы 130,6% га, же болбосо 1 335,2 миң сомго жогорулаган. Анын ичинен: Калкты тейлөөдөгү топтолуучу каражаттардын планы 2 132,6 миң сомго аткарылып, 148,9% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 692,6 миң сомго көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 664,0 миң сомго, же 145,2% га көп аткарылган. Коммерциялык ишканалардан топтолуучу каражаттар 476,3 миң сомго аткарылып, 136,0% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 126,3миң сомго көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 123,1%га же болбосо 89,5 миң сомго көп чогултулган. Ашкана жана кафе ишканалардан топтолуучу каражаттар 300,3 миң сомго аткарылып, 150,1%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 100,3 миң сомго көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 75,4 миң сомго көп жыйналып, 133,5% ды түзгөн. Бюджеттик ишканалардан топтолуучу каражаттар 2 779,6 миң сомго аткарылып, 138,9%ды түзгөн. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 506,3 миң сомго көп чогултуп, 122,2% ды түзгөн. Таблица менен көрсөткөндө 2022-жыл, январь-декабрь (миң сом) 2023-жыл, январь-декабрь (миң сом) План Факт Атка рылд ы % Айыр ма План (+,-) Факт Атка рылды % Айыр ма (+,-) Жалпы суммасы 3 150,0 4 353,6 138,2 1203, 6 3 990, 0 5 688,8 142,5 1 698, 8 Бюджеттик ишканалар 2 273,3 1 150,0 197,6 1 123, 3 2 000, 0 2 779,6 138,9 779,6 Коммерциялык ишканалар 400,0 386,8 96,7 -13,2 350,0 476,3 Тамактануучу жайлар (кафе, ашканалар) 136,0 126,3 225,0 350,0 64,27 -125,1 200,0 300,3 Калкты тейлөө 150,1 100,3 1 468,6 1 250,0 117,4 218,6 1 440, 0 2 132,6 148,0 Быйыл 2023-жыл ичинде Баткен шаарынын мэриясынын алдында муниципалдык ишкана ачылды. Атап айтсак: Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык базарлар дирекциясы: 692,6 эки жаңы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасына ылайык Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 1,5 га жер аянтына муниципалдык мал базар курулуп, 2023-жылдын 30-декабрында пайдаланууга берилди. Долбоордун сметалык баасы 16 900,0 миң сомду түзөт. Мал базардын сыйымдуулугу 1000 баш кой-эчки, 600 ири мүйүздүү малга жана 150 жылкыга ылайыкташтырылган. Мал базардын айланасында 200 автоунаага ылайыкаштырылган унаа токтоочу жай уюштурулган. Мал базар 5 штаттык бирдиктен турат. Бүгүнкү күндө мал базардын уставы юстиция органына катталды. Штаттык курамы толук бекитилип, базардын директору дайындалып жумуштар башталды. Учурда алгачкы жыйындар түшө баштады. Буга чейин майда малга 30,0 сомдон, ийри мүйуздүү малдарга 50,0 сомдон төлөп келген. Мал базар толук кандуу ишке киргизилсе аптасына 150,0 миң сомго чейин киреше түшөөрү күтүлөт. (Мал базардын айланасындагы тамак-аш сатуучулардын ижара акылары дагы кошумча жыйымдарга киргизилет) Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги “Капиталдык курулуш” муниципалдык ишканасы: Баткен шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 19-майындагы №38 токтомунун жана Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы №166 буйругунун негизинде 10 штаттык бирдик менен Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги “Капиталдык курулуш” муниципалдык ишканасы ачылды. Бүгүнкү күндө ишкананын уставы юстиция органына катталды. Штаттык курамы толук бекитилип, директору дайындалып жумуштар башталды. Ишкананынын жылдык бюджети 5000,0 миң сомго бекитилди. 2024-жылдын 8-январынан баштап ишкана толук кандуу иштей баштады. Мунапыс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31 майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун негизинде аткарылган жумуштар: Баткен шаарынын мэриясынын алдында жер мунапысын жүргүзүү үчүн туруктуу комиссияны түзүү боюнча №148 буйругу чыккан. Жер мунапысы боюнча иш чаралар башталгандан бери 26 протокол кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө чейин комиссиянын кароосуна жалпы 612 арыз келип түшүп, 562 арыз коомдук талкууга илинген. Жер мунапысы боюнча жалпы 528 жарандын 50,8 га түзгөн жер аянттары мыйзамдаштырылып, Баткен шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилип берилген. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Баткен филиалына жогорудагы берилген токтомдордун негизинде каттоого алуу боюнча 81 жарандан арыз түшүп, анын ичинен 45 жаранга мамлекеттик каттоо актылары жана техникалык паспорттор берилген. Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына корутунду алуу боюнча 225 жарандан арыз түшкөн болсо, 216 жаранга берилген. Маалым болгондой Баткен шаарынын аэропортуна эл аралык статус берилгенге чейин айланасында көп жылдан бери турак үйлөр салынып кеткен. Учурда аймактагы мыйзамсыз курулган үйлөр аэропорттун коргоо тилкелерине кирип калган. Бул аймак Чет-Булак кварталына карайт. Жер мунапысы боюнча арыз бергендердин саны 401 жаранды түзөт. Мындан сырткары дагы арыз берүүчүлөр келүүдө. Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда КРП Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2023-жылдын 1-ноябрындагы болуп өткөн жыйындын протоколуна ылайык Баткен аэропортунун коргоо тилкелериндеги мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине кайрылып, учурда 2023-жылдын 8-декабрында № 04/4/3876 макулдук каты алынды. Бүгүнкү күндө Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиясы аэропорттун коргоо тилкесине байланыштуу Чет-Булак кварталында жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын тизмеси түзүп, алардын координаттык көрсөткүчтөрү, деңиз деңгээлинен бийиктиги, аэропорттун коргоо тилкесинен алыстыгын жана соттун кароосуна кирбеген жер аянттарын тактап, мыйзамдаштырып берүү иш аракеттери жүрүп жатат. Калкты турак жай менен камсыз кылуу Калкты турак жай менен камсыз кылуу боюнча алсак, акыркы жолу Баткен шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы №03-24/264 токтому менен 337 адамга, 2012 жылдын 12-декбрындагы №03-24/330 токтому менен 283 адамга жалпы 620 адамга 0,8 сотыхтан турак жай куруу үчүн жер аянттары бөлүнүп берилген. 2023-жылдын 9 айына карата турак жайга муктаж арыз бергендердин саны 5200 адамды түздү. Башкача айтканда шаар калкынын 15,2%ы турак жайга муктаж. Баткен шаарынын мэриясы калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында шаардын Кызыл-Жол кваталынан жана Чет-Булак кварталынан жалпы 199,6 га жер аянты транформациялоо боюнча шаардык деңгээлдеги иш кагаздары даярдалып жогорку органдарга сунушталган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Респбупликасынын министрликтеринин деңгээлинде каралып жатат. Инвестиция тартуу Жалпы ички жана тышкы инвестиция тартууда план боюнча 826 900,0 миң сомдук 61 иш чара кабыл алынган болсо анын ичинен 45 иш-чара аткарылып 446 300,0 миң сомду, же 54 %ды түзгөн. Бүгүнкү күндө калган 16 иш чарада жумуштар жүрүүдө. Алсак, - республикалык бюджет - 180 500,0 миң сом; - жергиликтүү бюджет - жеке секторлор - тышкы инвестиция - ар түрдүү каражаттар - 100 100,0 миң сом; - 23 100,0 миң сом; - 23 300,0 миң сом; - 119 300,0 миң сомго аткарылган. Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун түздөн-түз колдоосу менен Республикалык бюджеттин эсебинен 469 900 миң сомдук 16 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 12 иш чарага каржылоо болуп, 180 500,0 миң сомдук 8 иш чара аткарылган. Ошондой эле бүгүнкү күндө 4 иш чарада жумуштар жүрүп жатат. Алсак, - 2023-жылга Баткен шаарынын ички жолдоруна асфальт төшөө боюнча жалпы суммасы 50 000,0 миң сомду түзгөн иш чара кабыл алынган. Республикадан жалпы 35 000,0 миң сом каржылоо болуп, Коммунизм көчөсүнүн 210 метри (2,3 млн сомго), И.Панфилов көчөсүнүн 310 метри (3,4 млн сомго), Жибек-Жолу көчөсүнүн 4 км асфальтталган. - Кызыл-Дөң кварталынын К.Турмаматов көчөсүндөгү сел арага көпүрө курулуп, 2023-жылдын ноябрында пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы суммасы 10000,0 миң сомду түзөт. Республикалык бюджеттен 7500,0 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2500 миң сом каржыланган. Дем берүүчү гранттан 3 долбоор ишке ашырылган. Алсак, - Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн 622,8 метр аралыгына тротуар курулуп, суу ноолору орнотулду. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2100,0 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 9,0 миң сом каржыланган. - Баткен шаарынын Г.Абдувалиева көчөсүнүн 748 метр аралыгына тротуар жана суу ноолору орнотулган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2 700,0 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1 200,0 миң сом каржыланган. - Баткен шаарынын Ж.Момунов көчөсүнүн 781,2 метр аралыгына тротуар жана суу ноолору курулган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2700,0 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1 200,0 миң сом каржыланган. Баткен облусун өнүктүрүү фондунан Баткен шаарынан 2 долбоор колдоого алынып курулуш иштери башталган. Атап айтсак: - Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 15,0 га жер аянтына муниципалдык соода-сатык борборун куруу долбоору ишке ашууда. “Идеал” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Долбоордун жалпы суммасы 250000,0 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 1-транш боюнча 46900,0 миң сом каржыланып, курулуш иштери жүрүүдө. - 2-долбоор: “Муниципалдык автобекет куруу” долбоору - Бүгүнкү күндө Чет-Булак кварталынын Курманжан-Датка көчөсүндө муниципалдык автобекет куруу долбоорунун курулуш иштери жүрүүдө. Долбоордун сметалык баасы 42000,0 миң сомду түзөт. Тендердин жыйынтыгы менен “Үсөн-Аман” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 2023-жылга 21200,0 миң сом каржыланган. Муниципалдык автобекетти куруу үчүн Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталынын Курманжан-Датка көчөсүнөн 1,0 га жер аянты бөлгөн. - Базар-Башы кварталындагы С.