# Орозбеков айылдык Кенешинин 2024-жылдын 20-январындагы №147 "2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Максутовдун отчету жана 2024-2025-2026-жылдарга социалдык –экономикалык өнугүү программасын (СЭӨП) бекитүү жөнундө" токтому

- Полное наименование: Орозбеков айылдык Кенешинин 2024-жылдын 20-январындагы №147 "2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Максутовдун отчету жана 2024-2025-2026-жылдарга социалдык –экономикалык өнугүү программасын (СЭӨП) бекитүү жөнундө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 147
- Дата принятия: 20.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000760>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23104/edition/1763/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Орозбеков айылдык Кенешинин 2024-жылдын 20-январындагы №147 "2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Максутовдун отчету жана 2024-2025-2026-жылдарга социалдык –экономикалык өнугүү программасын (СЭӨП) бекитүү жөнундө" токтому (ред. от 20.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000760

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын

2024-жылдын 20-январы №147 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Максутовдун отчету жана 2024-2025-2026-жылдарга социалдык –экономикалык өнугүү программасын (СЭӨП) бекитүү жөнундө

Кун тартибиндеги маселе боюнча Орозбеков айыл өкмөтүнун башчысы З.Н.Максутовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы З.Н Максутовдун айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын жыйынтыгы боюнча аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Айыл аймакта административдик- аймактык реформа жүргузүлүп жаткандыгына байланыштуу, Орозбеков айыл аймагынын 2024- жыл үчун түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы(СЭӨП) өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

3. Айыл өкмөтүнө (З.Н.Максутовго) 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш-чараларын ишке ашырууда кошумча каржы булактарын табуу жагы сунушталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер, социалдык маселелер жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

Төрага: О. Ибрагимов

Орозбеков айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчу сессиясынын №147 токтомуна тиркеме №1

Кыргыз Республикасы Баткен областы Кадамжай району

2024-жылга Орозбеков айыл аймагынын өнүгүү программасы

«Кандай программа болбосун, ал эл колдоосуна ээ болуп, региондун жана элдин кызыкчылыгын көздөгөн, турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталган болуусу керек»

“Байлык-элде, жерде жана эмгекте”

Учкун айылы- 2024-ж.

Мазмуну: I-бөлүк. Орозбеков айылынын азыркы күндөгү абалы Орозбеков айылдык аймагынын башчысынын кайрылуусу Кыскартуулар Айылдык аймак боюнча кыскача маалымат (социалдык паспорт) II-бөлүк. Өнүгүүнүн стратегиясындагы иш-чаралар

1. Орозбеков айыл аймагынын өнүгүү программасынын иш-чаралары:

- айыл аймагына ыйгарылган 22 милдет боюнча кабыл алынган иш-чаралар

-жана жогорудагы иш-чаралардан тышкары жергиликтүү бюджеттен курулуп жаткан курулуштар жана иш-чаралар. (25 милдет негизинде кабыл алган иш- чаралардын аткарылышы айылдык кеңештин сессиясында квартал сайын каралат жана 25 иш-чаранын ичинен ири иш-чаралар райондун Өнүгүү программасына камтылат)

- айыл аймактын аймагында республикалык бюджет эсебинен курулуп жаткан социалдык имараттардын курулушу жөнүндөгү иш-чаралар

(бул иш чаралар толугу менен райондун Өнүгүү Программасындагы иш-чарасына камтылат, айыл аймагы жана райондук мамлекеттик администрациясы курулуп жаткан имараттарды көзөмөлдөйт)

- донорлор, кредиттик уюмдар жана чет элдик грант эсебинен курулуп жаткан жол, суу, чек ара, электр энергия тармагындагы курулуштар жана социалдык имараттар жөнүндөгү иш-чаралар.

(бул иш чаралар толугу менен райондун Өнүгүү Программасындагы иш-чарасына каьтылат, айыл аймагы жана райондук мамлекеттик администрациясы курулуп жаткан имараттарды көзөмөлдөйт)

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кириш сөзү

Урматтуу Орозбеков айыл аймагынын тургундары!

