# Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-05 "Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-05 "Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19-05
- Дата принятия: 22.11.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.11.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000180>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22791/edition/1000/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.11.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-05 "Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.11.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000180

---

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы 2023-жылдын 22-ноябры №19-05 Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Нурабад айыл өкмөтүнүн Кайрагач-Арык айылында жайгашкан жер тилкелерине турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 04.04.1996-жылдагы № 21 чечиминин тизмесине ылайык Өзбекстан Республикасынын жараны 04.02.1963-жыл туулган Исаков Розивай Абдураззакович киргизилип идентификациялык номерлери 5-02-08-10010253 , 5-02-08-1001-0158 болгон эки жер тилкеси жана 20.07.1998-жылдагы Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн № 45 чечиминин тизмесине ылайык Өзбекстан Республикасынын жараны 01.04.1976-жылда туулган Мухаммедов Аброрбек Махмудович киргизилип идентификациялык номерлери 5-02-08-1001-0254 жер тилкелери берилип кеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы “Жер Кодекси” жөнүндө 45-Мыйзамынын 5-статьясына ылайык , Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Араван райондук бөлүмүнүн 18.10.2023-жылдагы 03-31/119 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-январындагы № 28-Мыйзамы менен Нурабад айыл өкмөтү Тепе-Коргон айыл өкмөтүнөн бөлүнүп , өз алдынча айыл өкмөт болуп түзүлгөндүгүн эске алуу менен Нурабад өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:

1. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 04.04.1996-жылдын № 21 чечиминин тизмесине өзгөртүүлөр киргизилип, Өзбекстан Республикасы жараны 04.02.1963-жылда туулган Исаков Розивай Абдураззаковичти тизмеден чыгарууга макулдук берилсин.

2. Өзбекстан Республикасынын жараны 01.04.1976-жылда туулган Мухаммедов Аброрбек Махмудовичке жер тилкеси берилип кеткендигине байланыштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 20.07.1998-жылдагы № 45 чечимин жокко чыгарууга макулдук берилсин.

3. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 чечиминин тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча калган тизме өзгөртүүсүз калтырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н. Махамматов