Айтматов мектебинин жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө. Долбоор 2022-жылдын июнь айында башталып, 50%га аткарылган. Долбоордун жалпы суммасы 132900,0 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айына карата бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү пландалган. - Баткен шаарынын аймагында жалпы 8,3 км аралыктагы ачык типтеги дрендерди тазалоо иштери жүргүзүлүп, 1700,0 миң сомду түзгөн. (Параң участкасында 6,3 км, Кызыл-Жол кварталынын 2,0 км) - Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталынан 0,8 га жер аянтын бөлүп, республикалык бюджеттин каржылоосу менен Баткен облусунун аймагына ротация менен келген мамлекеттик кызматкерлер үчүн 1 кабаттуу 7 батирлүү кызматтык үйлөр курулган. Курулуш 2022-жылдын январь айында башталып, 2023-жыл ичинде аяктаган. Долбоорду ишке ашырууда республикалык бюджеттен 11000,0 миңсом каржыланган. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана медициналык санитардык-эпидемиологиялык борборуна жаңы лабораториянын имаратынын курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Долбоор 2023-жылдын июнь айында башталып, 2023-жылдын декабрында бүткөрүлдү. Долбоордун жалпы суммасы 5900,0 миң сомду түзөт. Жергиликтүү бюджет Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120600,0 миң сомдук 35 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 30 иш чарага каржылоо болуп, 26 иш чара аткарылып 100100,0 миң сомду түздү. Бүгүнкү күндө 2 иш чарада жумуштар жүрүүдө. Ошондой эле калган иш чараларды каржылоо боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат. Негизгилерин алсак: - Чет-Булак кварталына муниципалдык мал базар курулуп, 2023-жылдын декабрында пайдаланууга берилди. Долбоордун сметалык баасы 16900,0 миң сом. - Ж.Назаров көчөсүнүн 761 метр аралыгына асфальт төшөлдү. Долбоордун жалпы суммасы 8900,0 миң сомду түзөт. - ЕБРРдин «Баткен шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорунун насыясы боюнча 2023-жыл ичинде 18000,0 миң сом төлөндү. - Баткен шаарынын Чет-Булак жана Тамаша-Жай участкаларына “Эмират” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 10,0 км таза суу түтүктөрүн тартуу жана суу кампа куруу долбоору ишке ашырылган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3600,0 миң сом бөлүнүп, инвесторлор тарабынан 5800,0 миң сом каржыланган. - Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын К.Турмаматов көчөсүндөгү сел арага көпүрөө курулуп, пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы суммасы 10000,0 миң сомду түзүп, 2500,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен, ал эми 7500,0 миң сом республикалык бюджеттен каржыланган. - Кызыл-Дөң кварталындагы А.Орозбеков көчөсүнүн 725 метр аралыгына тротуар куруу иштеринин кошумча жумуштары бүттү. Долбоор 2022-жылдан өткөрүлгөн иш чара. Жалпы суммасы 4260,0 миң сом. - Сел кетүүчү сай жээктерин бекемдөө, оңдоп-түзөө жумуштары аткарылды. Долбоордун жалпы суммасы 500,0 миң сомду түзөт. - Борбордук стадиондогу кичи спорт залды оңдоп-түзөө жана кийинүүчү жайды оңдоо боюнча имаратынын курулушунун кошумча жумуштары аткарылып, 8000,0 миң сом каржыланган. - Шаарда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жарыктандыруу жумуштарын аткаруу, борбордук көчөлөргө кичи таштанды урналарын орнотуу, жолбун иттерди атуу үчүн жалпы 1800,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Тышкы инвестиция тартуу - - Баткен шаары боюнча тышкы инвестиция тартууда 2 иш чара кабыл алынган. 2023 жылдын жыйынтыгына карата аткарылган жумуштардын көлөмү 23300,0 миң сомду түзөт. Алсак; Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 10,0 км аралыкка таза суу түтүктөрүн тартуу жана суу кампасын куруу долбоору “Эмират” Эл аралык коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылган. Долбоор 2023-жылдын декабрь айына карата бүткөрүлдү. Натыйжада Чет-Булак кварталынын чыгыш тарабындагы планга киргизилген участкалар таза суу менен камсыз болду. Долбоордун жалпы суммасы 9400,0 миң сомду түзөт, анын 3600,0 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Ошондой эле Баткен шаарындагы №57 Кесиптик лицейинин имараты АБР уюму тарабынан каржыланып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Долбоордун жалпы суммасы 17 500,0 миң сомду түзөт. Ар түрдүү каражаттар Ар түрдүү каражаттардын эсебинен 119800,0 миң сомдук 5 иш чара кабыл алынган. Кээ бир иш чаралар көп жылдык долбоорлор болгондуктан 2023-жылдын жыйынтыгына карата 119300,0 миң сомдук 2 долбоор ишке ашырылып, 3 долбоордо жумуштар жүрүүдө. Алсак, - Баткен облустук айлана чөйрөнү коргоо жана экология башкармасынын офистик имаратын куруу долбоорунун курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Долбоор 2022-жылдын 1 кварталында башталган. Долбоордун жалпы суммасы 32 000,0 миң сомду түзөт. - Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү "Жаштык" эс алуу багына санитардык тейлөө комплексинин курулушу башталган. Долбоордун курулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Долбоордун жалпы суммасы 5 000,0 миң сомду түзүп, 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына карата 4 500,0 миң сом бөлүнгөн. - Чет-Булак кварталынын Курманжан-Датка көчөсүнө 0,5 га жер аянтына 3 кабаттуу, 300 орундуу Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиянын алдындагы ординатордук "Медициналык илимий-окуу-дарылоо" корпусунун имаратынын куруу долбоору жүрүүдө. Долбоордун 2022-жылдын июнь айында башталган. 