Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин «Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 12-январы № 2
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө
Мин-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы,айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин долбоорун угуп,талкуулап чыгып токтом кылат: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин көлөмү киреше,чыгашасы менен 11643,4 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн :
-Теңдөөчү грант
-5962,7 миң сом
-Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
-3047,0 миң сом
-Патенттин негизинде салык
-74,8
-Турак жай эмес имаратка жана мүлк салыгы
-13,1 миң сом
-Жеке жактардын транспортук каражаттарыны мүлк салыгы
-313,4 миң сом
-Жанаша,короо-жай жана багбанчылык-огород жер участогуна мүлк салыгы
-109,5 миң сом
-Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы
-56,5 миң сом
-Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара акысы
-489,7 миң сом
-Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым
-201,6 миң сом
-Калктуу клнуштарда жер ижарасы үчүн акы
-48,0 миң сом
-Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн жыйым
-207,1 миң сом
-Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын,курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы
-25,0 миң сом
-Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым
-30,0 миң сом
-Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча көрсөтүү үчүн
-1005,0 миң сом
-Кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы
-60,0 миң сом
Чыгаша бөлүгү 11643,4 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
1.Башкаруу аппаратына
-5102,3 миң сом
2.Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
-150,0 миң сом
3.Экономикалык маселелер бөлүмүнө
-134,4 миң сом
4.ЖКХ бөлүмүнө
-2119,9 миң сом
5.Маданият бөлүмүнө
-1043,3 миң сом
6.Билим берүү бөлүмүнө
-1720,5миң сом
7.Социалдык коргоо бөлүмүнө
-308,0миң сом
8.Атайын каражат
-1065,0миң сом
2. 2024-жылга белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы,соц.фонд,коммуналдык чыгымдар ж.б.).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары белгиленген суммадан ашык түшсө,ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык аймактык кеңештин сессиясына сунушталсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда статьядан статьяга,кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5. Бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде,айылдык аймактык кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү сунушталсын.
6. 2023-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2024-жылга 2,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп,жыл ичинде керетүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып,жылдын этегине чейин эсептик счетто сакталсын
7. 2024-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 150,0 миң сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
8. Ошондой эле “КРнын бюджеттик укутун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын” 21-статьясынын негизинде 2024-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1% инин эсебинен 100200 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп,айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
9. 2024-жылдын бюджетинин киреше,чыгаша бөлүктөрү мыйзамдуулукта аткаруу,максатсыз жумшоолорго жол бербөө,казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо,өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкалар) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун,ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
11. Салык Кодексинин 328-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
12. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын чегерүүнүн коеффициенти К1=1,034 болуп белгиленсин.
13. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
14. КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары билим берүү министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
15. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы,соц.фондго чегерүү ж.б.)жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
16. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын.Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин.
17. Жергиликтүү бюджеттин 2025-2026-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин.
а) 2025-жылга бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен)
-12357,9 миң сом
анын ичинен:жергиликтүү салыктардын чегерүүсү
-5306,2 миң сом
теңдөөчү грант
-5962,7 миң сом
атайын каражат
-1089,0 миң сом
б) 2026-жылга бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен)
-12867,9 миң сом
анын ичинен:жергиликтүү салыктардын чегерүүсү
-5816,2 миң сом
теңдөөчү грант
-5962,7 миң сом
атайын каражат
-1089,0 миң сом
18. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Т.Койчубаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.