Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Төбө айылдык кеңешинин «Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2022-жылдын 12-декабры №35 Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2–пунктунун талаптарына ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына 2023-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2–пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгы киргизилсин.
2.Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” негизинде айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын эсептөөнү жүргүзүү жана колдонуу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору М.Шерикбаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу, салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Асантай уулу А
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 18.01.2022 · № 4