2024-жылдын декабрына карата пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Долбоордун жалпы суммасы 603000,0 миң сомду түзөт. - Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын куруу долбоору ишке ашууда. Долбоордун курулушу 2022-жылы башталган. Жалпы суммасы 137000,0 миң сомду түзөт. Учурда курулуш иштери жүрүүдө. - Кыргыз Республикасынын Материалдык резервдер фондунун эсебинен Баткен шаарындагы калктын аялуу катмарындагы 250 үй-бүлөгө 1 каптан 12 тонна 500 кг ун таркатылган. Жеке сектор 2023-жылдын жыйынтыгында калктын жеке ишкердүүлүгүн колдоо багытында жалпы суммасы 118000,0 миң сомдук 14 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 8 иш-чара аткарылып, 1 иш чарада курулуш иштери жүрүүдө. Калган 6 иш чараны ишке ашыруу боюнча уюштуруу иштери жүрүүдө. Алсак, - Жеке ишкер А.Парманов тарабынан Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай алкагына 1,0 гажер аянтына таш-шырдак жасоочу (брусчатка) цех куруу долбоору жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 5 000,0 миң сомду түзөт. - Баткен шаарынын Чет-Булак аймагына 35 миң тоокко ылайыкталган жумуртка багытындагы “Ак-Сай Кент” тоок фермасын куруу долбоору ишке ашырылды. Ферманын курулушуна 2,0 га жер бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө заманбап шарттары менен бастырма тибинде имараты курулуп, ишке киргизилген. Натыйжада 15 жумушчу орун түзүлүп, эмгек акы 25000 сом деп белгиленген. Күнүнө 35 миң даана жумуртка өндүрүлүүдө. Жергиликтүү бюджетке алып келүүчү кирешенин көлөмү 3000,0 миң сомду түзөт. Долбоордун жалпы суммасы 30000,0 миң сом. - Баткен шаарынын Сайдиман-Ажи көчөсүндө "Саттар-Ата" ашканасы курулуп, пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы суммасы 4600,0 миң сомду түзөт. - Жеке ишкер И.Калыгулов тарабынан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталына коомдук мончо курулуп ишке киргизилген. Долбоордун жалпы суммасы 4300,0 миң сомду түзөт. - Жеке ишкер Ташкожоев Пирмат тарабынан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталына коомдук эс алуучу жана тамактануучу жай курулуп, пайдаланууга берилген. Долбоордун жалпы суммасы 2700,0 миң сомду түзөт. - Жеке ишкер Садыков Абдинаби тарабынан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталына коомдук эс алуучу жана тамактануучу жайы курулуп, пайдаланууга берилген. Долбоордун жалпы суммасы 2100,0 миң сомду түзөт. - Жеке ишкер Калыков Амирбек тарабынан Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнө балдар ойноочу аянтча ачылып, балдардын эс алуусун тейлеп келет. Долбоордун жалпы суммасы 3700,0 миң сомду түзөт. - Жеке ишкер Жарбек уулу Бакытбек тарабынан “Бургер №1” тез татым түйүнү ачылган. Тез татым Баткен шаарынын И.Панфилов көчөсүндө жайгашкан. Бүгүнкү күндө тез татымдын 2 түйүнү ачылып, иш алып барууда. Тез татымда 8 жумуш орун түзүлгөн. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 172.9 га өнөр жай багытындагы жер аянтын максаттуу пайдалануу боюнча аткарылып жаткан иш аракеттер боюнча маалымат Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21 январындагы №617 токтомунун негизинде Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 172.9 га жер аянтын «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» багытына трансформацияланган. Бул өнөр жай алкагына бүгүнкү күндө 19 жеке ишкерден жаңы ишканаларды ачуу боюнча арыздар түшкөн. Жакынкы жылдарда 2423 жумуш орунду камсыз кылуучу 32 жаңы ишкана ачууну пландаштырып жатабыз. Бүгүнкү күндө жалпы 21,31 га жер аянты жеке ишкерлерге берилген. Өнөр жай алкагын мындан ары өнүктүрүү максатында коммуникация ж.б. маселелерин чечүүгө байланыштуу 129,8 млн сомдук төмөнкү иш чараларды аткаруу боюнча жогорку органдарга сунуштар жиберилди. 1. “Чет-Булак - Күнгөй” 5,0 км жолун асфальттоо. Долбоордун болжолдуу саммасы 61,0 млн сом. 2. “Чет-Булак - Күнгөй” 5,0 км электр энергиясын тартуу. Долбоордун болжолдуу саммасы 11,4 млн сом. 3. “Өнөр жай” алкагына 3 жерден жер астынан (скважина) суу чыгаруу. Скважина суусу жер кыртышына байланыштуу 50 метрден 80 метр тереңдикке чейин казылат. Ар бир скважинанын кубаттуулугу 15-20 л/сек. түзөт. Долбоордун болжолдуу суммасы 12,8 млн сом. 4. Өнөр жай алкагына 6,5 км канализация тутумдарын куруу. Долбоордун болжолдуу суммасы 25,7 млн сом. 5. Өнөр жай алкагына 3,0 км таза суу түтүктөрүн тартуу. Долбоордун болжолдуу суммасы 18,9 млн сом. 6. Өнөр жай алкагына 30 миң тоокко ылайыкталган “Ак-Сай Кент” жумуртка багытындагы тоок фермасы курулуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы суммасы 30,0 млн сом. Айыл чарбасы боюнча маалымат Баткен шаары боюнча 1575 га жер бар. Анын 1308 га сугат, 267 га кайрак, 650 га көп жылдык бактар. Ошондой эле шаарга тиешелүү 45,5 км арык бар. 2023-жылдын түшүмү үчүн 30,0 га жерге күздүк буудай эгилип бир жолу азыктандырылган. 2023 жылдын түшүмү үчүн 50 га жерге күздүк буудай эгилген, бир жолу азыктандырылды, былтыркы жылы 60 га болгон. 