# Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-декабры №35 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-декабры №35 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 35
- Дата принятия: 12.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000958>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23211/edition/2062/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-декабры №35 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000958

---

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

2022-жылдын 12-декабры №35 Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2–пунктунун талаптарына ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына 2023-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2–пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгы киргизилсин.

2.Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” негизинде айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын эсептөөнү жүргүзүү жана колдонуу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору М.Шерикбаевге милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу, салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Асантай уулу А
