Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нариман айылдык кеңешинин «Административдик аймактык реформа жөнүндө» токтому
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын отуруму 2023-жылдын 14-декабры №21/4 Административдик аймактык реформа жөнүндө Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы иш чаралар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 сандуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагыныда жайгашкан Жим, Жийделик, Жаңы-маала айылдарынын Ош шаарынын территориялык аймагына өтүүсү боюнча Жийделик айылынын 157,0 га жер аянты турак үйлөр жана жолдор, Жим айылынан 62,28 га турак жай жана жолдор, Жаңы-маала айылынан 20,23 га турак үйлөр жана жолдор, 47,16 га сугат айдоо аянттарын, Ош шаарынын аймагына бириктирүү маселеси, колдоого алынсын.
2. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык адеп боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы
Х.Ш.Артыкова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.