Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана төрагасынын 2023-жыл ичиндеги жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө отчёту жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 1 Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана төрагасынын 2023-жыл ичиндеги жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө отчёту жөнүндө Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана төрагасынын 2023-жыл ичиндеги жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө отчёту жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34 жана 40-беренелерине, Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын биргелешкен кортундуларына ылайыкБаткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаардык Кеңешинин 2023-жыл ичинде шаардык Кеңештин депутаттарынын жана төрагасынын аткарган ишмердүүлүгүнө берилген шаардык Кеңештин төрагасы А.А.Ашировдун отчёту канааттандыраарлык деп табылсын (отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын №1 тиркемеси Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттардын ишмердүүлүгүнүн үчүнчү жылы жыйынтыкталды. Шаардык Кеңеш КРнын нормативдик актыларына жана Регламентине ылайык ар бир жыл үчүн иш план бекитет. Иш планга КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамында жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдарга берилген жергиликтүү маанидеги маселелер толугу менен камтылып, киргизилет. Иш планга ылайык 2023-жыл ичинде 8 пландуу кезектүү сессия өтүлүп, 106 токтом кабыл алынган. Аларды тармактарга бөлө турган болсок: 1. Өнүгүү программа, иш план, иш чаралар – 6, 2. Каржылык, финансы, инвестиция тармагы боюнча – 6, 3. Салык жана ижаралык коэффициенттер -6; 4. Ысым ыйгаруу жана наамдарды ыйгаруу – 15 5. Спорт, туризм, маданият маселелери - 1 6. Муниципалдык менчик маселелери боюнча – 5 7. Жобо, регламент маселелери – 9 8. Багытын өзгөртүү жеке менчик жана муниципалдык жер аянттары -42; 9. Муниципалдык жерлер, транформация боюнча – 12; 10. Жайыт, муниципалдык менчик жер аянттары -7; 11. Коомдук пайдалануучулар аянттары боюнча -3; 12. Жоболор, регламент бекитүү, наамдарды кабыл алуу – 5; 13. Таза суу коммуникация жана тазалыкты сактоо, көрктөндүрүү маселелери -4; 14. Жаңы муниципалдык мекемелерди уюштуруу -2 Шаардык Кеңештин ченем жаратуу иши: Шаардык Кеңештин кабыл алынган токтомдору КР 2009-жылдын 20-июлундагы “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” № 241 Мыйзамына жана шаардык Кеңештин Регламентине ылайык, нормативдик актыларын каттоого алуу жол-жобосу жасалат. Жобого ылайык сессия өткөн күндөн тартып 10 жумушчу күн аралыгында сессиянын протоколдору даярдалып, токтомдор төрага тарабынан бекитилгенден кийин жалпыга расмий сайт аркылуу жарыяланып, мамлекеттик реестрге киргиүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилет. Юстицияга кагаз түрүндө 2 нускамада жана электрондук вариантта каттоого жөнөтүлөт. Токтомдор КР нормативдик актыларында көрсөтүлгөн тартипте жана стилде жазылып даярдалат. Токтомдор негизинен шаарды социалдык жактан өсүп өнүктүрүүгө багытталат: өнүгүү программалары, иш пландар жана иш чараларды бекитүүгө, муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу жана башкарууга, жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүүгө жана аткарууга арналган. 2023-жылда башка жылдарга салыштырмалуу, жаңы жоболор жана кабыл алынды. Шаарды өнүктүрүүгө багытталган программа, иш –чаралардан сырткары, шаардын жергиликтүү жамаатынын курултайын өткөрүү жана элдик курултайга делегат шайлоосун уюштуруп, шаардын активдери менен жер-жерлерде жолугушууларды уюштурдук. Бул жолугушууларда жер-жерлердеги, негизги көйгөйлөрдөн сырт болуп жаткан көйгөйлөр менен да таанышып, иш чаралар түзүлдү. Көйгөйлөрдүн, жыл ичинде аткарууга тийиш болгон орчундууларын 2024-жылдын иш-чараларына киргизүүгө аракет жасадык. Шаардык Кеңештин кабыл алган чечимдери, уюштуруу иштери расмий сайтта, социалдык түйүндөрдө, массалык маалымат карааттарында жарыяланып калкка жеткирилип келет. Расмий сайтта сессиялардын чечимдери, Кеңештин иши жөнүндө Жобо, отчёттор, Регламент, иш пландар жана программалар жайгаштырылган. Баткен шаардык Кеңеши 31 депутаттан жана аппараттык кызматкерлерден турат. 