# Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-майындагы № 30 "Топографиялык тартууларды жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-майындагы № 30 "Топографиялык тартууларды жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30
- Дата принятия: 24.05.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.05.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000337>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22879/edition/1233/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.05.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-майындагы № 30 "Топографиялык тартууларды жүргүзүү жөнүндө" токтому (ред. от 24.05.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000337

---

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 24-майы № 30

Топографиялык тартууларды жүргүзүү жөнүндө

Саркынды сууларды тазалоочу жай куруу максатында Тамчы айылынын топографиялык тартуу иштерин жүргүзүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ №131 “ Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Тамчы айыл аймагынын Тамчы айылына саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн топографиялык тартуу иштерин жүргүзүүгө акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.

2. Иш-кагаздарын тез аранын ичинде даярдоо жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Долбоорлук-сметалык документ (ПСД), жумушчу долбоор (рабочий проект) жасоо иштерин жүргүзүү үчүн акча каражат сырткы булактардан каралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин бюджет, финансы, экономика,салык, инвестиция тартуу, муниципалдык транспорт, өнөр жай, ЖӨАБ, башка органдар менен иш алып баруу жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

Төрага

Э.А.Мамбетов
