# Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын 21-ноябры № 26/1 "Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын 21-ноябры № 26/1 "Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26/1
- Дата принятия: 21.11.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.11.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000610>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23005/edition/1603/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.11.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын 21-ноябры № 26/1 "Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 21.11.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000610

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясы 2023-жылдын 21-ноябры № 26/1 Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 20-ноябрындагы отурумунун №9 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарындагы С.Шарипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоого 2112,0 миң сом, Ай-Шооласы балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 650,0 миң сом, Булбулча балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 650,0 миң сом, жалпысынан 3 долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3412,0 миң сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.

2.Жогорудагы долбоорлорду 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага А. Хасанов
