Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясы 2023-жылдын 21-ноябры № 26/1 Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 20-ноябрындагы отурумунун №9 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы С.Шарипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоого 2112,0 миң сом, Ай-Шооласы балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 650,0 миң сом, Булбулча балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 650,0 миң сом, жалпысынан 3 долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3412,0 миң сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
2.Жогорудагы долбоорлорду 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · Утратил силу