31 депутаттын жыл башынан бери карай 2 депутатыбыз өз калоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазышып, алардын ордун толуктоо үчүн депутат мандат алып келишти, 1 депутаттык орун бош турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги максаты-ар бир Баткен шаарынын тургунун жашоо деңгээлин көтөрүү жана сапатын жакшыртуу. Шаардык Кеңештин депутаттары шаардын аймагында иштеп жаткан турмуш-тиричилик обьектилердин ишинде туруктуулукту, жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бардык зарыл чараларды көрдү. Бул жыл оңой болбосо да, 2021-2025-жылдарга пландаштырылган максаттуу программаларды жана маселелерди пландаштыруу жооптуу жылында ишибизди туруктуу жана системалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк бергендигин дароо белгилеп кетким келет. Бүгүнкү күндө шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, биз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын да, шаардык Кеңештин төрагасынын да ишине түздөн түзбаа бере алабыз. Биз ошондой эле шаардын аткаруу бийлиги менен бирге канчалык үзгүлтүксүз жана кесипкөй иштеп жатканын баалайбыз, анткени биздин жарандардын жыргалчылыгы гана эмес, шаардын өзүнүн көрүнүшү жана бакубаттуулугу, анын инфраструктурасынын өнүгүшү, инвестициялык жана туристтик жагымдуулугу ал эми жумуш орундары пайда болушу бул биздин ишмердүүлүккө байланыштуу. Туруктуу депутаттык комиссиялардын ишин талдап, алардын отчётторун карап чыккандан кийин Кеңештин оперативдүүлүгү жөнүндө ишенимдүүлүк менен айтууга болот. 2024 жылга карата туруктуу депутаттык комиссиялардын отчёттору бекитилди. Ошондой эле алардын иши тууралуу кыскача маалымат сессиянын бүгүнкү отурумунда Кеңештин иши боюнча берилген маалыматта бар. Депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укутарын ишке ашырууга, аларды зарыл маалыматтар менен камсыз кылууга, жарандарды кабыл алууну уюштурууга, шайлоочулардын, эмгек жамааттарын жана коомдук уюмдардын алдында отчётторду жүргүзүүгө жардам берүү жагынан шайлоочулардын добуш берүү мезгилинде айтылган сунуштарын жана сын-пикирлерин турмушка ашыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Баяндамалар, ошондой эле Кеңештин сессиясында депутаттар айтылган сунуштар жана сын пикирлер менен кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт. Шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган иш-чаралар Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2023-жылы ийгиликтүү аткарылды десем болот. Мисалы: Чет-Булак кварталына мал базардын курулушу, толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 2023-жыл шаардык Кеңеш, шаар мэриясы менен биргеликте шаардын тургундарынын жашоосуна зарыл болгон милдеттерди тез арада чечүүнүн иш жүргүзүүдө. Биздин биргелешкен ишибиздин алкагында биз сыймыктана турган нерселерибиз бар. Шаар аймагында балдардын келечегине кам көрүүдө, балдарыбызга стимул берүү менен алардын жасаган алга умтулуусун колдоп даңазалоо максатында, шаардык Кеңештин төрагасы катары демилге көтөрүп бүтүрүүчү класстардын мындан аркы билимин өркүндөтүү кадамына кошкон салым катары 9-11-класстардын окуу жылында жетишкен ийгиликтерин балоо максатында Баткен шаарынын “Жаш Кеменгери” наамын ыйгаруу сыйлыгын кабыл алдык, бул өзгөчө сыйлык катары баалап кетким келет. Атап айтканда шаардын келечекте