Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Булак айылдык кеңешинин «Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXХIII-сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 44 Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун жана Кара-Булак айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2 пунктунун 10-пунктчасынын негизинде, Кара-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, Кара-Булак айылдык кенеши токтом кылат:
Кара-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
Кара-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары иш планда көрсөтүлгөн тапшырмаларды өз убагында аткарууга алуу жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
К.Шакиров
БЕКИТИЛДИ Кара-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: _________ К.Шакиров 2024-жылдын “____” ______ № ___ токтому менен
Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн жылдык иш планы
№
Айылдык кеңештин сессиясында карала турган маселенин аталышы
Сессия өтүүчү күн
Маселени кароонун тартиби жөнүндө кыскача маалымат
Каралуучу маселенин жооптуу адамы, аткаруучу (жооптуу адам, мекеменин, уюмдун жетекчиси)
Бул маселеге жооптуу А/К тин туруктуу комиссиясы
Маселени кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган А/К нын чечими (буйрук,токтом)
Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу формалары (Кыргыз Республикасы нын “ЖӨБ жөнүндө”Мыйзамы-нын 7-беренеси)
I квартал
1.
Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө.
Январь
Кара-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы менен таанышуу.
Аайылдык кеңештин төрагасы.
А/К тин төрагасынын орун басары,туруктуу комиссиялардын төрагалары, А/К тин жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча айылдык кеңештин сессиясында баяндама жасашат.
Кара-Булак айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
Жарандардын жана башка кызыктар адамдардын айылдык кенештин сессияларына катышуусу.
2.
Айылдык кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларынын 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө.
Январь
Кара-Булак айылдык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планы менен таанышуу.
А/К төрагасы- нын орун басары, А/К туруктуу комиссиясынын төрагалары, А/К жооптуу катчысы.
АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.
2024-жылга туруктуу депутаттык комиссиялардын иш пландарын бекитүү. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
Жарандардын жана башка кызыктар адамдардын айылдык кенештин сессияларына катышуусу.
3.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,аймак-тын социалдык – экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо бюнча программасынын аткарылышы тууралуу.А.Ө башчысынын отчету.
Февраль
Айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,аймактын социалдык экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчысынын отчетун угуу. АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу.Айылдык кеңештин жооптуу, туруктуу комиссиясынын корутундусун, А/К депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
А/Ө башчысы, ФЭБ жетекчиси
А/К тин туруктуу комиссияларынын төрагалары(айыл-дык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча сессияда туруктуу комиссиянын корутундусу тууралуу баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)
2023-жыл үчүн А/Ө башчынын отчетун кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу.
Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.
4.
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин такталган планын жана 2025-2026-жылдар үчүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө.
Февраль
Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу:
- АӨ башчысын (АӨнүн ФЭБ башчысын),
АКтин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы,
- башка кызыкдар адамдардын
Өнүгүү программаларын пландарын, социалдык экономикалык программасы, иш-чаралар планы эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет.
АӨ башчысы ФЭБ жетекчиси
Бул маселе бюджет боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, анализдөө жана баалоонун жыйынтыктары.
5.
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы КААБнун (коомдук алдын алуу борборунун) аткарган иштеринин абалы жөнүндө.
Март
Коомдук тартипти коргоо жана мыйзам бузууларды болтурбоо маселелери боюнча 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
- аксакалдар сотунун төрагасын,
-КААБнун (коомдук алдын алуу борборунун) төрайымын,
- мыйзам бузуулар боюнча ,
- Айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын,
А/Ө аймагында тартип бузууларды болтурбоо тууралуу программалардын долбоорлорун карап чыгуу жана бекитүү.
А/Ө башчысы (А/Ө башчысы-нын орун басары). Аксакалдар сотунун төрагасы, КААБнун төрайымы
Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Маалыматты уккандан кийин айылдык кеңеш токтом кабыл алат, коомдук тартипти коргоого жана укук бузууларды болтурбоого багытталган тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилет.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
6.
Коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуунун абалы жөнүндө.