24,0 га жаздык буудай, 5,0 га жаздык арпа эгилди. Жалпы 79,0 га түзөт. Бүгүнкү күндө 267 га кайрак жер климаттык шартка байланыштуу эгилбейт. Шаарда 41 ар кандай маркадагы тракторлор катталган, анын ичинен 22 оң абалда, андан тышкары 11 соко, 2 жүгөрү себүүчү сеялка бар. Жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү үчүн 350тн жер семирткич, 40 тн дизелдик отун, 23 тн бензин талап кылынат. Жогорудагы айтылган дизелдик отун жана бензин Газпром май куюучу жайларында сатылып жатат, ал эми жер семирткичтердин бардык түрү ишкерлер тарабынан сатыкка жеткирилип турат. 2020-жылдын башында «Анварбек» айыл чарба кооперативи уюштурулуп 20,0 га жерге тамчылатып суугаруу ыкмасы менен бадам көчөттөрү отургузулган. Шаар боюнча 12 күнөскана бар. Жалпы аянты 0,68 га түзгөн күнөсканалар бадыраң, помидор шаар тургундарына менен камсыз кылып турат. «Кызыл-Дан» айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы «Кызыл-Дан» айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи 2008-жылдын 19-ноябрында түзүлгөн. Жетекчиси Дыйканов Аскарбек Ысманович бүгүнкү күндө үрөн чарбаны жетектеп келүүдө. «Кызыл-Дан» айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативине Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин 2009-жылы 8-июлундагы №190 буйругунун негизинде 2-группадагы үрөнчүлүк чарба статусу берилген. - Баткен шаарынын мэриясынын КБФнун жеринен 68,1 га, анын 66,0 га сугат, 2,1 га бак (айыл чарба багытындагы жерлер) ижарага алган. Ижара төлөмү бир жылга 286,0 миң сом. 2019-жылы 26-декабрда 10 жылга келишим түзүлгөн. - 2023-жылдын түшүмү үчүн 20,0 га аянтка “стекловидное” сортундагы күздүк буудай эгилген. Ал эми 5 га жерге Россия Федерациясынан алып келинген “Элита” сортундагы жаздык будай үрөнү эгилген. Үрөндүн 1 кг 45,30 сомдон кредитке алынган. Ошондой эле 5 га жер аянтына Россия Федерациясынан алып келинген “Элита” арпа үрөнү эгилген. Арпа үрөнүнүн 1 кг 47,06 сомдон 4,5%га кредитке алынган. Кредиттин төлөө мөөнөтү 2 жыл. Мындан тышкары 10 га жер аянтына беде эгилген. «Кызыл-Дан» айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативинин 9 техникасы, 280 м2 дан куратуучу аянтчасы (кырман) жана 500 тонналык кампасы бар. «Тегирмен башы» асыл тукум эчки чарбасы «Тегирмен башы» асыл тукум эчки чарбасы 1997-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө асыл тукум эчки заводунда” тыбыт өндүрүү багытында 1717 баш кыргыз уяң жүндүү эчки бар. 2023 жыл ичинде 852 тубар эчкиден 334 төл алынган. Ошондой эле 500 кг тыбыт таралган. «Тегирмен башы» асыл тукум эчки чарбасы кайра бөлүштүрүү фондунан 38 га жерди ижарага алып, 7,0 га аянтына беде, 29,0 га аянтына буудай, 2,0 га жерге арпа өндүрөт. Жылына 500-600 кг чейин тыбыт алат. Бүгүнкү күндө эчки чарбадагы эчкинин саны 1717 башка жетип, Баткен шаарынын 14 тургуну туруктуу жумуш оруну менен камсыздалган. II. Социалдык тармак боюнча: Социалдык төлөмдөрдү чектөө Баткен шаары боюнча 501 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 1558 балдарына “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулу чектелген. Социалдык жөлөкпул алуучулардын саны – 504 адам. Акчалай компенсация алуучулардын саны - 160 адам. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын саны - 289 адам. Сөөк коюуга (расымдык) жөлөкпул алуучулардын саны - 3 адам. Социалдык төлөмдөрдү төлөө Баткен шаары боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Республикалык бюджеттен төмөнкүдөй каржылоо жүргүзүлдү: 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул- 67 млн 251 миң 15 сом;. Социалдык жөлөкпул – 40 млн 987 миң 77 сом; Акчалай компенсация – 3 млн 84 миң сом; 9-Май-Улуу Жениш күнүнө карата ооруктун ардагерлерине - 2 адамга 30 миң 2 жүз сом төлөндү. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул– 18 млн 62 миң 917 сом; Сөөк коюуга -14 миң 38 сом. Социалдык кызмат көрсөтүү Баткен шаары боюнча жалгыз бой, ДМЧ, ТШО жалпы 20 адамды 2 социалдык кызматкерлер үйүнө барып тейлешет. Баткен шаары боюнча калктын саны 7804 үй-бүлөнү же 34010 адамды, 01.01.2024-жылга карата жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 800 үй-бүлөнү же жакырчылыктын денгээли 10,3% түздү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 53 санаториялык -курорттук жолдомолор,5 майыптык кресло-коляскалар берилди. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция Экономикалык жактан активдүү калктын саны 18801 адам Иштеген калктын саны * Эсепте турган жумушсуздардын саны 2896 адам 1352 адам 2024-жылдын 1-январына карата жалпы жумушсуздардын саны, шаар боюнча 1352 адам эсепте турат. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий катталган жумушсуздардын саны 881 адамды түзөт, алардын ичинен 415 аялдар. 