Сиздер менен биз жаны доорду кабыл алуу менен өлкөнү санариптештирүүгө кадам коюп жаткан мезгилибиз. Биздин артыбыздан келечектин жаны муундары өсүп келе жатат, биз алар менен бирге ата-бабаларыбыз жолун улап, бизге чейинки муун калтырып кеткен жетишкендиктерди толуктап, аларды улантуубуз зарыл. Бул үчүн айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы керек. Туруктуу өнүгүү – адамзат коомунун өз ара жана табият менен болгон биримдиги болуп саналат. Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы 2024- 2026-жылга чейин туруктуу өнүгүүсүнүн максаттарын, приоритеттерин жана милдеттерин аныктайт. Андан сырткары бул программанын негизги максаты – жакынкы келечекте айыл аймактын жашоосун азыркы мезгилдин талабына ылайык, инфракструктурасын жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, жергиликтүү бийликтин кылган иш- аракеттери көрсөтүлгөн. Бул программаны иштеп чыгуу максатында, Орозбеков айыл өкмөтүнун 2024-жылдын 18-январдагы №01-14/07 буйругуна негизинде 13 кишиден турган жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топтун курамында ар тармактын өкүлдөрү катышып, айыл аймагыбыздын жакынкы 1 жыл аралыгында ыкчам жана туруктуулук менен өнүгүү багыттарын аныктап, өнүгүү жолдорун чагылдыруучу документти иштеп чыгышты. Ошондой эле бул программаны иштеп чыгууда, айыл аймагыбыздын 2026-жылга чейинки башкы стратегиялык планынын иш-чаралары эске алынды.

Бул программага Орозбеков айыл аймагынын соңку жылдардагы негизги экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын жана 2024-2026-жылдардагы негизги макроэкономикалык жана микроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу пайдаланылды. Муну менен катар, албетте жаштарыбыз маданияттуу чөйрөдө жана жогорку моралдык коомдун өнүгүүсү үчүн, биздин айыл аймагыбызда ыңгайлуу, сергек, бай жашоо болуусу шарт. Ошондой эле жеткиликтүү билим алууга, кызмат көрсөтүүдөгү бийиктиктерди багындырууга, жаны муунубузду татыктуу тарбиялоого милдеттүүбүз. Эгерде социалдык-экономикалык программада көрсөтүлгөн милдеттерди иш жүзүнө ашырууга жалпыбыз салым кошсок, айыл аймагыбызда чон ийгилик жаралаарына терең ишенем. Бул айылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы элдин турмуш шартын, жашоо - руханий деңгээлин көтөрүү менен жергиликтүү өз алдынча органдарынын ролун жогорулатуу максатын көздөйт. Айыл аймак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили келди. Айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсү бул – региондун социалдык –экономикалык өнүгүүсү, азыркы муундун жыргалчылыгына келечек муундун жыргалчылыгы шайкеш келиши турак-жай – коммуналдык чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, айыл чарба тармактарын мезгил талабына жараша өнүктүрүү, коомдук коопсуздук, жаштардын,социалдык аяр катмарлардын өнүгүүсун жана миграциянын, зордук-зомбулуктун, жумушсуздуктун азайышын, курчап турган чөйрөнүн орду толгус бузулуп кетишинен сактоо, мыйзам-ыйман талаптарына ылайык гармондуу коопсуз, коомдук мамилени орнотуу ж.б. камтыйт .

Ошондуктан, жаңы кырдаалды баалап, алдыга туруктуу өнүгүү максатында ушул программаны даярдоо зарыл болду.

2. СЭӨПны даярдоо үчүн ченемдик-укуктук негиз

2. КР Конституциясы;

3. КР Бюджеттик кодекси;

4. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамы;

5. Туруктуу өнүгүүнү стратегиялык жактан пландоо боюнча методология, (КР Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы №45 Буйругу менен бекитилген)

6. Шаарлардын жана айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоо боюнча ЖӨБО үчүн усулдук колдонмо (Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А жана ЖӨБЭММАнын 2018-жылдын 16-майындагы №1-18/56 биргелешкен буйруктары менен бекитилген)

7. Жергиликтүү деңгээлде программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби тууралуу нускама (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 23-июлундагы №69-Б Буйругу менен бекитилген).

Кыскартылган сөздөр

АО - Айылдык округ ЖУА – Жамааттык уюмдар ассоциациясы АК – Айылдык Кенеш СПТ – Стратегиялык пландоо тобу МО – Мамлекеттик орган БП – Биргелешкен пландоо СӨП – Стратегиялык өнүгүүнү пландоо СЭП - Социалдык-экономикалык программа АЧК – Айыл-чарба кооперативи СӨ – Стратегиялык өнүгүү КМ – Коммуналдык менчик КӨК– Коодинациялык өнүгүү Кенеши ЖУ – Жамааттык уюм МБО – Мамлекеттик бийликтин органдары МЭУ – Мамлекеттик эмес уюм ЖӨАБ – Жергиликтуу өз алдынча башкаруу ЧОБ – Чакан орто бизнес ММ – муниципалдык менчик ЭУ – Эл-аралык уюм ЖОФ – жергиликтүү өнүктүрүү фонду КМин – Каржы министри

ЖМС – Жеке-менчик сектору.

II-бөлүк. Өнүгүүнүн стратегиясы 2024-жыл

Орозбеков айыл аймагынын өнүгүү программасынын иш-чаралары:

2024-жыл үчүн

Орозбеков айыл аймагынын 25 милдети боюнча кабыл алынган иш-чаралары:

5. Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу

Бардыгы:

14466,0

2766,0

3700,0

8000,0

1.

