# Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 28/17-1 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 28/17-1 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28/17-2
- Дата принятия: 05.09.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.09.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001127>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23301/edition/2359/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.09.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 28/17-1 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө" токтому (ред. от 05.09.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001127

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы

2023-жылдын 5-сентябры № 28/17-1 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрь №494 “Жер – укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” токтомун аткаруу максатында жана айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин максаттуу пайдалануу максатында жана Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 07.08.2023ж. №01-03/323 катындагы маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьево айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ананьево айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 пайыз менен көрсөтүлгөн жерлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине убактылуу келишимдин негизинде ижарага пайдаланууга берилсин.

2. Ананьево айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине берилгенден кийинки 50 пайыз жерлери айыл өкмөтүнө пайдаланууга берилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьево айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

С.К.Мамагулов
