# Куршаб айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 63 "Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Куршаб айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 63 "Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 63
- Дата принятия: 24.01.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.01.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000984>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23225/edition/2088/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.01.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Куршаб айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 63 "Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому (ред. от 24.01.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000984

---

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 24-январы № 63 Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куршаб айыл аймагынын Шагым айылынын тургуну Курманбек уулу Нургазынын менчигинде турган Куршаб айылы борбордук базардын аймагы №197 дареги боюнча жеңил автоунаалар токтоочу жай багытындагы 380,0кв.м жер тилкеси соода-сатык курулуш багытына өзгөртүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык архитектуралык эрежелерди сактоо менен курулуш курууга макулдук берилсин.

2. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Э. Жумаев