Март
Коомдук тартипти коргоо жана мыйзам бузууларды болтурбоо маселелери боюнча 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
- Ички иштер бөлүмүнүн өкүлүн (участкалык милициянын- макулдашуу боюнча),
- мыйзам бузуулар боюнча ,
- жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору. (макулдашуу боюнча),
- билим берүү мекемелеринин (мектептер,жетекчилерин (макулдашуу боюнча);
- Айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын,
АӨ аймагында тартип бузууларды болтурбоо тууралуу программалардын долбоорлорун карап чыгуу жана бекитүү.
АӨ башчысы (АӨ башчысы-нын орун басары) ИИБ жетекчиси (участкалык милиция), Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо боюнча комиссия-нын төрагасы, айыл башчы, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектору.
Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Маалыматты уккандан кийин айылдык кеңеш токтом кабыл алат, коомдук тартипти коргоого жана укук бузууларды болтурбоого багытталган тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилет.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
7.
Кара-Булак айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдагы аткарган иштери жана 2024-жылга иш планын, бюджетин бекитүү жөнүндө. Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо.
Март
2023-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда):
- Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо;
- 2024-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык иш планы;
- Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү;
- жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү.
Жайыт комитети-нин төрагасы, А/Ө башчысы (же башчынын орун басары)
Агрардык жана жер маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга А/К сессияларына катышуусу.
8.
Айыл чарба багытындагы жерлерди, мамлекеттик фонду (АЧЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жана КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2021-жылдын 17-декабрында кабыл алынган № 309 токтомунун (2022-жылдын 9-сентябрь № 494) өзгөртүү киргизилген токтомунун аткарылышы жөнүндө айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуу.
Март
Келечекке пландын аткарылышы, АЧЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. АЧЖМФ жерлерин аймагынан А/Ө аймагында жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда). АЧЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЧЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда).
АӨ башчысы, жер адиси, АЧЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы.
Агрардык жана жер маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу
Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу
9.
Инвестицияларды жана гранттарды тартуу.
Март
Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча АӨ башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу.
А/Ө башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчи-лери (макулда-шуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар.
Инвестициялар жана гранттар маселелери боюнча жооптуу айыл өкмөтүнүн башчысы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунунаткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.
Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.
10.
Жазгы талаа жумуштарын уюштуруу жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуу.
Март
Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын орун басарынын маалыматын угуу:
- жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча,
АӨ башчысы, АӨ башчысы- нын орун басары (зарыл болгон учурда мекеме ишканалар дын жетекчиси)
Жер жана агрардык маселелери, боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу.
11.
Коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандырууда аткарылып жаткан иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуу.
Март
Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын орун басарынын маалыматын угуу:
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча;
- жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга каралган каражаттар боюнча. Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу.
АӨ башчысы, АӨ башчысы- нын орун басары (зарыл болгон учурда мекеме ишканалар дын жетекчиси
Социалдык маселелер боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу.
II квартал
12.
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу.
Апрель
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
- АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, МИ жетекчисинин), айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусу.
Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу.(ФЭБ башчысы) Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү.(А/К)
А/Ө башчысы (А/Ө башчысы-нын орун басары, МИ жетекчиси) айыл башчы.
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
13.
Жер пайдалануу, айыл аймактын ген планын даярдоо жана архитектура ченемдери, турак жай үчүн жер тилкелерин тактоо, трансформациялоо боюнча айыл өкмөт башчысынын иш аракеттерин кароо.
Апрель
Жер пайдалануу, айыл аймактын генпланын даярдоо жана архитектура ченемдерин сактоо, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
- АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын),
- архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрүнүн.
АК туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет:
- Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
- Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы;
- Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу;
- Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы.
Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо
АӨ башчысы (башчынын орун басары), АӨгө караштуу жер комиссияларынын төрагалары, архитектура жана мамкаттоо-нун өкүлдөрү
Жер маселелери жана муниципалдык менчик боюнчажооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары
14.
Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу.