илим-билимдүү жаштардын тарбиялануусуна колдоо көрсөтүү максатында “Жаш Кеменгери” наамын ыйгаруу жобосу кабыл алынып, бул наам жыл сайын шаардык мектептерден орто билим алган, бүтүрүүчүлөр арасында жүргүзүүлөөрү аныкталган. Бул жобого ылайык “Жаш Кеменгери” наамы биринчи жолу ыйгарылып, шаардык окуучулар арасында, кызуу шыктандырууну жаратты. Ушундай эле, шаардын символикаларын жаңылоо ниетибиз да ишке ашып, шаардын Гимнин кабыл алдык. Мындан сырткары шаарыбыздын расмий белгилери, атрибуттарын жаңылоо сунушун да шаардык Кеңеш колго алып, аны жаңылоо үчүн аткаруу органына сунуштап бердик. Символикаларыбызды заман талабына ылайык жасап, кабыл алышыбыз да бул тарыхый өзгөчөлүк болуп калат деген ишеничтемин. Албетте, ресурстар ар дайым чектелген, өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде, бул Кыргызстандын салыштырмалуу борборлоштурулган бюджеттик тутумуна байланыштуу. Жөнөкөй айтканда, акча ар дайым жетишпейт. Бир да мамлекеттик башкаруу органына, бир да муниципалитетке жада калса, акча дүйнөдө бир да бюджетте жетиштүү эмес, анткени адамдын керектөөсү, аларды канааттандыруунун мүмкүнчүлүгүнө караганда тезирээк өсөт демекчимин. Шайлоочулардын тапшырыктары боюнча биргелешкен комиссия түзүлүп, мэрия жана муниципалдык кызматчылар менен биргеликте буйруктардын аткарылышын текшерүү иштерин жүргүзүштү. Бүгүнкү жыйындын алкагында бул комиссиянын иши боюнча да отчёт берилип, шайлоочулардын аткарылган тапшырыктарын көзөмөлдөн алып салуу боюнча чечимдин долбоору сунушталат. 2023-жылы жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алууда 65 атуул болуп, алардын арыз даттанууларлы чечилүүгө көмөк көрсөтлдү Жеке кабыл алууда жарандар тарабынан берилген бардык суроолор ар тараптуу каралып, жекече түшүндүрмөлөр берилди. Ар бир кайрылуу Баткен шаардык Кеңешинде катталып, ал жабылганга чейин каттуу эсеп жана көзөмөл жүргүзүлөт. 2023-жылдын аягында Кеңештин Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу үчүн; Баткен шаардык Кеңешинин аппараты 2011-жылдын 5-августундагы №452 “Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттрынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 1 саясый муниципалдык кызмат оруну (төрага), 3 штат бирдиги кармалган. КР Өкмөтүнүн №452 05.08.11 токтомун негиздеп Баткен шаардык Кеңешинин 4-чакырылышынын 4-сессиясынын № 3-4 токтому менен 1-иш кагаздарын жүргүзүүчү штат бирдигин кармап келет. Аппараттык кызматкерлер, өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде иш алып барат. Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгү “Санариптештирүүгө” 2021-жылдын январь айынан баштап өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө кирүү жана чыгуу каттары, кадр кызматынын “E” кызматы 2021-жылдан бери карай жүргүзүлүп келет. 2023-жылдын январь айынан баштап шаардык Кеңештин кабыл алган токтомдору, өндүрүштүк буйруктар, иш сапары, буйруктары толугу менен электрондук жүргүзүүгө өткөрүлдү. Кеңештин аппаратынын кызматкерлери башка шаардык кеңештердин кызматкерлери менен Жогорку Кеңештин адистери, Кеңештердин иштерин координациялаган агенттиктер менен иш алып барышат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун мамлекеттик жана коомдук органдары, эмгек жамааттары, коомдук уюмдар, ишканалар (бирикмелер), уюмдар, мекемелер жана жарандар менен бирдикте, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык эл аралык мамилелерде Кеңештин атынан чыгып, 2023-жылы шаардык Кеңештин депутаттарынын активдүү интерноцианалдык иш-аракети улантылды. Жооптуу катчы Ж.Алдашова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №452 "Об утверждении типовых структур и штатной численности аппаратов городских кенешей городов республиканского…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Утратил силу