Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин «2023-жылдын 14-ноябрындагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXI сессиясында кабыл алынган Сулайманов Анарбекке №730, №731 контурундагы аянты 1,65 га жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндөгү №5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 23-январы № 7
2023-жылдын 14-ноябрындагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXI сессиясында кабыл алынган Сулайманов Анарбекке №730, №731 контурундагы аянты 1,65 га жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндөгү № 5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндөгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 токтому менен бекитилген редакциясына ылайык) ЖОБОсу”, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин № 4 статьясынын (“Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес” жөнүндөгү) № 4 пунктуна карама каршы келгендигин белгилеп жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын № 39 беренесинин “Жергиликтүү кеңештин чечимдери” жөнүндөгү (“жергиликтүү кенештин чечимдери алар кабыл алган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн” деген) № 5 пунктун жетекчиликке алып Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын XXXIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 14-ноябрындагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXI сессиясында кабыл алынган № 5 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иш алып баруу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Мамыралиев А.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Постановление Правительства КР от 17 июня 2008 года № 306 "Об утверждении Положения о порядке предоставления малопродуктивных сельскохозяйственных угодий для освоения и ведения…Постановление · 17.06.2008 · № 306
Показаны 2 из 3. Полный список - в панели ссылок.