2024-жылдын 1-январына карата мекемелерден жана уюмдардан түшкөн бош орундардын саны 160 бирдикти түзгөн, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылат. 2024-жылдын 1-январына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылганжарандардын саны 294 адам, анын ичинен 181 аялдар. Жалпы жумушсуздуктун деңгээлиБаткен шаары боюнча 7,19% пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 151 жумушсуз жаран ишкеорноштурулган. Ошондой эле кесипке окутуудан кийин 44 жумушсуз ишке орноштурулган. Кесипке окутуу жана кайра окутуу Жумушсуз жарандарды окутуу эн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун белгилүү-бир кесиптиктеги жумушчу күчүнүн керектөөлөрүн эске алып, иш менен камсыз кылуу кызматтарынын тарабынан кесиптик окутууга Баткен шаардык №57 кесиптик лицейге 64 адам жөнөтүлгөн. Аныны ичинен “Тигүүчү” кесибине -24, “Ашпозчу” кесибине - 24 жаран жөнөтүлүп окутулду. Социалдык контракт боюнча Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2022-жылы Баткен шаары боюнча 11 жаран менен Социалдык контракт түзүлгөн 2023-жылы Баткен шаары боюнча 65 жаран, жалпы 2022-2023 жылдары Баткен шаары боюнча 76 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен Социалдык контракт түзүлүп, кичи бизнес ачууга 100 000 сомдон кайтарымсыз каражат берилип, жумуш менен камсыз болушту. 2023-жылдын 27-июлунда. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата социалдык контракт менен иштеп жаткан жарандардын өндүргөн продукцияларынын Жарманкеси уюштурулду. 2023-жылдын 24-ноябрында Социалдык контракт алган жарандардын “Жаны-Кадам” 2-конференциясы болуп өттү, социалдык контракт менен иштеп жаткан жарандардын өндүргөн продукцияларынын Жарманкеси уюштурулду. Ички жана тышкы миграция Баткен шаары боюнча ички миграцияда 1401 жаран ал эми тышкы миграцияда 1670 жаран жүрөт. Кайрылмандар боюнча Баткен шаар аймагына 2023-жыл ичинде “Кайрылман” күбөлүгүн алуу үчүн 27 жаран кайрылган.Алардын ичинен 13 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү ыйгарылды. Персоналдык ассистент боюнча Баткен шаары боюнча бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жеке ассистент кызмат көрсөтүү боюнча 2023-жылдын декабрь айына 53 ассистентке, бир адамга айына 6268 сом төлөнүп, айына керектелүүчү сумма 332 миң 2 жүз сом, ал эми жыл башынан төлөнгөн сумма 3 млн 879 миң 89 сомду түздү. Коомдук акы төлөнүүчү жумуштар Социалдык-маданий турмуштун объектилерин (мектептерди, балдар мекемелерин, ооруканаларды, маданият мекемелерин) куруу, тарыхый-архитектуралык эстеликтерди, комплекстерди жана корук зоналарын кайра калыбына келтирүү ж.б. 2023-жылдын 12 айына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 186 адам жөнөтүлгөн. Үй -бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү. 2023-жылдын 12 ай ичинде Баткен шаарынын аймагындагы Баткен райондук статистика комитетинин маалыматы боюнча 13437 жашы жете элек балдар катталган. Соттун чечими менен 2023-жылдын 12 ай ичинде асырап алууга КРнын жарандарына – 4 бала берилген. Чет элдик жарандар асырап алуу камкордукка жана көзөмөлчүлүкө бала алуу боюнча кайрылган эмес. Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө – 2 бала соттун чечими менен берилген, 1 бала башкармалыктын 6 айлык буйругу менен берилген. Ата-энесинин багуусунан эрте ажыраган (тоголок жетим) балдардын саны 8 бала. Ата энесинин бирөөсүнүн багуусунан ажыраган (жарым жетим) балдардын саны 338 бала. Майыптыгы бар 203 бала каттоодо турат. Баткен шаарынын аймагында багып алуучу (фостердик) үй-бүлө болуу үчүн талапкерлер жана багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырылган балдар жок.(Шаар аймагында 2 үй-бүлө фостердик үй-бүлө боюнча окуудан өткөрүлүп сертификаттарга ээ болгон. ) Баткен шаарынын аймагында 2023-жылдын 12 ай ичинде жашы жете элек балдар зордук зомбулуктун кесепетинен каза болгон балдар катталган эмес. 2023-жылдын 4-кварталында миграцияда жүргөн 192 үй-бүлөнүн 384 баласы аныкталып камкорчуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Баткен шаардык билим берүү тармагында 2023-жылга карата аткарылган иштер Баткен шаарынын аймагында 6 орто мектеп, 1 гимназия мектеп-интернаты, 1 гимназия мектеби, 2 башталгыч мектеп, 6 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Бул билим берүү мекемелеринде 2023-2024-окуу жылында 7799 окуучуга 488 мугалим билим-тарбия берүүдө.Ал эми 6 бала-бакчаларда 1427 бала тарбияланып, 64 тарбиячы бар. Быйылкы 2022-2023-окуу жылында «Алтын тамга» тестирлөөсүнө Баткен шаарынан 32 бүтүрүүчү катышты. Алардын арасынан 6 бүтүрүүчү билимин тастыктап, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту. Мектептерди н аталышы Жалпы бүтүрүүчүлөр Анын ичинен ЖРТга катышканы % Упай көрсөткүчтөрү боюнча 110 упайдан жогору алган окуучулардын саны % Орточ о балл 110 упайга чейин алганы 110-150 упайга чейин алгандар 151-200 упайга чейин алгандар 200 упайдан жогору алгандар Жалпы бүтүрүүчүлөргө ЖРТга катышкандарды н санына 1 В.И.Ленин о.м 7 6 6 8 89 3 7 2 9 2 31 40, 8 45, 6 109,5 2 Бөкөнбаев о.м 5 6 5 0 89 1 6 2 9 5 34 60, 7 68, 0 119,9 3 Кызыл-Жол о.м. 3 0 2 1 70 1 0 9 2 11 36, 7 52, 4 115,7 4 С.Айтматово. м. 1 8 1 5 83 7 7 1 8 44, 4 53, 3 120 5 №3 Имарово.м 3 5 2 6 74 1 2 9 5 14 40, 0 53, 8 118,5 6 С.Огата о.м. 1 0 8 80 6 2 0 2 20, 0 25, 0 101,6 7 Гимназия мект. 6 1 6 0 98 0 9 4 6 5 60 98, 4 100 171,6 6 Жалпы: 2 8 6 2 4 8 87 8 8 9 4 6 1 5 160 55, 9 64, 5 124,4 Мектеп окуучуларынын областтык предметтик олимпиадасында 14 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылышып, Баткен шаары 30 упай менен биринчи орунга чыкты. Ал эми 2023-жылдын 22-23-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн олимпиаданын Республикалык этабында орус тили предмети боюнча 8-класстын окуучусу Аскарбек кызы Асема, химия предмети боюнча 10-класстын окуучусу Ахматов Замзамбек 1 орунду камсыз кылышты. