Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Суу айылдык кеңешинин «Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры №69
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомуна ылайык, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобосун” жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамын бекитүү маселесин карап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагында укук бузуулар боюнча иштерди кароо үчүн комиссиясынын курамы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Кабылова Айнур Турарбековна -айыл өкмөтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис, комиссиянын төрайымы; Орозбаева Анара Докдурбековна -айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адис, комиссиянын катчысы; Мүчөлөрү: Усмонова Юлдуз Магдижоновна -айыл өкмөтүнүн маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча адис; Кабылбекова Перизат Бактыбековна -айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис; Осмонкулов Тынчтык Осмонкулович -аймактык тескөөчү.
3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү жобосуна” ылайык бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбеков камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Р.Биримкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.