# БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИнин 2023-жылдын 14-ноябрындагы. №5 "Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичтин Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордоку мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы аянты 1.65 га жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИнин 2023-жылдын 14-ноябрындагы. №5 "Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичтин Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордоку мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы аянты 1.65 га жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 14.11.2023
- Статус: Утратил силу
- Редакция от: 23.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001320>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23407/edition/2566/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИнин 2023-жылдын 14-ноябрындагы. №5 "Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичтин Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордоку мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы аянты 1.65 га жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001320

---

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 23-январындагы № 7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 14-ноябры. №5

Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичтин Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордоку мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы аянты 1.65 га жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндө.

Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичтин Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордоку мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 10-майындагы №01-9/12 кириш сандуу арызын карап жана айылдык Кенештиндепутаттарынын «Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология» боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 3-августундагы №11 чыгыш сандуу протоколун талкуулап жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндөгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы №510 токтому менен бекитилген редакциясына ылайык) ЖОБОсун” жетекчиликке алып жана айылдык Кеңештин депутаттарынын жергиликтүү бюджетти көбөйтүү ошондой эле экологияны коргоо жөнүндөгү сунуштарын угуп, карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичке, Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордок мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы аянты 1.65 га жайыт жер тилкеси 7 (жети) жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүнүп берилсин.

1. Сулайманов Анарбек Бузурманкулович менен айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүү жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Түзүлгөн келишимде, Сулайманов Анарбек Бузурманкулович тарабынан 16500 (Он алты миң беш жүз) сом акча каражаты 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түрдө ар жыл сайын өз убагында кечиктирилбей Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине төлөөнөрү белгиленсин.

4. Жашылдандырууга берилген жер тилкесинин 7 (жети) жылдык мөөнөтү бүткөн соң Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичке кайрадан пайдаланууга мөөнөтү узартылып берилери же жеке менчигине өткүрүлүп берилери эске алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институтунун Мамлекеттик ишканасынын алдындагы Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынан тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына Боо-Терек айыл өкмөтү тарабынан Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичке пайдаланууга Мамлекеттик АКТ күбөлүгүн алуу үчүн уруксат берүү жөнүндөгү ченемдик уруксат актысы даярдалып берилсин.

7. Аталган жер тилкеси жашылдандырылып, мөмө-жемиш түшүмүн бергенден кийин, жайыт жер категориясынан айыл чарба өндүрүштүк жана багбанчылык категориясына которуу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештиндепутаттарынын «Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага Мамыралиев А.