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, быйыл Баткен шаардык Кеңешинин чечими менен мыкты окуучу Ахматов Замзамбекке "Жаш кеменгер" наамы ыйгарылып, 25 миң сом, ал эми, 5 мыкты окуучу шаардын "мыкты өспүрүмү" наамына татып, мыкты өспүрүм китебине катталды жана 5000 (беш миң) сомдон жергиликтүү бюджет тарабынан сыйлык алышты. 2023-жылдын 4-октябрында Мугалимдердин кесиптик майрамына каратаБаткен шаарынын аймагындагы 120 мугалимге майрамдык сый тамак уюштурулуп, ага Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 65000 сом колдоо көрсөтүлдү. Баткен шаары боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин жылытуу системалары жана оңдоп-түзөө жана берилген жардамдар боюнча Баткен шаары боюнча 4 мектеп 2 бала-бакча көмүр менен, калган билим берүү объектилери электр жылытуу системасы менен жылытылат. Бүгүнкү күндө бардык мектеп, бала бакчалар көмүр менен камсыздалган. 2023-2024-окуу жылында билим берүү мекемелеринин оңдоп-түзөө иштери үчүн республикалык бюджеттен 425800 сом акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери жүрүзүлдү. Ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелерине республикалык бюджеттен 516 миң сом акча каражаты бөлүнүп, тендер жарыяланып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө бардык мектеп, бала-бакчалар көмүр менен камсыздалып кампалары толгон. 2023-жылдын 1-сентябрь билим күнүндө Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу орус тилдүү мектептин курулушуна капсула салынды. Кыргыз-орус мектебинин биргелешкен курулушуна капсула салуу аземине Президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин видео онлайн форматында катышты. Жаңы башталган билим берүү мекемеси заманбап типте салынып, 2025-жылдын сентябрь айына бүткөрүү пландалууда. Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак аймактык башкармалыгынан 3 га жер аянтын бөлүп берген. Мектептин курулушу Россия Федерациясы тарабынан каржыланат. Бүтүрүүчүлөр кыргыз-орус аттестатына ээ болушат. Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгында жаңы 2 кабаттуу 500 орундуу заманбап мектеп республикалык бюджет тарабынан 2024-2025-окуу жылына карата курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Баткен шаарынын Келечек кварталындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде учурда капиталдык оңдоп - түзөө иштери жүрүүдө. Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө , мектептерге жана бала бакчаларга тартылган ички жана тышкы инвестициялар - - - - Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелерине, 2022-2023 окуу жылында Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНИСЕФ фондунан төмөнкүдөй каражат тартылган: Санитардык - гигиеналык каражаттар - суммасы 140 198 сом; Спорттук каражаттар – 431 600 сом; Санитардык дезинфекциялык каражат – 675 000 сом; В.И.Ленин, Ж.Бөкөнбаев, А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебинин суу топтоочу кампасы, ажатканасы, канализация, кол кургатуучу электр каражаты үчүн каралган каражат – 1 377 597 сом; Анын ичинен кызмат үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 947 500 сом акча бөлүнгөн. ЮНИСЕФтен тартылган инвестициялык каражаттардын жалпы суумасы – 2 624 395 сомду түзөт. Ал эми В.И.Ленин атындагы орто мектебинин жер төлөсү, Баткен областын өнүктүрүү фондунан 6 005 005 сом акча каражаты бөлүнүп, ондоп-түзөлду. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан мектептерге заманбап компьютер берилди. Жалпы суммасы – 5 852 731 сом. 2022-2023-окуу жылында билим берүү мекемелерине тартылган ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү жалпы 15 429 631 сомду түзөт. Баткен шаардык №57 Кесиптик лицейи тууралуу маалымат Баткен шаарындагы №57-кесиптик лицейинде 2022-2023-окуу жылында 128 окуучу окууну аяктады. 2023-2024-окуу жылына карата учурда 260 окуучу аталган лицейде билим алышууда. Баткен облустук Кызыл жарым ай коомунун жардамы менен окуу жайга заманбап ашкана курулду. Ошондой эле окуу жайдын устаттары менен биргеликте от казан курулуп, 1-окуу корпусундагы жылытуу системасы (отопление) ишке киргизилди. Окуу жайдын ашканасына ЮНИСЕФ уюму тарабынан 33 тонналык суу топтоочу кампа жана кол жуучу ракавиналар орнотулду. Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан №1-окуу корпусу жана жатакана капиталдык оңдоодон өтүп колдонууга берилди. Ал эми №2-окуу корпусуна жылытуучу система туташтырылып окуу үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан колдоого алынган долбоордун алкагында №57-кесиптик лицей капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүлдү, жалпы суммасы 17,5 млн сомду түзөт. Баткен шаары боюнча 2022-жылдын 12 айына карата саламаттыкты сактоо тармагында аткарылган иш чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ№23 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2021 жылдын 31-мартындагы №69 буйругу кабыл алынып, анын негизинде 2023-жылдын 9 айына карата төмөнкүдөй иш чаралар аткарылган. 