Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 01-январынан 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгына жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы 2023-жылдын 5-июну № 6 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 01-январынан 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгына жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2021-жылдын 01-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн, ушул мезгил аралыгына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2021-жылдын 01-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отчетунун жана сунушунун негизинде келтирилген кемчиликтер боюнча төмөнкү иш-чаралар көрүлсүн:
а)Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аппараттагы кызматкерлеринин чогулушунда каралып, тийиштүү адистердин жоопкерчилиги талкууланып, мындан ары катачылыктарга жол бербөө жагы эскертилсин.
б)Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө, электр энергиясын пайдаланууда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежелери” жөнүндөгү токтомунун нормаларын аткарууга алынсын.
в)Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куруу иштерине сарпталган бюджеттик каражаттарды максатуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди мындан ары кайталанбаганы боюнча чечкиндүү чаралар көрүлсүн жана техникалык көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте айыл башчылар жогорудагы иштерди аткарууда көзөмөлдөөлөрү күчөтүлсүн.
г)Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө бухгалтердик эсебин жүргүзүү жана финансылык отчетторду түзүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобоону бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Жобоого ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:
К. Сатторов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Постановление Правительства КР от 22 августа 2012 года № 576 "Об утверждении Правил пользования электрической энергией"Постановление · 22.08.2012 · № 576
- Приказ Министерства Финансов Кыргызской Республики от 25 декабря 2018 года №137 "Об утверждении Положения по ведению бухгалтерского учета и финансовой отчетности в секторе…Приказ · 25.12.2018 · № 137 · Утратил силу