# А.Масалиев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-январындагы №28/3 "А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-январындагы №03-24/21 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: А.Масалиев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-январындагы №28/3 "А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-январындагы №03-24/21 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28/3
- Дата принятия: 18.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001530>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23512/edition/2874/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: А.Масалиев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-январындагы №28/3 "А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-январындагы №03-24/21 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому (ред. от 18.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001530

---

А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы

2024-жылдын 18-январы № 28/3

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-январындагы №03-24/21 сандуу катын кароо жөнүндө

2021-жылдын 27-октябры № 4962-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана суу пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомуна негиз Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткандын протоколдук тапшырмасы жана айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясынын чечимине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү “Кара-Дөбө” суу пайдалануучулар ассоциациясы, жайыт комитети, Исфайрам таза суу муниципалдык иш канасы менен бириктирилип,А.Масалиев айыл өкмөтүнүн астындагы муниципалдык иш кана болуп түзүлүүгө макулдук берилсин.

Жогоруда аталган иш каналардын инвентаризациясы жүргүзүлүп, жаңы түзүлө турган муниципалдык ишканага өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Галботоев