Апрель
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу:
- АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары),
- калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу ишканасынын жетекчиси.
-калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу ишканасынын жетекчиси. Калктуу конуштарды сугат суу менен камсыздоо жаатындагы СПА жетекчисин.
АӨ башчы (же АӨ башчысы-нын орун басары), Калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу ишканасын-ын жетекчиси.
Социалдык маданий,комунал-дык чарба,спорт боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу.
15.
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу
Май
Спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматты угуу:
- АӨ башчысынын (же АӨ башчысынын орун басарынын),
- билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин (макулдашуу боюнча);
- айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасынын.
Жергиликтүү бюджетте каражат болсо каржылоо маселесин карап чыгуу. Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн, ошондой эле АӨ аймагында массалык спортту ишке ашыруу жана өнүктүрүү программаларын карап чыгуу жана бекитүү.
Массалык жана спорттун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү графигин карап чыгуу.
АӨ башчы (же АӨ башчысы-нын орун басары), айыл башчы, билим берүү мекемелеринин жетекчи-лери(макулдашуу боюнча).
Социалдык маселелер, спорт жана дене тарбиясы боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу.
16.
Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу.
Июнь
АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын), калктуу конуштун ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактардын маалыматын угуу. Жергиликтүү бюджетте финансы каражаты болгон учурда муниципалдык транспорттук ишкананы түзүү жана анын ишин уюштуруу маселесин караштыруу. Окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени демөөрчүлөрдүн, инвестициялардын, гранттардын жана башка каражаттардын жардамы менен чечүү.
АӨ башчысы, транспорт-тук уюмдардын жетекчилери, коомдук транспорт менен жүргүнчү-лөрдү ташыган юридикалык жактар.
Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
АК токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардына, АК сессияларына катышуусу.
17.
Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларга отчет беришет, шайлоочулардын суроо талаптарын аткарышат.
Июнь
Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардын планын жана графигин карап, бекитүү. АӨ башчысына, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине шайлоочулар менен жолугушууну графикке жана иш-чаралар планына ылайык уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү үчүн жайларды бөлүп берүү, шайлоочуларга жолугушуу өтүү убактысы жана орду жөнүндө кабар берүү, ошондой эле депутатка шайлоо округунда отчет берүүгө көмөкчү болгон башка чараларды көрүү. Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуу. Шайлоочулардан түшкөн сунуштар, даттануулар жана арыздар боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу.
АӨ башчысы, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
Этика, мандат боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Шайлоочулар Дан түшкөн сунуштарды, даттанууларды жана арыздарды эске алуу менен айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардына, АК сессияларына катышуусу.
III квартал
18.
2024 -жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу А/Ө башчынын отчету.
Июль
АӨ башчысынын айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,социалдык экономикалык өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу 1-жарым жыл үчүн А/Ө башчынын отчетун угуу. 1-жарым жыл үчүн А/Ө башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. АКтин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, А/Ктин депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен А/Ө башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
А/Ө башчысы.
АК төрагасынын резолюциясы менен аныкталган жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
2024-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн АӨ отчетун кабыл алуу, АК токтомун кабыл алуу, жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу.
19.
Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу.
Август
Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу:
- АӨ башчысынан (АӨ ФЭБ башчысынан),
- АК туруктуу комиссиясынын төрагасынан,
- башка кызыкдар адамдардан
Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт.
АӨ башчысы, ФЭБ башчысы.
Бюджет боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт
АК жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу.
20.
Ыксыз чыгымдарды жана ашыкча каада-салтты, ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча иш-чараларды көзөмөлдөө.
Август
Ыксыз чыгымдарды жана ашыкча каада-салттардагы ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуу,
- АӨ башчысы АӨ башчысынын орун басары, А/Ө социалдык кызматкерлери.
- тийиштүү мекемелердин жетекчилери;
- АК социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
АӨ башчысы (же АӨ башчысы - нын орун басары), мекемелер-дин жетекчи-лери.