2023-жылга карата шаардын аймагында жугуштуу оорулардын абалы жакшы, кооптуу же карантиндик оорулар катталган эмес. Баткен шаарында жугуштуу сарык ооруусунун алдын алуу жана азайтуу боюнча Саламаттыкты сактоо Министрлигинин № 524 буйругу жана № 32 КР токтомунун негизинде жумуштар жүргүзүлүүдө. Жугуштуу сарык оорусу 2022-жыл ичинде 36 учур катталган болсо, 2023- жыл ичинде Баткен шаарында жугуштуу сарык оорусу менен 135 учур катталып, салыштырмалуу 99 учурга көбөйгөн. 2023-жылдын 12 айына карата 11 жаш наристенин өлүмү катталган, бул көрсөткүч мурдагы жылга (10) салыштырмалуу 1 наристеге көп. Баткен шаарында төрөлгөн балдардын саны 2023 жылдын 12 айында 767 түзсө мурдагы жылга (741) салыштырмалуу 26 наристеге көп. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу Баткен шаарынын мэриясынын “Баткен шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө” №48 тескемеси кабыл алынып, шаар аймагында 2023-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин шаар аймагында ишембиликтер өткөрүлдү. 2023-жылдын март жана апрель айларында шаар аймагына төмөнкүдөй көчөттөр отургузулган: “Красный клен”, “Крымская сосна”, “Эльдарская сосна”, “Можжевельник”, жалпы жергиликтүү бюджеттен 300,0 миң ар кандай түрдөгү көчөттөр сатылып алынып отургузулду. Ал эми шаар ичине 2000 даана гүл 80,0 миң сомго сатылып алынып тигилди. Отургузулган көчөттөрдү, гүлдөрдү сугаруу жана өсүшүн камсыз кылуу максатында Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаменти тарабынан атайын 3 багбан жумушка тартылды. Мындан сырткары Ош-Раззаков жол боюна желим бөтөлкөлордү таштоочу 15 урна жасалып шаар аймагына орнотулду. Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү жана маданият тармагында аткарылган иш чаралар Баткен шаарынын спорт жана маданият тармагында 2023-жыл ичинде бардык даталуу күндөргө карата маданий жана спорттук иш чаралар өз денгээлинде уюштурулуп өткөрүлдү. Баткен шаарында 2023-жылдын 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата жогорку деңгээлдеги майрамдык салтанант өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрөгасынын орун басары Э.Байсалов катышып, көргөзмө көрсөтүү, аскердик парад, спорттук мелдештер жана концерттик программа менен коштолду. Андан сырткары 2023-жылдын 15-сентябрында Баткен шаарында орнотулган 2021-2022 жылдарда кыргыз-тажик чек арасында курман болгон баатырларыбыздын эстелигин ачуу аземи Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитеинин төрөгасы, Министрлер Кабинетинин төрөгасынын орун басары К.Ташиевдин катышуусунда болуп өттү. Андан сырткары Баткен шаарында 2 жылдан бери чек-ара окуяларына байланыштуу жаңы жыл майрамы тосулбай келгендиктен быйыл озгөчөлөнүп шаардын борбордук аянтында “Жаңы жыл 2024” майрамы салтанаттуу уюштурулуп өттү. Майрамдык салтанат ар турдүү конкурстар менен коштолуп мыкты деп тандалган номинацияларга сыйлыктар, белектер ыйгарылды жана концерттик программалар менен коштолду. 2023-жылдын 23-24-февраль күндөрү Баткен шаарынын дене тарбия жана спортунун калыптанышына, өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсан Т.Таабалдиевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке 70000 сом акча каражаты бөлүндү Ошондой эле 2022-жылдын декабрь айынан баштап 2023-жылдын январь, февраль айларында республикалык “Мектеп лигасы” долбоорунун шаардык туру өткөрүлдү. Аталган мелдешке футбол боюнча 6 мектеп, волейбол боюнча 6 мектеп, шахмат боюнча 5 мектеп жана баскетбол боюнча 1 мектеп катышты. 2023-жылдын 7-март күнү 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке 21280 сом акча каражаты бөлүндү. 2023-жылдын 18-март күнү “Нооруз - 2023” элдик майрамына карата Көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдешке Баткен шаарынан 4 команда катышты. 2023-жылдын 6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Баткен шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында өткөрүлүүчү волейбол жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү. 2023-жылдын 1-июнь - Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата спорттук иш чаралар өткөрүлдү (чуркоо, эстафета, сүрөт тартуу спортко байланыштуу). 23-24-сентябрь күндөрү Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн күнүнө карата Таэквондо WT боюнча Баткен шаарынын мэринин кубогу болуп өттү. Мелдешке жалпы 8 команда (300 дөй спортчу) катышышты 22-ноябрь күнү А.Масалиевдин 90 жылдыгына карата Баткен шаарынын өспүрүмдөр арасында спорттун “Вело жарыш” түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Жалпысынан 83 өспүрүм катышты. 24-ноябрь күнү Н.Исановдун 80 жылдыгына карата кичи-футбол боюнча Баткен шаарынын биринчилиги өткөрүлдү. Аталган мелдешке 90 560 сом акча каражаты бөлүндү. Мелдешке 150 дөн ашуун оюнчу катышты. Баткен шаарынын мэри И.Бурканов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 12 января 2022 года № 2-р (Об утверждении Плана мероприятий по цифровизации управления и развития цифровой инфраструктуры в Кыргызской…Распоряжение · 12.01.2022 · № 2-р · Утратил силу