2.

3.

4.

Кош-Дөбө,Учкун,Кудук айылдарына жана Өндүрүш айылдарынын (Курманжан Датка көчөсү) 2 км. ден 25 км.ге чейинки аралыгына таза суу түтүкчөсүн тартуу

Күлдү айылын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Дам арыкты (800 метр) капиталдык ремонттон өткөрүү.

Айыл аймактагы скважиналарды калыбына келтирүү

Кайынды-Охна каналынын лотокторун калыбына келтирүү

8750,0

516,0

5200,0

750,0

516,0

1500,0

3700,0

8000,0

2024-ж.

2024-ж.

2024-ж.

ЖӨАБ

ЖӨАБ

ЖӨАБ

4. Калкты ичүүчү суу жана сугат менен камсыз кылуу

Бардыгы:

24812,5

20476,9

4335,6

1

Жергиликтүү бюджетти КР аракеттеги мыйзамдарынын негизинде АК бекитүү

24812,5

20476,9

4335,6

ЖӨАБ, Айылдык кенеш

3.Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу

Бардыгы:

19680,0

550,0

1880,0

1050,0

3

Ички аралык көпүрөлөр

18200,0

200,0

1800,0

2024-ж.

ЖӨАБ

2

Ички арыктарды ондоп- түзөө

1400,0

350,0

1050,0

2024-ж.

ЖӨАБ

1

Билим берүү тармагы

80,0

80,0

2024-ж.

ЖӨАБ

2.Муниципалдык менчикти башкаруу

Бардыгы:

23824,9

5405,0

7837,9

12070,0

2024-ж.

ЖӨАБ

12

Орозбеков айылындагы “Баластан-Охна” балдар бакчасынын айланасына тосмо куруу

100,0

100,0

2024-ж.

ЖӨАБ

11

Кош-Дөбө айылындагы “А.Орозбеков” атындагы стадионду ондоп- түзөө

1400,0

1400,0

2024-ж.

ЖӨАБ

10

Зар участкасына газ түтүктөрүн тартуу, KOICA

1120,0

250,0

870,0

2024-ж.

ЖӨАБ

9.

“С.Тешеев” орто мектебинин полун бүтүрүү

550,0

200,0

350,00

2024-ж.

ЖӨАБ

8.

Учкун айылындагы кичи футболдук аянтчаны ишке берүү

200,0

200,0

2024-ж.

ЖӨАБ

7.

А.Орозбековдун музейин реконструкциялоо

1200,0

1200,0

2024-ж.

ЖӨАБ

6.

Беккари ямасын куруу

780,0

280,0

500,0

2024-ж.

ЖӨАБ

5.

Орозбеков айылынын Жоокесек-Коргон участкасындагы тротуарды асфальттоо

1100,0

250,0

850,0

2024-ж.

ЖӨАБ

4.

Кыргызстан 60 жылдыгы көчөсүнө асфальт төшөө

2347,904

350,0

2312904,0

2024-ж.

ЖӨАБ

3.

Кош-Дөбө а. Кудук айылына чейинки аралыкты жарыктандыруу

4500,0

675,0

3825,0

2024-ж.

ЖӨАБ

2.

CASA-1000 мөмө- жемиштерди кургатуучу борбор

5700,0

1200,0

2024-ж.

ЖӨАБ

1.

Мөмө- жемиштерди сактоочу муздаткыч, KOICA

10500,0

500,0

10000,0

2024-ж.

ЖӨАБ

1

КР Өкмөтү тарабынан жеткирилген макроэконмикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү темпин камсыз кылуу

Айыл өкмөтү

1. Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, инвестицияларды жана гранттарды тартуу

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

Айыл өкмөт

Рай он

Калк

Рес пуб ли ка

Инвести ция

Донор

Кредит

№

Иш-чара

Керектелүүчү акча кара жат мин.сом

Каржы булактары

Атка руу мөөнө тү

Аткарууга жооптуу-лар

Жыйынтык

Орозбеков айыл аймагынын башчысы: З.Н.Максутов

Орозбеков айыл аймагынын башчысынын орун басары: А.А. Акматов

Орозбеков айыл аймагынын жооптуу катчысы : Р.Толобаева

Орозбеков айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы: Н.К.Мурзахматов Бекитилди

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын эксперттик тобу

Кадамжай мамлекеттик администрация башчысы-аким: Баяке у. Болоткан

Кадамжай мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары: Б.Коргонбаев

Социалдык- экономикалык өнүгүү секторунун башчысы: М.Эшатов

Жактырылды

КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын эксперттик тобу

КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн башчысынын биринчи орун басары: М.Тулаев

Регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы: Б.Имаралиева

Регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси: А.Сейитказиев