Социалдык маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт
А/Кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу.
21.
Аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр менен иш алып баруу.
Сентябрь
Ар бир айылда аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр туралуу социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралат. Айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин маалыматын угуу.
АӨ башчысы (же АӨ башчысы - нын орун басары), АӨ социалдык кызматкерлери.
Социалдык маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт
А/Кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу.
IV квартал
22.
Кара-Булак айыл өкмөтү тарабынан 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдык иштери жөнүндө.
Сентябрь
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу:
- АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары),
- тийиштүү мекемелердин жетекчилери;
- АК туруктуу комиссиясынын төрагасы.
Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо.
АӨ башчысы (же АӨ башчысы - нын орун басары), мекемелер-дин жетекчи-лери.
Социалдык маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
А/К токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу.
23.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу.
Октябрь
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу. Өзгөчө кырдаалдар үчүн жергиликтүү бюджетке каражатты караштыруу жана кошуу.
АӨ башчысы (башчынын орун басары)
Өзгөчө кырдаал маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу.
24.
Айылдык кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларынын отчетторун угуу.
Ноябрь
2024-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу. Айылдык кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу. АКтын төрагасынын орун басарынан АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу. 2024-жылга айылдык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 2024-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү.
АК төрагасы-нын орун басары, АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы.
АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.
Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун 2024-жылга АКтин иш план-ын,2024-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу.
25.
АКтын депутаттарынын, АӨ адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо.
Декабрь
АКтын жигердүү, көрүнүктүү депутаттарына, АӨнүн адистерине, ААнын жашоочуларына айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык сыйлыктарды тапшыруу, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселелери боюнча АӨнүн башчысын (АӨнүн башчысынын орун басарын), АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу.
АӨнүн башчысы, АК төрагасы, орун басары, туруктуу комиссия-нын төрагалары.
Этика жана мандат боюнча туруктуу комиссия өзүнүн корутундусу боюнча сессияда баяндама жасайт.
Сыйлоо тууралуу айылдык кеңештин төрагасынын Буйругу.
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу.
Практикалык иш чаралар
1.
Кара-Булак айылдык кеңешинин сессияларында жана туруктуу комиссияларынын отурумдарында карала турган маселелерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо.
Иш пландар боюнча
Туруктуу комиссиялар, кеңештин аппараты
2.
Айылдык кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдорду Кара-Булак айылдык кеңешинин сайтына жайгаштыруу.
Ар бир сессиядан кийин
Жооптуу катчы.
3.
Кара-Булак айылдык кеңешинин токтомдорунун, туруктуу комиссияларынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө.
Аткаруу мөөнөттөрү боюнча
Регламент, депутаттык этика, мандат жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо маселелери боюнча туруктуу комиссия.
4.
Кара-Булак айылдык кеңешке келип түшкөн кайрылууларды, каттарды жана арыздарды өз убагында кароо жана жыйынтыгын ээлерине билдирүү.
Мыйзам чегинде
Кеңештин аппараты.
5.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган жыйындарга, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган окуу семинарларга активдүү катышуу.
Чакыруу боюнча
Туруктуу комиссиялар, кеңештин аппараты.
6.
Жергиликтүү бюджет боюнча айыл аймактагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн коомдук угууларды уюштуруу жана коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу.
Иш пландар боюнча
Экономика-фининсы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
7.
Депутаттар өз окуругундагы шайлоочулар менен жолугушуу жана аткарган иштери боюнча отчет берүү.
Июнь
Айылдык кеңештин депутаттары
8.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелери боюнча, айылдык кеңештер менен тажрыйба алмашуу.
Жыл ичинде
Айылдык кеңештин депутаттары
9.
Кара-Булак айыл аймагында өткөрүлгөн коомдук, маданий жана спорттук иш чараларга активдүү катышуу.
Дайыма
Туруктуу комиссиялар кенештин аппараты
10.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айыл аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо.
Декабрь
Туруктуу комиссиялар, кеңештин аппараты.
Жооптуу катчы: Г.Жумаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.