# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-декабрындагы № 69 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-декабрындагы № 69 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 69
- Дата принятия: 05.12.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.12.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001172>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23322/edition/2394/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.12.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-декабрындагы № 69 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 05.12.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001172

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

2023-жылдын 5-декабры №69

Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомуна ылайык, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобосун” жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамын бекитүү маселесин карап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясы токтом кылат:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Суу айыл аймагында укук бузуулар боюнча иштерди кароо үчүн комиссиясынын курамы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Кабылова Айнур Турарбековна -айыл өкмөтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис, комиссиянын төрайымы; Орозбаева Анара Докдурбековна -айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адис, комиссиянын катчысы; Мүчөлөрү: Усмонова Юлдуз Магдижоновна -айыл өкмөтүнүн маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча адис; Кабылбекова Перизат Бактыбековна -айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис; Осмонкулов Тынчтык Осмонкулович -аймактык тескөөчү.

3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү жобосуна” ылайык бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбеков камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Р.Биримкулов
